91鶹

American University of Central Asia - AUCA - Transcription 1

Talantaaly Bakchiev - Transcription One

T1

Talantaaly Bakchiev, 'Birth of Manas', recorded 31 October 2017

Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available

Transcription below by Alymkan Jeenbekova

(Note: this performance begins with a spoken introduction)

Кечээ Хан Жакып оо дүйнө сапар тартканда аркада калган он уулу туш тарапка чачырап бири Канкайга, бири Алтайга, бири Урумга, бири Крымга, бири Кангайга, бири Кытайга качып, ошентип, Жакып ортончу уулуна буюрган экен. Алтайдан орун алган. Жети жыл өмүр сүрүп жашы өөдүлүп кырктан өтүп. Ошондо бай Жакыптын зары келип, Кудайга зарын айтып: жашым өтүп баратат уул көрбөй өтөмбү бу жалгандын өзүнөн? Көрүнгөндөн кеп уктум. Ар кимиси ар кандай айтат. Ушу Жакып бу дүйнөдөн куу баш болуп өтөбү? Жыйган тергени ким үчүн? Жыйган малы ким үчүн? - деп мына ошо жерден

Миң күндөрдүн бири экен,
Кудайдын сүйгөн күнү экен,
Бейшембинин күнү экен,
Жуманын кадыр түнү экен,
5 Ошондо көргөн бүгүн жокпу?
Адам алдамчы экен ай дүйнө бок?
Адам бүгүн ой көргөн эртең жок,
Ушундай гана экең дүйнө шок, ээй.
Ошол кезде сурасаң,
10 Өзүң көргөн баягы,
Бакбергендин Чыйырды,
Бейшембинин күнүндө,
Жуманын кадыр түнүндө,
Он эки канат өргөөдө,
15 Он эки кабат төшөккө,
Жаткан экен жарыктык,
Оң жагында бай Жакып,
Ары-бери толгонуп,
Бейшембинин күнүндө,
20 Таң агарып сүргөндө,
Ошо кезде Чыйырды,
Чымындай жаны чыркырап,
Ыйлап турду буркурап,
Айланыйын байым деп,
25 «Азыр жатып түш көрдүм,
Оо жагымдуу бир иш көрдүм.
Түндө жатып түш көрдүм,
Түйшүккө салар иш көрдүм.
Таңга маал түш көрдүм,
30 Таңгала турган иш көрдүм.
Жана жатып түш көрдүм,
Жагарлык бир иш көрдүм
Айланыйын, байым» — деп,
Мына ошондо Чыйырды
35 Чымындай жаны чыркырап,
Ыйлап турду буркурап,
Бай Жакыпты ойготуп,
Козголсоң боло байым, — деп,
Койгун, тургун байым, — деп
40 Айта турган кебим бар
Азыр жатып түш көрдүм,
Адам көргүс иш көрдүм.
Деп ошентип Чыйырды,
Чымындай жаны чыркырап,
45 Муну айтып турганда,
Ошо кезде жарыктык,
Оң жагынан обдулуп,
Обун таппай уйкунун,
Сол жагына толгонуп.
50 Сообун таппай уйкунун,
Өзүң көргөн бай Жакып,
Кандай шумдук болду деп,
Ошондо Чыйырдыны караса,
Ошол кезде энекең,
55 Айтып турду Жакыпка,
Айланайын байым,— деп,
Укчуң айткан сөзүм деп,
Айланайын кудурет,
Жараткандын бергенин,
60 Жазбай айтып берейин,
Эмиң айтып кетейин,
Чымындай болгон чыркырап,
Өзүң көргөн энекең,
Айланайын кудурет,
65 Төрөң Манас көк жалдын,
Төрөлгөнүн айтайын,
Көзөл энең Чыйырды,
Көз жарганын айтайын.
Ошол кезде Чыйырды,
70 Бай Жакыпка муну айтат.
Ооо азыр жатып түш көрдүм,
Айланайын байым,— деп,
Ооо адамга жагар иш көрдүм,
Атаңдын көрү дүнүйө,
75 Ооой менин атам Бакберген,
Бу дүйнөдөн өткөнү,
Жети жылдай болду эле.
Жети жылдан бери карай,
Атакемдин алдына,
80 Курмандык бир чалбадым,
Алдынан өтүп албадым,
Арбагына багыштап,
Ай-туякка чалбадым,
Айланайын кудурет,
85 Колдой көргүн бул ирет,
Менин атам Бакберген,
Оой өзү кудай жолунда,
Аса таяк колунда,
Оо кудай бетин салбай кал,
90 Оң колунда атамдын,
Бышкан кызыл алма бар,
Аман-эсен көз жар деп,
Мына ошондо атакем,
Ак алманы берди дейт,
95 Ошону менен карасам,
Кайда экени билинбей,
Караса көзгө илинбей,
Ооо жараткан кудурет,
Кайым болду көрдүңбү?
100 Айланайын байым, деп,
Өзүң көргөн Чыйырды,
Айтып турду байына,
Ооо айланайын байым,— деп,
Укчуң айткан сөзүм деп,
105 Оо атакемдин алдына,
Курман болуп кетейин.
Ооо ай туякка чалууга,
Ооо Көк-Аладан көптөн бар,
Оой Сары-Аладан сандан бар,
110 Ооо жылкылардан канча бар,
Ай туякка чалууга,
Атаганат дүнүйө,
Атакемдин арбакка,
Багыштап малды тарткың деп,
115 Мына ошентип айтканда,
Ошо кезде жарыктык,
Өзүң көргөн бай Жакып,
Ак дамбалчаң дардактап,
Ооо тура калды төшөктөн,
120 Ооо баң-баң-баң-баң-баң басып,
Багалегин чаң басып,
Он эки канат төргөөдөн,
Атакең чыкты көрдүңбү?
Акбалтаны чакырып,
125 Ооо Балта, Балта, Балта — деп,
Айланайын Акбалта,
Оой таң кашкайып сүргөн,— дейт,
Таң Чолпон жылдыз кирген,— дейт,
Ооо ошо кезде бай Жакып,
130 Акбалтаны чакырса,
Ошо кезде Акбалта,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Кандай шумдук болду? — деп,
Мына ошондо жарыктык,
135 Оой айланайын кудайым,
Жакын басып келген дейт,
Оой кудай урду байым,— деп,
Ооо кыр жагында кытай бар,
Кытай каптап келдиби?
140 Капталында калмак бар,
Каптап кирип келдиби?
Атаганат дүнүйө,
Оң жагында ойрот бар,
Оой оңдурбай ойрот келдиби?
145 Сол жагында солоң бар,
Оой соолутуп солоң келдиби?
Айланайын кудурет,
Кандай шумдук болду? – деп,
Мына ошондо Акбалта,
150 Сообол салса Жакыпка,
Мына ошондо бай Жакып,
Айтып турат Балтага:
«Айланайын Акбалта,
Ооо карыганда катынды
155 Ооо кудай урду кантейин?
Оой эптеп тапкан малымдын,
Эсебин эми табабы?
Ооо катынымды жин урду,
Жин урганда дин урду,
160 Атаганат дүнүйө,
Эптеп тапкан малымды,
Оой курмандыкка чалгын»,— деп,
Азабыңды берди,— дейт,
Атаганат дүнүйө,
165 Арды мээнет күнүгө,
Эми кокуй кантем деп,
Мына ошондо бай Жакып,
Жакып жайын сураба,
Жакып жайын сурасаң,
170 Ошо кезде бай Жакып,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Оой сараңдыгы болжосуз,
Саар эсеп жан экен,
Оой жетим менен жесирге,
175 Оой чычкак улак бербеген,
Сараңдыгы болжосуз,
Мына ошондой жан экен.
Ошо кезде Акбалта,
Айланайын кудурет,
180 Эми кандай кылам? — деп,
Мына ошентип алганда,
Бай Жакып айтат мындай деп:
«Оой Карагырдын ойунда,
Оой кара аладан канча бар?
185 Сары аладан сандан бар,
Камбар-Ата даарыган,
Касиеттүү малдан бар,
Айланайын Акбалта,
Курмандыкка чалууга,
190 Ай туякка чалууга,
Оой айланайын Акбалта,
Алып келгиң малды деп,
Мына ошентип айтканда,
Макул, макул, макул,— деп,
195 Бул айтканың акыл деп,
Айтканыңдай кылам! – деп,
Ошо кезде Акбалта,
Атаганат дүнүйө,
Кудай бетин көргөзбө,
200 Астындагы минери,
Өзүң көргөн баягы,
Көкчолокту алкынтып,
Аркы-терки камчы уруп,
Оң-тетири теминип,
205 Мына ошондо жарыктык,
Күнү жүрдү күйүгүп,
Түнү жүрдү түйүлүп,
Күн эки күн жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп,
210 Мына ошондо Акбалта,
Атаганат дүнүйө,
Кудай бетин салбай кал,
Карагырдын ойуна,
Күн эки күн жол жүрүп,
215 Күгүм кирип калганда,
Эми жетип барганда,
Ошо кезде баягы
Жылкычы башы Ыйман дейт
Ой Ыйман, Ыйман, Ыйманым!
220 Ыйман кайда кеттиң? - деп
Кайра бери тарткың атты! – деп
Мына ошентип турганда
Ошо кезде баягы,
Өзүң көргөн Ыйманың
225 Кандай шумдук болду? – деп,
Кирип келген жоо барбы?
Каптап келген доо барбы?
Айланайын Акбалта,
Деп ошентип турганда,
230 Ошо кезде Акбалта,
Айтып турат Ыйманга,
Айланайын Ыйманым,
Оой бай Жакыптын ой айтканы,
Кан буйругу ай бир болот, эй,
235 Эки гана кылар ар барбы?
Айтарым гана ушул угуп кой,
Сан жылкынын гана ой ичинде,
Камбар-Ата гана даарыган,
Касиеттүү гана Балта,
240 Деп,— ошентип айтканда,
Ошо кезде Ыйманың,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Кудай бетин көргөзбө,
Калың жылкы аралап,
245 Издеп тандап жүрдү дейт,
Ал аңгыча болгон жок,
Жылкы четте турган дейт,
Айланайын Акбалта,
Ыйманды эми чакырып,
250 Кагылайын Ыйманым,
Кайсы бирин айтайын,
Тетиги жылкынын четинде,
Атаганат дүнүйө,
Байтал бар бекен,
255 Курмандыкка чалууга,
Ылайыктуу мал экен,
Деп ошентип айтканда,
Ошол кезде Ыйманың,
Койгун, койгун, койгун,— дейт,
260 Айланайын Акбалта,
Ой мунуң жилине карыш болгон,— дейт,
Тууй турган малы,— дейт,
Оой тууп калса кула бээ,
Атаңдын көрү дүнүйө,
265 Ооо өзүң көргөн Чыйырды,
Ошонун уулуна ээнчилеп койгон мал эле,
Деп,— ошентип айтканда,
Ошо кезде жарыктык,
Өзүң көргөн Чыйырды,
270 Эми аны койуп туралы,
Ошондон кабар алалы.
Кайран энең Чыйырды,
Чымындай жаны чыркырап,
Иий белим кокуй белим,— деп,
275 Белимди кокуй жеди,— деп,
Иий балтырым кокуй балтырым,
Балтырым кетти союлуп,
Оой соогончогум оюлуп,
Иий башым кокуй башым,— деп,
280 Иий төбөм кокуй төбөм,— деп,
Төбөмдү кокуй жээди,— деп,
Оой кокуй эми кантем,— деп,
Мына ошондо Чыйырды,
Толгоо тартып калган,— дейт,
285 Толгоосу канча күн болду?
Оой жанында жүргөн бир жан жок,
Мына ошондо энекең,
Оой деп кыйналып алган,— дейт,
Атаганат дүнүйө,
290 Ооо бери кел! — деп чакырды,
Багып алган кызы,— дейт,
Оой билген адам кеп айтат,
Асырап бакан кызы эле,
Анын аты Каракыз,
295 Айта берсең ушундай,
Атаганат дүнүйө,
Билбеген адам кеп айтат,
Ушу турган Каракыз,
Карлыгач экен,— деп айтат,
300 Мына ошондо Чыйырды,
Каракыз! – деп чакырды,
Бери кел! – деп бакырды,
Айланайын Каракыз,
Айта турган кебим бар,
305 Укчу кокуй кызым,— деп,
«Атаганат дүнүйө,
Тээтигинде көрдүңбү?
Кечээ мен жаңы Алтайга келгенде,
Ошо кезде жарыктык,
310 Ооо Ала-Тоого келгенде,
Ошо кезде сурасаң,
Жалгыз чырпык сайгамын,
Ошо чырпак Чынар болуптур,
Ал Чынардын түбүндө,
315 Атаганат дүнүйө,
Буркулдаган булак бар,
Ал булакка барып кел.
Чоң торпоктун чоң чанач,
Керегеде илинген,
320 Толтура сууну куюп кел,
Кырк чырпыкты кыйып кел,
Айтарым ушул угуп кой»
Деп ошондо баягы,
Өзүң берген энекең,
325 Айтып турса бу кызга,
Ошо кезде Каракыз,
Соогончогу так этип,
Май куйрукка шак этип,
Таң, таң, таң, таң, таң, таң,— деп,
330 Мына ошондо жарыктык,
Керегеде илинген,
Чоң торпоктун чоң чанач,
Аны алып колуна,
Чоң өгүздү койгулап,
335 Жөнөп калды көрдүңбү?
Энеси айткан булакка,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Каракыз жайын сураба,
Каракыз жайын сурасаң,
340 Ошо кезде Каракыз,
Он экиде кыз экен,
Он экиде кыздар бар,
Эшикке чыгып сийе албайт,
Этегин тыңдап жаба албайт,
345 Эки сөздү кошо албайт,
Мына ошондо Каракыз,
Айланайын кудурет,
Мунун жайын сурасаң,
Бүбүлүгү бар экен,
350 Бүлүн күндө бүтөгөн,
Үзүлгөндү улаган,
Касиети бар экен.
Мунун жайын сурасаң,
Мунун жайын байкасаң,
355 Өзүң көргөн энекең,
Жаңы Алтайга келгенде,
Калмактын эски журтунан,
Таап алган кыз экен.
Алты айлык кезинде,
360 Асырап баккан кыз экен,
Ырымы болсо ушундай,
Артынан бала келсин деп,
Аласынан өткөрүп,
Мына ошондо энекең,
365 «Каракыз» деп ат койуп,
Ырым кылды ушундай.
Айланайын кудурет,
Маңдайга жазган ушу,— деп,
Артынан бала келсе,— деп,
370 Ырым кылган момундай.
Айланайын кудурет,
Ошол күндөн ушул күн,
Он эки жыл өтүптүр,
Баягы өзүң көргөн,
375 Балтыр бешик Каракыз,
Эми боконоң эти толуптур,
Айланайын кудурет,
Кудай бетин салбай кал,
Ошо кезде Каракыз,
380 Чоң торпоктун чоң чанач,
Алып алып колуна,
Чоң өгүздү койгулап,
Жөнөп калды Чынарга,
Айланайын кудурет,
385 Колдой көргүн бул ирет,
Эми аны коюп туралы,
Өзүң көргөн баягы,
Акбалтанын өзүнөн,
Ошондон кабар алалы.
390 Ошо кезде Акбалта,
Айланайын кудай, – деп,
Жаратканга жалынып,
Камбар-Ата караган,
Касиеттүү мал эле,
395 Кайыбынан кабылган,
Деп ошентип Акбалта,
Калың жылкы ичинен,
Айланайын кудурет,
Аа кунан бышты тандады,
400 Курмандыкка чалам деп,
Башына нокто салды,— дейт,
Аркы-терки койгулап,
Айланайын кудурет,
Күн эки күн жол жүрүп,
405 Ат аябай мол жүрүп,
Мына ошондо жарыктык,
Эми жете калганда,
Эми аны койуп туралы,
Бай Жакыптын өзүнөн,
410 Ошонон кабар алалы.
Ошо кезде бай Жакып,
Кеткени эки күн болду,
Качан келет Балта деп,
Капталында калмак бар,
415 Калмактар кармап алган кезиби?
Айланайын кудурет,
Каранымда кытай бар,
Кытайга кире качтыбы?
Балта качан келет? – деп,
420 Качан кабар берет? – деп,
Айланайын кудурет,
Өзүң көргөн бай Жакып,
Өөдө-төмөн көп басып,
Күңкүрөнүп күүлөнүп,
425 Ичинен Жакып сүйлөнүп,
Мына ошентип турганда,
Айланайын кудурет,
Ошо кезде баягы,
Өзүң көргөн Акбалта
430 Карап келди оолуга.
Айланайын байым,— деп,
«Атаганат дүнүйө,
Издегениң кабылды,
Издегениң табылды».
435 Деп ошентип айтканда,
Ошо кезде бай Жакып, эй,
Оо кудайдын гана кылган иши экен,
Жазатайып гана албасам,
Жаңылып айтып салбасам,
440 Ооо жараткандын бергени,
Жарыя гана кылып кетейин,
Мына ошондо баягы,
Өзүң көргөн гана бай Жакып,
Атадан калган актинте,
445 Актинтени гана колго алып,
Баягы жетеке келген кунанды,
Төрт аягын гана тең байлап,
Курмандыкка гана эми чалууга,
Күн батышты каратып,
450 Ошондо атадан калган гана Актинте,
Эми моюнга урарда,
Ошо гана кезде бу кунан ой,
Кайып болду көрдүңбү?
Кайда экени көрүнбөй,
455 Ооо көп түтүн болду көрдүңбү,
Кашыңда турган кара айгыр,
Оо кайда экени билинбей.
Караса көзгө илинбей,
Жерге гана танган каны жок,
460 Кармай турган жаны жок.
Мына ошондо кара айгыр,
Кайда экени билинбей,
Кайып болду көрдүңбү?
Ошо кезде бай Жакып
465 Бармак тиштеп баш чайкап,
Аң-таң болуп турду,— дейт,
Айланайын кудай ай,
Ой жараткан ий кудай ай,
Маңдайга жазган ушу экен,
470 Атаңдын көрү дүнүйө,
Кудайдын кылгын иши экен,
Мына ошондо баягы,
Өзүң көргөн Чыйырды,
Айланайын кудурет,
475 Толгоосу тогуз күн болуп,
Толготкон мындай күн болуп,
Ал аңгыча баягы,
Өзүң көргөн Каракыз,
Кирип келди оолуга,
480 Айланайын эне,— деп,
Айтканыңды кылам,— деп,
Кагылайын эне,— деп,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Кырк чырпыкты кыйдым,— деп,
485 Булактын суусун алдым,— деп,
Кагылайын энеке,
Эми кандай кылам? – деп,
Мына ошентип турганда,
Ошо кезде Чыйырды,
490 Айтып турду кызына,
Кээде эске кел алса,
Кээде эске кел албай,
Кээде тилге кел алса,
Кээде тилге кел албай,
495 Мына ошондо энекең,
Айтып турду кызына:
Мээнетиңден алайын,
Касиетиң ушундай,
Балекетиң алайын,
500 Садагаң кетип калайын,
Айланайын кызым» – деп,
«Тээтиги турган тай казан,
Тай казанга куйгун,— деп,
«Кырк чырпыкты салгын,— деп,
505 Тутандырып от койуп,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Суу кайната салгын,— деп,
Мына ошентип айтканда,
Ошо кезде Каракыз,
510 Күл-пүл ала болду,— дейт, ?
Көңдү калап калды,— дейт, ?
Ал аңгыча болгон жок,
Өзүң көргөн энекең,
Айланайын кудурет,
515 Эми кокуй кантем - деп,
“Кандай айла табам?”- деп
Отуруп калса тура албай,
Туруп калса жата албай,
Иий белим кокуй белим,— деп,
520 Белимди кокуй жеди,— деп,
Балаң эмес балэ,— деп,
Оой башымды кокуй жутабы?
Кантем кокуй кантем деп,
Ооо тоолго тарттым тогуз күн,
525 Токтоло турган күнүм,— деп,
Оой кантем эми кантем,— деп,
Оой өлө турган күнүм,— деп,
Мына ошентип тургуча,
Айтып оозун жыйгыча,
530 Ошо кезде баягы,
Өзүң көргөн энекең,
Ак бакаңды кучактап,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Ооо чарадай болгон көзүнөн,
535 Бөлөк-бөлөк жаш кетип,
Оой айланайын кудурет,
Оой каканак суусу шар этип,
Оой баланын үнү бар этип,
Ошо кезде баягы,
540 Бакырыгы баш жарып,
Ошо кезде бу бала,
Аягы менен тик түшүп,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Оой энекең бүк түшүп,
545 Кокуй эми кантем деп,
Оой жараткандын бергени,
Ошо кезде Чыйырды,
Кээде эске келалса,
Кээде эске келалбай,
550 Нары туруп гана басып кетти,— дейт,
Эки көзү сүзүлүп,
Оо жаны гана кетип барат үзүлүп,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Оо бир баланын гана айынан,
555 Энең гана кетип барат гана, аа дүйнөң ой,
Аны көргөн баягы,
Өзүң көргөн гана Каракыз,
Өөдө-төмөн жүгүрүп,
Керегеде илинген,
560 Доолбасын колго алып,
Койгулап гана калды көрдүңбү?
«Ой энекең, энекең, энеке биздин береке,
Кокуй өлбөй кал, энем өлбөй кал,
Ой кыямат гана жайды көрбөй кал,
565 Мендей шордуу бар бекен?
Атаңдын көрү дүнүйө,
Оо жетим калар гана күнүм барбы»,— деп,
Айланайын кудурет,
Мына ошондо Каракыз,
570 Өөдө-төмөн жүгүрүп,
Оо калбай бетин салбай кал
Бүүлүгүн кылган,— дейт,
Ооо күңгүрөнүп күүлөнүп,
Каракыз турду сүйлөнүп,
575 Аман-эсен калсын,— деп,
Умай энем ула,— деп,
Жаратканым жалга,— деп,
Ооо Көкө-Теңир колдо,— деп,
Ооо ата-баба арбагы,
580 Бүгүн бир мени колдо!— деп,
Оой энекемди жолдо,— деп,
Оой айланайын кудурет,
Оой жер-суу ээси колдосун,
Суу атасы — суу мерген,
585 Тоо атасы — тоо мерген,
От энеси — от эне,
Жер энеси — жер эне,
Бүгүн бир мени жалга,— деп,
Оо энекемди колдо,— деп,
590 Оо аман-эсен сууруп алгын,— деп,
Оо шум ажалдын оозунан,
Деп,— ошондо Каракыз,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Кудай бетин көргөзбө,
595 Оой чай кайнатым ошентип,
Ары-бери жүгүрсө,
Ошо кезде энекең,
Эсине келип калган,— дейт,
Сунган буту тартылып,
600 Жумган көзү ачылып,
Оой Каракызды караса,
Ошо кезде Каракыз,
Көзүнүн жашы он талаа,
Айланайын эне,— деп,
605 Ооо кантем кокуй кантем,— деп,
Энекей кокуй аман калгың,— деп,
Ой балаң менен балакет,
Оой энем аман калса,— деп,
Оой өзүң көргөн Каракыз,
610 Атаңдын көрү дүнүйө,
Кудай бетин көргөзбө,
Мына ошентип тургуча,
Айтып оозун жыйгыча,
Кайдан келди билбеймин,
615 Кайыбынан кабылып,
Карачаар кабылан,
Капталында камынып,
Көсө куйрук көк арстан,
Көт жагында чамынып,
620 Алп каракуш зумурук,
Ой ченгелин сунган арбайтып,
Канатын жайган калдайтып,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Кудай бетин көргөзбө,
625 Жети дөбөт, көк бөрү,
Тегеректеп курчаптыр,
Кырк чилтен кызыр Ильяз,
Ошо маал баарысы,
Оой тегеректеп калыптыр,
630 Муну көрүп Каракыз,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Кудай бетин көргөзбө,
Акыл-эстен таныптыр,
Оо өзүң көргөн баягы,
635 Өзүң көргөн энекең,
Ала калып колуна,
Тогуз кездей оромол,
Орой салды баланы.
Оң эмчегин салганда,
640 Оболкусу сүт чыгып,
Андан кийин суу чыгып,
Үчүнчүдө кан чыгып,
Байбичеден жан чыгып,
Ошо кезде энекең,
645 Айтып турду мындай деп:
«Айланайын кудай,— деп,
Чоң кайнатам Орозду,
Ошондон калган күмүш ок,
Күмүш октон колго алып,
650 Оозантмакка баланы,
Оозуна окту салганы,
«Тиштегениң ок болсун,
Тиктегени жок болсун,
Караганың ок болсун,
655 Катылганы жок болсун,
Жалаганы ок болсун,
Жандаганы жок болсун»
Деп,— ошондо энекең,
Ала калып колуна,
660 Атаганат дүнүйө,
Ушу турган баланы,
Мойнуна тумар гана кылып таккан,— дейт,
Ооо жараткан буйругу,
Мына ошондо баягы,
665 Өзүң көргөн Каракыз,
Эми эске келгени,
Эки аягын караса,
Энесин бала, эме кучактап,
Эркелетип турганы.
670 Ой энекең, энеке,
Энеке биздин береке,
Аман-эсен барсыңбы?
Мээнетиңди алайын,
Касиеттүү жан элең,
675 «Айланайын кызым,— деп,
Кызым аман барсыңбы?»
Деп ошентип Чыйырды,
Эркелетип бу кызды,
Алдына алып алды,— дейт,
680 Атаганат дүнүйө,
Эми анны койуп туралы,
Өзүң көргөн бай Жакып,
Ошондон кабар алалы.
Мына ошондо бай Жакып,
685 Айтып турган Балтага:
«Айланайын Акбалта,
Катыным кыз тууса,
Кабар бербей койгун,— деп,
Катыным кокус эр тууса,
690 Кабар кылып сүйүнчү,
Сүйүнчүңдү беремин,
Кабарлап айткын өзүмө,
Карарган кара көзүмө,
Бу жерге туруп нетейин,
695 Жылкыны көздөй кетейин,
Кара-Кырдын оюна,
Калың жылкы ичине,
Барып жатып алайын,
Качан келет кабар,— деп,
700 Сенден кабар күтүп турайын.
Деп ошондо бай Жакып,
Астындагы минээри,
Торучаарды койгулап,
Үзөнгүсүн ургулап,
705 Атаганат дүнүйө,
Басмайылы бош коюп,
Ошо куюшканын тартыптыр,
Мына ошондо жарыктык,
Күн эки күн жол жүрүп,
710 Ат аябай мол жүрүп,
Кара-Кырдын ойуна,
Кетип калган эмеспи.
Өзүң көргөн бай Жакып,
Өзүң көргөн Акбалта,
715 Ордодо калды көрдүңбү?
Атаганат дүнүйө,
Качан туат катын,— деп,
Атаганат дүнүйө,
Кудай бетин көргөзбө,
720 Жакшылыктан кабар деп,
Качан болор эми деп,
Мына ошондо Акбалта,
Күтүп жаты көрдүңбү?
Муну койуп туралы,
725 Үй ичинде баягы,
Чыйырды менен Каракыз,
Ошондон кабар алалы,
Өзүң көргөн Чыйырды,
Каракызга муну айтат:
730 Адам укус шумду айтат,
«Айланайын ардагым,
Мээнетиңди алайын,
Калага катын койбогун,
Айылга аял койбогун,
735 Көрө албаган көз жаман,
Сүйлөп койсо сөз жаман,
Айланайын кызым,— деп,
Айылдагы аялды,
Токойду көздөй айда,— деп,
740 Мына ошондо жарыктык,
Муну минтип айтканда,
Ошо кезде Каракыз,
Аттап-буттап чыккан,— дейт,
Айланайын айымдар,
745 Айылдагы катындар,
Бул жерге турбаңар,
Токойду көздөй кеткиң,— деп,
Мына ошентип турганда,
Атаганат дүнүйө,
750 Кудай бетин көргөзбө,
Ыңаалаган үн чыгып,
Тууй турган кези деп,
Атаганат дүнүйө,
Көз жарып алдың аман,— деп,
755 Мына ошондо катындар,
Күңкүрөнүп күүлөнүп,
Бир-бирине сүйлөнүп,
Катын эсен тууду деп,
Эркек бекен, кыз бекен?
760 Качан бизге айтат деп,
Мына ошентип турганда,
Ал аңгыча болгон жок,
Өзүң көргөн Каракыз,
Сүйүнчүлөп баягы,
765 Акбалтанын зайыбы,
Акчайымга муну айтат:
«Оой Акчайым эжеке,
Оой эжекең, эжеке,
Акчайым эжеке,
770 Укчу айткан сөзүмдү,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Оо сүйүнчү, сүйүнчү,
Жоо душманга күйүнчү,
Ой энекең кокуй эр тууду,
775 Ээр тууду, шер тууду»,
Деп,— ошентип айтканда,
Ээриккенде энекең,
Эркек тууду кантейин?
Жоголоордо энекем,
780 Жолдош тапты кантейин?
Айланайын эжеке,
Оой эжекең, эжеке»,
Деп ошентип айтканда,
Ошол кезде Акчайым,
785 Уктап жаткан Балтаны,
Атаганат дүнүйө,
Сен кандай байсың? — деп,
Коңурукту кош тартып,
Эчтеме менен ишиң жок,
790 Сыртың жалын ичиң чок,
Оой байдын катыны ээр тууду,
Оой сүйүнчү, сүйүнчү!
Деп ошентип Акчайым,
Акбалтага муну айтса,
795 Ошо кезде Акбалта,
Акыл-эске келе албай,
Тура калды ордунан,
Кандай шумдук болду? — деп,
Эмне болду кандай? – деп,
800 «Айтчы кайра кайталап,
Угуп турам сөзүңдү»,
Деп ошентип айтканда,
Ошо кезде Акчайым,
Акбалтага муну айтат:
805 «Бу жерге туруп нетесиң?
Бай Жакыпка баргын»,— деп,
Сүйүнчүлөп жетесиң,
Айтып баргын кабарды,
«Байбичеси Чыйырды,
810 Аман-эсен тууду де,
Тууганда да ээр тууду,
Аябаган шер тууду,
Колдогону кырк тогуз,
Жөлөгөнү кырк тогуз,
815 Жөнөттүрөр ар дайым,
Колдоп жүрөр ар дайым»,
Деп,— ошентип баягы,
Өзүң көргөн Акчайым,
Акбалтага муну айтса,
820 Ошол кезде Акбалта,
«Макул, макул, макул» — деп,
Айтканыңдай кылам,— деп,
Аманат кылган кеп эле
«Бай Жакыптын өзүнө,
825 Барып кабар берейин,
Бу жерге туруп нетейин?
Барса барып келейин»,
Деп,— ошондо баягы,
Өзүң көргөн Акбалта,
830 Атаганат дүнүйө,
Кудай бетин көргөзбө,
Маңдайга жазган ушу экен,
Ооо жараткан кудурет,
Көкчологун койгулап,
835 Үзөнгүсүн ургулап,
Айланайын кудурет,
Күн эки күн жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп,
Жетип барды баягы,
840 Өзүң көргөн бай Жакып,
Бай Жакыптын өзүнө,
Оой айланыйын кудурет,
Колдой көргүн бул ирет,
Оо сенин карыганда байбичең,
845 Оо кабылан тапты, сүйүнчү,
Оо ээриккенде байбичең,
Эрмек тапты, сүйүнчү,
Оо атаганат дүнүйө,
Оо байым кокуй байым,— деп,
850 Байбичең эркек тууду кантейин?»
Деп ошентип айтканда,
Ооо сүйүнчү, сүйүнчү
Жоо душманга күйүнчү.
Деп,— ошондо Акбалта,
855 Бай Жакыпка муну айтса,
Ошо кезде бай Жакып,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Кудай бетин көргөзбө,
Ошо кезде жарыктык,
860 Баягы өзүң көргөн Кула бээ,
Кулун тууп коюптур,
Ары-бери телчитип,
Жетекең алган кези экен,
Жетелетип эрмектеп,
865 Мына ошондо бай Жакып,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Катыным эркек туулса деп,
Оой энчилеп койчу кулун деп,
Мына ошентип ыроолоп,
870 Койгон экен баягы,
Өзүң көргөн бай Жакып,
Айланайын кудурет,
Колдой көргүн бул ирет,
Ал аңгыча баягы,
875 Акбалтадан кабарды,
Эми угуп алганда,
Кайталачы сөзүң деп,
Жалган эмес чынбы? — деп,
Атаңдын көрү дүнүйө,
880 Карыганда мен шоордуу,
Каралды таптым кудайым,
Жанды неге жараттың?
Жан кейитип жанымды,
Жаманаттык кылба деп,
885 Кул баш кылып атакка,
Кондурбагын өзүң деп,
Айланайын кудайым,
Жанды берет аманат,
Керек болгон учурда,
890 Ал жаныңды кайта алат,
Айланайын кудайым,
Көкө-Теңир колдо! — деп,
Ошо кезде жарыктык,
Умай энем ула,— деп,
895 Жер-Суу ээси колдо,— деп,
Өзүң көргөн бай Жакып,
Ошо кезде баягы,
Акбалтага кайрылып,
Кана айтчы кайта деп,
900 Мына ошентип турганда,
Ошо кезде Акбалта,
Ооо сенин жоголоордо байбичең,
Жолборс тапты, сүйүнчү!
Оо карыганда байбичең,
905 Оо кабылан тапты, сүйүнчү!
Оо ээриккенде байбичең,
Оо эрен тапты, сүйүнчү!
Оо Жакып кокуй кантесиң?
«Атаңдын көрү дүнүйө,
910 Кайталатып сөзүмдү,
Кудайга койдум өзүңдү»,
Деп,— ошентип жарыктык,
Өзүң көргөн Акбалта,
Кайталап айтып салганда,
915 Ошо кезде баягы,
Айтканыңдай болсун! — деп,
Айланайын Акбалта,
Ушу жерде баягы,
«Жадыбал жеткис жылкым бар,
920 Ошол жылкынын үчтөн бирин өзүң ал»,
Деп ошентип айтканда,
Ошол кезде Акбалта,
Бек сүйүнүп алган,— дейт,
Астындагы баягы,
925 Көкчологун койгулап,
Аркасынан бай Жакып,
Торучаарды ургулап,
«Айланайын кудурет,
Колдой көргүн бул ирет,
930 Аздык кылып баратса,
Айланайын Акбалта,
Тоо башында топоз бар,
Коолотумда коюм бар,
Аа жылгаамда жылкым бар,
935 Айланайын Акбалта,
Аздык кылып баратса,
Курмандыкка чалгын,— деп,
Ушу турган башымды,
Канымды төгүп берейин,
940 Канды ичип алгын,— деп.
Аздык кылып баратса,
Айланайын Акбалта,
Кантейин кокуй кантейин?
Карыганда мен шоордуу,
945 Каралды таптым, сүйүнчү!
Атаңдын көрү дүнүйө,
Оо жараткан кудай ай,
Оо кудайым сага сүйүнчү»,
Деп,— ошентип айтканда,
950 Ошо кезде жарыктык,
Күн эки күн жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп,
Күгүм кире күн бата,
Элдин аты дым жата,
955 Ошо кезде Ак Чийдинин төрүнө,
Эми жетип келгенде,
Өзүң көргөн баягы,
Чыйырдыдай энекең,
Чымындай жаны чыркырап,
960 Атаганат дүнүйө,
Эки бети тамылжып,
Нур чачылып калыптыр,
Төрөгөнүн көрдүңбү?
Көзөл энең Чыйырды,
965 Көз жарганын көрдүңбү?
Жаза тайып албасам,
Жараткандын бергени,
Жазбай айтып берейин.
Атаңдын көрү дүнүйө!
970 Маңдайга гана жазган ушу экен,
Ошону менен дүйнөгө,
Айкөл гана Манас кабылан,
Келгендиги ушу экен.

American University of Central Asia
7/6 Aaly Tokombaev Street
Bishkek, Kyrgyz Republic 720060

Tel.: +996 (312) 915000 + Еxt.
Fax: +996 (312) 915 028