91鶹

American University of Central Asia - AUCA - Transcription 1

Doolot Sydykov - Transcription One

D1

Doolot Sydykov, 'Birth of Manas', recorded 16 February 2018

Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available]

Transcription below by Alymkan Jeenbekova

Ээй Атаң Жакып кайгырып
Кара жандын өзүнөн
Кетүүчүдөй айрылып
Өөдө болосоң көлөктөп
5 Ылдый болсо жөлөктөп
Ала сакал калганда
Алтымышка чукулап
Атакең Жакып барганда
Артында туяк жок болуп
10 Мына ошондо атакең
Көпкө капа топтолуп
Көп кайгырып бөлүнүп
Эрдемсинген атаңдын
Көзүнөн жашы төгүлүп
15 Көрүнгөндөн кеп угуп
Куу баш тагып деп угуп
Ар кимден айың кеп угуп
Ушул эки карыганда
Туяксыз болду деп угуп
20 Атаңдын көрү бу дүйнө
Оо жараткан бу дүйнө
Кай жериңден жаздым деп
Жараткандын өзүнөн
Не күнө кылып салдым деп
25 Жан-жаныбар макулук
Текши бала бердиң деп
Ушул эки жараткан
Мына ошондо чоң үшкүл
Бу дүйнөдөн көрдүм деп
30 Эсепсиз жыйган сан кара
Айдаса бүгүн дд
Жыйылып жаткан сан кара
Кыйкырса бир күн жолу ку
Аталап эми чыгарга
35 Малды айдап жыйарга
Жалгыз туяк жок болду
Көңүл оору шок болду
Алоолонуп курган жан
Күйүп жүрө от болду
40 Оо жараткан кудурет!
Кай жерден жаздым бул ирет
Айланайын жараткан
Бар экениң чын болсо
Он сегиз миң ааламга
45 Кан экениң чын болсо
Отуз жүз миң опсуздун
Ушул эрки ааламды
Бийлегениң чын болсо
Ушул эрки жараткан
50 Кара мүртөз жаманга
Ага да бала бердиң деп
Жамандык кылган жерим жок
Айланайын жараткан
Мага да бала бергин деп
55 Өзөлөнүп көп ыйлап
Өзгөчө Жакып бек ыйлап
Топту көрсө баралбай
Додолонгон тобуна
Толукшуп кебин сала албай
60 Жыйынды көрсө баралбай
Жыйылып турган жыйынга
Жылдыздуу кебин сала албай
Айла кетип үмөрүп
Акыл кетип түгөнүп
65 Ошондо Жакып туруптур
Амалы кетип куруптур
Эрен Жакып атаңыз
Капаланып кайгырып
Мына ошондо байбиче
70 Атты токуп берчи деп
Канаң эми Бакдөөлөт
Экинчи ушул катыны
Мына ошондо сурасаң
Эр Жакыптын жакыны
75 Кымыз алып келчи деп
Экөөнү жумшап калыптыр
Айтып кебин салыптыр
Экөөң бир балага жарабай
Согончогуң канабай
80 Кордук кылдың аябай
Өөдө болсом бүгүлүп
Карылык көзгө көрүнүп
Атанын жолун улантып
Аталар чыгар кубантып
85 Мында туяк жок болду
- деп ошондо Жакыптын
Көңүлү күйүп от болду
Айтып кебин чунаңдап
Мына ошондо жанагы
90 Экөөнү бирдей жемелеп
Кара жерди тебелеп
Эми жолго салыптыр
Жылкыга жүрүп алыптыр
Жылкыга бара жатканда
95 Как ошондо сурасаң
Аземил суунун боюнда
А саздын берин боюнда
Үбүл токой жегинде
Үрмө суунун белинде
100 Ошол кезде караса
Атаңдын көрү дүнүйө!
Түшүндө эмес өңүндө
Эр Жакыптын өзүнө
Көрүнгөн экен кырк бала
105 Кырк баланы караса
Мына ошондо сурасаң
Жайдак айгыр коштогон
Жал арыстан окшогон
Жаалданып киргенде
110 Алдынан пенде тоспогон
Жалаң өңчөй тон кийген
Мына ошондо тулпары
Жалаң бээ дөө ат минген
Азыр колдорунда шумкары
115 Мына ошондо Жакыптын
Бара жаткан жолунда
Ордо атышып ойношуп
Ата кокуй кызыкты
Булар минтип салыптыр
120 Жыйырмадан бөлүнүп
Кырктама чийип ордо атып
Эр Жакыптын көзүнө
Турган экен көрүнүп
Ал аңгыча караса
125 Алтындан кылган тактада
Такты үстүндө пактада
Как ошондо сураса
Аю талпа как үстөн
Так ошонун үстүндө
130 Мына ошондо зор бала
Кырк баладан чоң бала
Эки жагын каранып
Эрди мурду жаланып
Бир жагында караса
135 Кара чаар кабылан
Капталында чамынат
Чоло көк жал арсылан
Жайнай басып бөлүнөт
Колдогону кырк бөөрү
140 Аркасында көрүнөт
Алп кара куш зымырык
Төбөдөн бутун салыптыр
Ажыдаары маржылдан
Алды жакты тактанын
145 Оролуп жатып алыптыр
Мына ошондо жанагы
Ордо аткан оюнга
Как ошондо атакең
Эми келип кезикти
150 Ошо кезде жанагы
Өз Жакыпты көргөндө
Кырк балаң оюн таштады
Аталап айтып баштады
Арыбаңыз ата деп
155 Жалпы салам бергени
Жанына басып келди эми
Так ошондо жанагы
Бар болгула балдарым
- деп ошондо эр Жакып
160 Булардын көзүн көргөнү
Балам деп айтып алыптыр
Как ошондо жанагы
Ошо кезде эр Жакып
Балам менин жок эле
165 - деп ошондо ойлонуп
Эми оюна Жакып алыптыр
Ал аңгыча караса
Мына ошондо жанагы
Төөдөй болгон алтын так
170 Алтын тактын үстүнөн
Ошондо бала жанагы
Түшкөн экен жүгүрүп
Алдына келди Жакыптын
Мына ошондо сүйүндөп
175 Азыркысын күлүңдөп
Мына ошондо караса
Эми туруп кеп айтат
Ой атаке деп айтат
Ата десе Жакыптын
180 Эт жүрөгү эзилип
Мына ошондо береги
Эбегейиң эзилип
Эт жүрөгү кесилип
Эми не деп турат деп
185 Жакып оюн жыйгыча
Жана кепти куруптур
Аталап айтып туруптур
Айланайын атаке!
Көп кайгыра бербеңиз
190 Мына ошондо атаке
Тогуз айы толгондо
Тогуз күндүү болгондо
Үйүңдүн келем төрүнө
Төрөлүп ата келемин
195 Ушуреки калкыңа
Мына ошондо атаке
Эп этпей жардам беремин
Ушуреки кыргыздын
Аккан жашын тыямын
200 Чачылганын жыямын
Айланайын атаке!
Ата болом өзүңө
Мына ошондо жанагы
Бата болом сөзүңө
205 Бала болом өзүңө
Айланайын атаке!
Көп кайгыга салбаңыз
Так ошондо бере көр
Азыр өзүңүздү кармаңыз
210 Кайрылып үйгө барыңыз
Мына ошондо жанагы
Көргөн менен билгенди
Жан кишиге билгизбей
Ата курмандыкты чалыңыз
215 - деп ошондо жанагы
Балаң айтып калыптыр
Аны көрүп алганда
Мына ошондо эр Жакып
Акылынан таныптыр
220 Эмне деп айтып жатат деп
Как ошондо караса
Эки көздөн аккан жаш
Ителгидей кайран күч
Жакыбың ирмебей көзгө жаш алып
225 Сан санаага мат алып
Айтар көздөн такалып
Так ошондо сурасаң
Эми мындай кылып турганда
Амал кетип курганда
230 Караса көзгө илинбей
Кайда экени билинбей
Кайып болду кырк бала
Кайып болуп кеткени
Мына ошондо жанагы
235 Жылкыга эми барбастан
Үйүнө жакын кетти эми
Как ошондо жанагы
Күгүм кире күн бата
Үйүнө барып жетти эми
240 Как ошондо караса
Атаңдын көрү дүнүйө!
Кара карыш салынып
Жаратканга жалынып
Жайнай басып бөлүнүп
245 Көзүнүн жашы төгүлүп
Эми жете барыптыр
Эми жете барганда
Атаңдын көрү дүнүйө!
Эки бирдей байбиче
250 Чылбырынан алыптыр
Мына ошондо жанагы
Атын байлай салыптыр
Үйүнө Жакып кириптир
Капаланып келгени
255 Мына ошондо байбиче
Азыркысын билиптир
Сурабастан сурасаң
Как ошондо сурасаң
Мына ошондо көлдөлөң
260 Тура кантып абаңды
Мына ошондо тушуна
Эми салып берди эле
Көлдөлөңдүн өзүнө
Эрен Жакып келди эле
265 Көбөлөнүп жыгылды
Мына ошондо береги
Жыгылганда Жакыпты
Уйкуга көзү илинди
Уктаганы билинди
270 Уктап атып түш көрдү
Мына ошондо эр Жакып
Бир көргөнүн үч көрдү
Үч көрбөсө нетиптир
Ошо кезде береги
275 Эми кайыптан гана аялы жетиптир уу
Ээ байбичем эмне болду деп
Уу как ошондо карасаң
Ээ кайдагары эр Жакып
Ойлоп койгон жери жок
280 Оюн эми булары
Ээ толгоп койгон жери жок
Уйкуга көзү илинип
Уктаганы билинип
Как ошондо карасаң
285 Ошо көргөн түшүндө
Мына ошондо эр Жакып
Ээ чөлдө ара жатыптыр
Чөлдө ара жатканда
Как ошондо сурасаң
290 Өрдөп ара жатыптыр
Өрдөп ара жаткканда
Мына ошондо чоң чоку
Чолубайдан оң чоку
Атаңдын көрү дүнүйө!
295 Кошкондо эми он чоку
Ааламга учу илинген
Мына ошондо жанагы
Ааламда жок чокусу
Ошо жерден билинген
300 Азыркысын караса
Чокунун эми үстүнө
Тайылбай Жакып барды эле
Эми чыгып алды эле
Чыгып барса жанагы
305 Булуттан башы өтүптүр
Мына ошондо Жакыптын
Күнгө башы жетиптир
Аягы жерде болуптур
Ошо кезде береги
310 Ээ так ошондо жанагы
Ааламга көзүн салыптыр
Бүтүн аалам баарысы
Эми Жакып көрүп алыптыр
Жакып көрүп алганда
315 Атаңдын көрү дүнүйө
Жазып ийсе кучагы
Ааламды ороп жетиптир
Тоголоп бүткөн жер бети
Бүтүн курчап алыптыр
320 Аны менен эр Жакып
Коюнуна салыптыр
Ал аңгыча караса
Атаңдын көрү дүнүйө!
Кайдан келди билбеймин
325 Атаңдын көрү дүнүйө!
Алтың көлдүн жээгинде
Кең Алтайдын бегинде
Так ошондо сурасаң
Алтың көлдүн беп жагы
330 Бер жагы эмес мен жагы
Мен жагы эмес сен жагы
Так ошондо жанагы
Атаңдын көрү коюлган
Эре бериш чоюлган
335 Маңжылынын мазарга
Так ошондо барыптыр
Экөөнү эми ээрчитип
Эми жолго салыптыр
Маңжылынын мазарга
340 Ак боз менен алдырып
Ай туягын чалдырып
Мына ошондо жанагы
Ата-бабаң арбакка
Ырым кылып койдуруп
345 Ошо кезде береги
Тура колдуу болор деп
Кечээ күнү жолунда
Так ошондо кабылып
Кайыбынан табылып
350 Эмне болуп кетти деп
Өңүмбү же түшүмбү
Көрүп аткан ишимби
Эмне болду кызык деп
Же болбосо ааламда
355 Арта турган бузук деп
Же болбосо береги
Адамдын акылы жетпейт деп
Мына ошондо береги
Пендеден эми момундай
360 Айткан менен өтпөйт деп
Жан кишиге билгизбей
Курмандыкты чалды эле
Аны менен караса
Атаңдын көрү дүнүйө!
365 Азыркысын моюнга
Так ошондо ал деген
Курмандыгын чал деген
Ошо кезде ырымы
Эми Жакып кылыптыр
370 Маңжылыны мазарга
Бала тилеп туруптур
Так ошондо жанагы
Жана тилеп туруптур
Жана эми кылыптыр
375 Ата-бабаң арбагы
Ээ жараткан кудурет
деп ошондо жанагы
Алты атабыз кан өткөн
Аалам журтка даң өткөн
380 Жети атабыз кан өткөн
Жерге журтка даң өткөн
Тогуз атам кан өткөн
Толгон журтка даң өткөн
Ошолордун арбагы
385 Жакшылыкка жолосо
Мына ошондо жанагы
Эптеп тукумдарга уулу журтуу ушулар
Эми жалгыз эле туяк берсечи ууу
Тилегим эми келсечи
390 Эээ деп ошондо ойлонуп
Албан түрлүү ой жооруп
Эми жолго салыптыр
Эми жолго салганда
Атаңдын көрү дүнүйө!
395 Так ошондо караса
Атаңдын көрү ордодо
Күгүм кире күн бата
Эки бирдей байбиче
Аян көрүп алыптыр
400 Аян көрсө момундай
Аян көрүп алыптыр
Так ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө!
Таң агарып атканда
405 Чыйырды туруп кеп айтат
Ооо байым деп айтат
Мен көргөндү көрдүңбү?
Мен билгенди билдиңби?
Мен туйганды туйдуңбу?
410 Түндө жатып түш көрдүм
Ошондо кызык иш көрдүм
Ошо көргөн түшүмдө
Так ошондо жанагы
Аргай болгон ак боз үй
415 Атаңдын көрү ак ордо
Ак ордонун ичине
Мына ошондо көтөрүп
Эми кирип барыпмын
Ак өргөөнү жасадым
420 Тогуз айы жасадым
Мына ошондо жанагы
Ууктарын кынаптап
Алтын менен баталып
Атаңдын көрү дүнүйө!
425 Ээй күмүш менен сырдаган
Көргөн адам ырдаган
Кирген адам жыргаган
Ошорээкин өргөөгө
Эми кирип мен барсам
430 Тууруна кондурган
айдегесин болтурган
Мына ошондо жанагы
Алп каракуш зымырык
Турган экен байланып
435 Мына ошондо жанагы
Ошону кетпей айланып
Колума кондуруп
Атаңдын көрү алыпмын
Мына ошондо жанагы
440 Жакын көрүп калыпмын
Айланайын жарыктык
Алтымыш кулач коозу
Так ошондо тагыпмын
Эээ бул эмине болучу?
445 деп ошондо калганы
Айтып эми салганы
Ал аңгыча карасам
Эшикке чыгып момундай
Ата кызык тамаша
450 Жети бирдей момундай
Мына ошондо боз үйдү
Азыр көрүп алгамын
Ошо кезде береги
Ар бириндн кушу бар
455 Көрүп турган ушу бар
Атаңдын көрү дүнүйө!
Мына ошондо жанагы
Төөрдөгү боз үйдү
Алп каракуш момундай
460 Талпынып эми койгондо
Атаңдын көрү дүнүйө!
Башын ийет ушулар
Бөпөлөктөп үндөбөй
Так ошондо жанагы
465 Жакшылыкка карасаң
Атаңдын көрү дүнүйө!
Эми жоруп койгомун
Ал эмине болучу?
- деп ошондо калганы
470 Айтып кебин салганы
Атаңдын көрү дүнүйө!
Анда Жакып кеп айтат
Айланайын байбиче
Кызык экен деп айтат
475 Канча күндөн бер карай
Мына ошондо жанагы
Өңүмдө да түшүмдө
Аралашып ишимде
Эң кызыктуу иш көрдүм
480 Атаңдын көрү дүнүйө!
Мындан бир күн мурдараак
Мына ошондо түш көрдүм
Бир көргөндү үч көрдүм
Бул эмине болчу деп
485 Азыркысын бир куудай
Берейин деп калганбы?
Чоң кудайдан тилеген
Келейин деп калганбы?
Так ошондо барагы
490 Мына ошондо жанагы
Калайыктын өзүнө
Айтып кепти салалы
- деп ошентип калыптыр
Айтып кебин салыптыр
495 Ал аңгыча караса
Атаңдын көрү дүнүйө!
Ырас айтат байым деп
Түшүндүрдүр жайын деп
Так ошондо сурасаң
500 Атаңдын көрү дүнүйө!
Эми байбиче буйрук берди эле
Ошо кезде жанагы
Тогуз бирдей жылкыны
Азыркысын алдыр деп
505 Ай туягын чалдыр деп
Ошо кезде жанагы
Ат улуунун баарысын
Аксакалдап жыйдыр деп
Калаганын кылдыр деп
510 Ошо кезде жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө!
Жетим менен жесирди
Бир тойгузуп салгың деп
Мына ошондо жанагы
515 Азыркысын карасаң
Аксакалдын баарына
Кээ бирөөнүн сөзүндө
Кээ бирөөнүн оозунда
Кээ бирөөнүн деминде
520 Кээ бирөөнүн кеминде
Так ошондо сурасаң
Айтып эми берели
Жакшылыкка жоруса
Ошо кезде тилеги
525 Оңдоп чыгып калар деп
Жакшылыкка ушуну
Жолдоп чыгып алар деп
Айтып кебин салыптыр
Айтып аны калыптыр
530 Ал аңгыча караса
Бадалбайга чаптырып
Мына ошондо айттырып
Тогуз бирдей жылкыны
Атаңдын көрү алдырып
535 Ай туягын чалдырып
Кызыл канга малдырып
Атаңдын көрү дүнүйө!
Ошолрээки жанагы
Алтайлыкка барганда
540 Кырк уруу кыргыз эл эле
Кырк түтүн эми кем эле
Азыркысын сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө!
Аксакалдын баарынан
545 Ак аксакал карыдан
Эми жыйылткан экен ушундан уу
Ак сакалдын эр келип
Ээй эчендеген шер келип
Ак аксакал бөлүнгөн
550 Көк аксакал көрүнгөн
Узун кулак карыдан
Узун сакал баарынан
Ак сакалдуу демдүүдөн
Жазы жаак жалпак тил
555 Жумуру баштуу чеченден
Көптү көргөн көсөмдөн
Жеке чыгаар жарыштан
Көптү билген даанышман
Так ошондо карыдан
560 Эрениң Жакып жыйдырды
Жыйдырганын кылдырды
Как ошондо туруптур
Эми мындай кылыптыр
Атаңдын көрү дүнүйө!
565 Ылайыктуу иш болду
Түндө көргөн түш болду
- деп ошондо жанагы
Ашын тартып болтуруп
Мына ошондо жанагы
570 Оюн айтып олтуруп
Мына ошондо жанагы
Айтар кептен шашпады
Сарпайыдан кийгизип
Жер кетпеген жоргодон
575 Ар бирине мингизип
Ок өтпөгөн торкодон
Ар бирине кийгизип
Андан кийин сурасаң
Мына ошондо жанагы
580 Ай туяк эми Жамбыдан
Колуна кармап бердирип
Ойдогусун келтирип
Мына ошондо жанагы
Кызый-кызый кеп чыгып
585 Сылый-сылай сөз чыгып
Андан кийин олтуруп
Ой бойуна толтуруп
Сызылтып кымыз ичишип
Так ошондо жанагы
590 Кийген ичип чечишип
Кеп кызыгып калганда
Кадимкидей тамылжып
Эт ысышып калганда
Айтар кептен шашпады
595 Эми Жакып баштады
Айланайын карылар
Калк бийлеген баарыңар
Айта турган кебим бар
Келтире турган эбим бар
600 Эки бирде байбиче
Мына ошондо түш көрдү
Ага чейин эр Жакып
Бир көргөнүн үч көрдү
Ошону жооруп бергиле
605 Ынайыктуу түш болсо
Дегениңе көнөйүн
Сураганың берейин
Түштүн башы казандай
Мойнуң ичке кылдай дейт
610 Кайсы жакка жоруса
Ошол жакка кетичү
Атаңдын көрү дүнүйө!
Ылайыктуу түш кылып
Ошо жакшы иш кылып
615 Эми жоруп бергиле
- деп ошондо калганы
Айтып кебин салганы
Ырас айтат макул деп
Ушунукун акыл деп
620 Как ошондо сурасаң
Ак Балта баштап кары бар
Так ошондо жанагы
Ногойдон чалы дагы бар
Атаңдын көрү Ошпурбай
625 Жылкычысы Бадалбай
Ары жагын сурасаң
Эчендеген кары бар
Мына ошондо жанагы
Атаңдын көрү Жамагат
630 Жамагаттан Саламат
Ошол келген чагы бар
Эним баары дагы бар
Мына ошондо береги
Биз билбеген канча бар
635 Отурган экен аксакал
Ак сакалдуу баарыдан
Ошол кезде эр Жакып
Түшүн айтып таштады
Мына ошондо жанагы
640 Жорур киши жок болуп
Мына ошондо баарысы
Калган экен токтолуп
Токтолуп турган кезинде
Аш бышымдай аңгырап
645 Кеп табалбай каңгырап
Канаке эми айтчы деп
Бирин-бири жөлөшүп
Бирин-бири сөздөшүп
Бирин-бири көздөшүп
650 Турган экен момундай
Амал кетип алдырап
Турган экен момундай
Ошо кезде береги
Оозуна кеп келип
655 Оо сөз кайыптын иши деп
Жараткандын күчү деп
Мына ошондо дем берип
Ак Балта сөзүн баштады
Айтар кептен шашпады
660 Айланайын калайык
Ылайыктуу кеп болсо
Калайыкка эп болсо
Ушу түштү жоруюн
Оңдоптур кудай ишиңди
665 Бериптир оңду түшүңдү
Мындай түштү жанагы
Адамзат жаралып
Көрбөсө керек мындайды
Тартпа Жакып муң кайгы
670 Так ошондо береги
Ошол кезде чөл бүтүп
Чөл бүткөндө өр бүтүп
Андан чыгып барыңыз
Андан чыгып барганда
675 Чокуга чыгып алганда
Жоболоңуз өсөт кен
Тилегениң бек көктөп
Жаратканга жетет кен
Айланайын чокуга
680 Так ошондо барганда
Жерди эми алганда
Мына ошондо эр Жакып
Бериптир кудай түшүңдү
Келтириптир момундай
685 Оңунан эми ишиңди
Ай ааламдын өзүнөн
Арта турган эр келет
Мына ошондо жанагы
Жер ааламдын өзүнөн
690 Артыгыраак шер келет
Ушулэрек балаңыз
Жакшылап эми караңыз
Так ошондо сурасаң
Тогуз кабат асмандан
695 Толуп түшкөн жанагы
Ойдогунун баарысы
Болуп түшкөн береги
Алп каракуш зымырык
Айланып учуп алганы
700 Айды жаап калганы
Сол канаты күндү жаап
Аягы жерге жеткени
Башы көккө кеткени
Айың менен күнүңдүн
705 Бир өзүнөн бүткөндөй
Асман менен жериңдин
Тиресинен бүткөндөй
Мына ошондо жанагы
Ата кокуй дүнүйө!
710 Арта турган эр келет
Ааламдын өзүнөн
Артыгыраак шер келет
Айланайын кулунум
Ээ бериптир кудай ишиңди
715 Келтириптир оңунан
Так ошондо түшүңдү
Тогуз кабат асманда
Так ошондо жанагы
Толгон күчтүн баарысы
720 Колдоп түшөт турбайбы
Ажыдаар чыгып жериңден
Жети кабат тегиңден
Так ошондо келгени
Атаңдын көрү дүнүйө!
725 Жети кабат кара жер
Кара жердин өзүнө
Кайыбынын баарысы
Каптап чыгат турбайбы
Ата кокуй дүнүйө!
730 Жети кабат кара жер
Астындагы алп эрлер
Колдоп чыгат турбайбы
Жакшылыкка ушуну
Жолдоп чыгат турбайбы
735 Мына ошондо жанагы
Ажыдаар үстүнө
Колдоп эми калганы
Атаңдын көрү дүнүйө!
Ушу кезде береги
740 Кара чаар кабылан
Чолок көр жар арыслан
Ушул жел кайыптын баарынан
Колдоп жүргөн улуу күч
Эми жакшылыкка бурулар
745 Ааламга гана даңкың угулаар уу
Мына ошондо кырк бөрү
Ушу кырк атаң өткөн кыргыздын
Колдогонуң эмеспи
Жакшылыкка кырк атаң
750 Жолдогонуң эмеспи
Кырк уруу кыргыз мура журт
Сыйынып келет турбайбы
Бир өзүңдүн артыңдан
Жыйылып келет турбайбы
755 Айланайын Жакыбым!
Мындай түштү жанагы
Аалам пенде жаралып
Көрбөсө керек адамдан
Ото кокуй дүнүйө!
760 Улуулата кеп салсаң
Уламалуу кеп салсаң
Так ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө!
Так ошондо сураса
765 Көкө теңир жараткан
Адам болуп кубулуп
Көктөн жерге куюлуп
Мына ошондо сурасаң
Маналуу болуп келүүчү
770 Бир өзүңө берүүчү
Жараткандын ар белги
Жакшылыкка жолдоптур
Мына ошондо береги
Отуз үч жүз миң ааламда
775 Ошо кезде береги
Кайып үстү баарысы
Эми бул баланы колдоп
Туулалек кезинде
Туура чыгат жолунан
780 Төрөлөлек кезинде
Как ошондо береги
Арта чыгат оюңдан
Мына ошондо береги
Айланайын эр Жакып
785 Ошол чыгат боюңдан
- деп ошондо Ак Балта
Кебин айтып эңгиреп
Ошо кезде береги
Эс табалбай кеңгиреп
790 Оо булуң туруп калыптыр
Ал аңгыча Бердике
Сөзүн улап салыптыр
Маңдайында көрүнүп
Эми элеси кетсе бөлүнүп
795 Мына ошондо Чыйырды
Ушурээки байбиче
Ошол тууйт баланы
Ата кокуй дүнүйө!
Көрүнгөнү момундай
800 Ошонун эми карааны
Так ошондо жанагы
Байбичеңдин түшү экен
Ээ так ошондо сурасаң
Ээ көрүп аткан иш экен
805 Андан кийин карасаң
Атаңдын көрү дүнүйө!
Алп каракуш болгону
Ата кокуй дүнүйө!
Ак өргөөнүн ичине
810 Желпингенде толгону
Ушу байбиченин баласы
Арта тулуп эр болот
Телегейи тең болот
Мына ошондо береги
815 Азыркысын карасаң
Андан кийин жанагы
Кардай болгон ак боз үй
Жетөө бирдей тигилип
Ар бирине куш конгон
820 Так ошондо туш болгон
Андан кийин жанагы
Бакдөөлөт тууйт жети уул
Так ошондо келер деп
Мына ошондо жанагы
825 Тилегенин берер деп
Азыркысын карасаң
Аганын жолун улантаар
Баскан жерин кубантаар
Мына ошондо береги
830 Жети уул болор деп
Жергеси менен толор деп
Айтып эми калыптыр
Азыркынын баарысы
Бата кылып калыптыр
835 Оңдоптур кудай ишиңди
Келтириптир түшүңдү
Жараткан эми жар болсо
Ата-бабаң арбагы
Көз алдыңда колдосо
840 Оңдоп берсин оңунан
Мына эми берсин чоңунан
Так ошондо тилеги
Муң зарыңар келсин деп
Тилекти эми берсин деп
845 Жалгыз болсо шер болсун
Мына ошондо береги
Ааламдан артыкча
Арта турган эр болсун
- деп ошондо баарысы
850 Бата кылып калыптыр
Аркан жазып алыптыр
Аны менен караса
Сүйүнүшүп калыптыр
Жооруп эми берди деп
855 Ылайыгы келди деп
Ошо кезде карасаң
Атаңдын көрү дүнүйө!
Жаагың эми момундай
Жербеген жорго мингизип
860 Мына ошондо эр Жакып
Сый урматын билгизип
Жетиден жамбы бериптир
Так ошондо береги
Алтындаган сарпайын
865 Эми алып келиптир
Ошо кезде жанагы
Түшүңөр эми түш келсин
Түш болбой эми түш болсун!
Оңунан чыккан иш болсун
870 - деп ошондо баарысы
Батасын кылып салганы
Мына ошондо жанагы
Эми Жакып мында калганы
Ай артынан күн өтүп
875 Ай караңгы түн өтүп
Күн артынан күн өтүп
Күн караңгы түн өтүп
Так ошондо жанагы
Байбиченин боюна
880 Как ошондо караса
Бала кирип калыптыр
Бала кирсе момундай
Даана кирип калыптыр
Тар курсагы чоюлуп
885 Баскан сайын чоюлуп
Атаңдын көрү дүнүйө!
Баскан жериң оюлуп
Ата кокуй дүнүйө!
Үч айга эми толуптур
890 Төрт ай алык болуптур
Байбиченин өзүнө
Толгоо кирип калыптыр
Толгоо кирсе неткени
Как ошондо жанагы
895 Талгак болуп кетти эми
Азыркысын караса
Күсөгөнү табылбай
Ойлогону кабылбай
Атаңдын көрү дүнүйө!
900 Эмине болуп кетер деп
Аш тамагын жайлатып
Дасторконун жайнатып
Бал шекерге карабай
Башка тамак жарабайт
905 Атаңдын көрү дүнүйө!
Жесем деп жолборс жүрөгүн
Андан бөлөк самабай
Так ошондо байбиче
Ээ адаланып басыптыр
910 Как ошондо береги
Чалкасынан жатыптыр
Өйдө болуп жүрө албай
Өйдөп жолгот кире албай
Атаңдын көрү дүнүйө!
915 Мына ошондо жанагы
Өңүнөн азып байбиче
Так ошондо сурасаң
Бүбү менен бакшынын
Жаман менен жакшынын
920 Алып келип койдуруп
Ойдогусун болдуруп
Алар эсин табалбай
Амал кетип алдырап
Айла түгөп шалдырап
925 Как ошондо туруптур
Амалы кетип куруптур
Ал аңгыча караса
Атаңдын көрү дүнүйө!
Мына ошондо чоң мерген
930 Атаңдын көрү дүнүйө!
Ошо кезде береги
Эрениң эми эр Жакып
Жетимишин жыйдырды
Каалаганын кылдырды
935 Ар биринен сурасаң
Сураганын берем деп
Ошо кезде жанагы
Ошо кезде Жакыптын
Алтыны алты там болгон
940 Эсепсиз мунуң бай болгон
Жерге батпай момундай
Төр түүлүгү жайнаган
Как ошондо сурасаң
Жетимиш эми мергенди
945 Туш-тушуна чаптырып
Как ошондо береги
Жолборс атып алгын деп
Как ошондо береги
Атып келе калгын деп
950 Эми кабар айттырды
Как ошондо барыптыр
Жети күнгө жетпестен
Жети жолборс жүрөгүн
Атып келе калыптыр
955 Как ошондо неткени
Азыркысын кеткеми
Жолборсттун эми жүрөгүн
Байбичең эми жалмады
Жеп эми калыптыр
960 Анда дагы талгагы
Талгагы кайдан канганы
Талгагың эми канбады
Жети күнү толгондо
Как ушундай болгондо
965 Жолборсттун жүрөгүн
Мына ошондо береги
Байбиченин башталды
Боюндагы күмөнү
Мына ошондо байбиче
970 Кайра жаман жүдөдү
Амал кетип алдырап
Как ошондо береги
Амал кетип шалдырап
Как ошондо неткени
975 Азыркысын берени
Атаңдын көрү дүнүйө!
Кайран эми эр Жакып
Казына оозун ачтырып
Карк алтынын чачтырып
980 Бая жетимиш миңдей мергенди
Кайра жыйып келди эми
Сурагандын баарысын
Так ошондо берди эми
Баргылаң эми дагы да
985 Так ошондо береги
Бирден атып келгин деп
Таап алып момундай
Көк жалынан аткын деп
Жетөөсү эми барыптыр
990 Тогуз көк жал бөөрүнүн
Эмиң атып алыптыр
Алып келип жүрөгүн
Байбиченин өзүнө
Эми берип салыптыр
995 Аны дагы жегени
Как ошондо жанагы
Эми талгагы мынтип каныптыр
Жети күнгө барганда
Талгагы кайра жаныптыр
1000 Как ошондо неткени
Балакет басып кетти эми
Жинди болуп байбиче
Жеригенден жүдөдү
Мына ошондо береги
1005 Жарылчуудай жүрөгү
Азыркысын Жакыптын
Алы кетти алдырап
Эси кетти шалдырап
Жолборсттун жүрөгүн
1010 Как ошондо күсөгөн
Жомокчунун кебинен
Санжыранын эбинен
Угуп эми жүрчү элем
Жолборсттун жүрөгүн
1015 Жесең эми талгагы
Так ошондо басылат
Кабагың эми ачылат
Деп ошондо билчи элем
Жеген сайын ушунун
1020 Талгагы жаман жанбастан
Мына ошондо жанагы
Жалагыч жутуп алганбы
Же болбосо балакет
Ажалга эми калганбы
1025 Келе электе бул бала
Так ошондо нетти деп
Ошо кезде байбичем
Эбинен жаман кетти деп
Минте берип байбиче
1030 Ажалы жетер бекен деп
Өлүп кетсе бекер деп
Ошо кезде эр Жакып
Атаңдын көрү дүнүйө!
Балчылардын өзүнө
1035 Балын эми тарттырып
Төлгөчүнүн өзүнө
Кабарын эми айттырып
Так ошондо жанагы
Далычы далы көрүшүп
1040 Көралбай көзү союлуп
Кармагандын баарысы
Колу кетип чоюлуп
Амал кетип алдырап
Көралышпай жалдырап
1045 Так ошондо турганда
Мына ошондо жанагы
Амалы кетип курганда
Ошо кезде сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө!
1050 Капчалдын Ала-Тоосунда
Как ошондо сурасаң
Кайыпчынын оозунда
Мына ошондо береги
Ата кокуй дүнүйө!
1055 Ошо кезде Бадалбай
Бадалбайга барыптыр
Ак сакалчан думана
Как ошону сураба
Асмандан түшкөн чоң кыдыр
1060 Эми келип алыптыр
Эбин таппай калды деп
Эби менен сурасаң
Кебин таппай калды деп
Так ошондо Жакыптын
1065 Амалы кетип алдырап
Как ошондо бир өзү
Кеткен эле жалдырап
Эртерээк эми барсын деп
Азыркысын сураса
1070 Ажыдаардын жүрөгүн
Таап алып келсин деп
Ошону менен сураса
Атаңдын көрү дүнүйө!
Ажыдаардын жүрөгүн
1075 Жегенден эми талгагы
Так ошондо канат деп
Күсөөгөнү жанат деп
Мынтип айтып калыптыр
Айтып эми салыптыр
1080 Как ошондо жанагы
Ажыдаар кайдан табам деп
Эми кайда барам деп
Ажыдаар издеп тутулуп
Ажалга минтип момундай
1085 Кете албай эми кутулуп
Балакетке каламбы
Эми кайдан табамбы
Же болбосо байбиче
Ажырап мындан каламбы
1090 Атаңдын көрү дүнүйө!
Байбиченин ичинде
Төрөлелек баласы
Жин шайтанбы адамбы
Эмине болгон шумдук деп
1095 Эми кандай кылдык деп
Периден келген өзүбү
Же болбосо береги
Балакеттин көзүбү
Атаңдын көрү дүнүйө!
1100 Эмине болгон шумдук деп
Эми кандай кылдык деп
Издей албай таба албай
Амалы кетип алдырап
Эси кетип жалдырап
1105 Баягы жетимиш миңдей мергенчи
Баарың бирдей бери келчи
- деп ошондо жыйыптыр
Каалаганын кылыптыр
Атаңдын көрү дүнүйө!
1110 Аз болгондо жанагы
Алты аттан бериптир
Дегенине көнүптүр
Мына ошондо алтындан
Жакалуу тондон кийгизип
1115 Сый урматын билгизип
Не болсо да жанагы
Өлсөң дагы талсаң да
Өөдө жерге барсаң да
Арга жолдо калсаң да
1120 Ажыдаар атып келгиле
Таап алып жүрөгүн
Байбичеге бергиле
- деп ошондо издетип
Басар жолун түздөтүп
1125 Эми жолго салыптыр
Жетимиши жанагы
Олжого мындай тулдук деп
Эми кандай кылдык деп
Эми кайда барабыз
1130 Ажыдаарды биз издеп
Эми кайдан табабыз
- деп ошондо жанагы
Чөлдүн үстүн кыдырып
Жердин үстүн сыдырып
1135 Тоонун үстүн кыдырып
Түзөңгү жерди кыдырып
Так ошондо жанагы
Ат боройлоп сыдырып
Ааламдын жүзүн кыдырып
1140 Эчендеген жер чалып
Эчендеген бел чалып
Ашууң ашып таш басып
Оролдун бери тоосуна
Ошо кезде жанагы
1145 Кайыптуу тоонун оозуна
Ошо жерге барыптыр
Канча күндө билбеймин
Так ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө!
1150 Барган адам дүрбөгөн
Кирип адам жүрбөгөн
Тирүү пенде барбаган
Барган аман калбаган
Так ошондо жанагы
1155 Жети баштуу ажыдаар
Жалгыз баштуу арам бар
Балакеттүү шор деген
Казып койгон нор деген
Так ошонун өзүнө
1160 Мына ошондо жанагы
Оролдун бери тоосунда
Айлампалуу Ала-Тоо
Так ошонун оозунда
Атаңдын көрү дүнүйө!
1165 Түнөктөп гана жаткан ажыдаар ооо
Уламадан угуптур
Билгичтерден бек сурап
Ошондон кабар угушуп
Эми барсаң ажыдаар
1170 Ок тартып коёр бекен деп
Жети баштуу ажыдаар
Жеп эми мындан сорор деп
Как ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө!
1175 Мына ошондо жанагы
Басар жолун издешип
Ажыдаардын тоосуна
Эми жолун түздөшүп
Ошо жердин өзүндө
1180 Мына ошондо кабылып
Так ошондо табылып
Жаткан жери момундай
Так ошондо кородой
Конгон жери ородой
1185 Атаңдын көрү дүнүйө!
Баскан изи шородой
Балакеттүү чоң дүмүк
Мына ошондо береги
Канча кыйын эр жүрөк
1190 Барып аман тутулуп
Кете албастан кутулуп
Ажал таап өлүшкөн
Оо дүйнөнү көрүшкөн
Ошо жерде жанагы
1195 Жетимиш мерген бөлүнүп
Жабалактап барыптыр
Айлампа сонун бурчукка
Оңурайган жанагы
Айламта тоонун тумшукка
1200 Как ошшондо конуптур
Ажыдаар келип конуптур
Ажыдаар келип болуптур
Болгонунда жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө!
1205 Жетимиши залп атып
Как ошондо жанагы
Жетимиши жалпы атып
Аз болгондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө!
1210 Жети жолдон атышты
Мына ошондо жанагы
Эми карап жатышты
Ошо кезде ажыдаар
Атаңдын көрү дүнүйө!
1215 Атканында жанагы
Оозунан от чыгып
Илебинен чок чыгып
Как ошондо жанагы
Жаман тоңдон ажырап
1220 Атаңдын көрү дүнүйө!
Ушу кезде куралы
Бүтүн күйүп өлүптүр
Ажыдаар кайдан өлгөнү
Мына ошондо жанагы
1225 Атаңдын көрү шумдукту
Мергендер эми көргөнү
Ажыдаардын өзүнө
Өлө турган болгондо
Ажыдаарга тутулуп
1230 Чын дүнүйө момундай
Көрө турган болгондо
Как ошондо жанагы
Ал жол жолуна табылган
Бадалбайдын өзүнө
1235 Кайыбынан кабылган
Ажыдаар таап алсын деп
Айтып барган жанагы
Дубана пайда болуптур
Өзү кыдыр чоң кыдыр
1240 Мына ошондо жанагы
Көктөн эми имерип
Чагылган отун жиберип
Чагылган менен аткылап
Найзагай менен таш буулап
1245 Как ошондо карасаң
Ажыдаар минтип өлүптүр
Мына ошондо жанагы
Өлгөнүн эми мергендер
Анык баалап көрүптүр
1250 Жарып эми алыптыр
Жанына жакын баралбай
Жети күнү момундай
Уусу тарап кетсин деп
Алысыраак калыптыр
1255 Так ошондо жанагы
Жети күнү болгондо
Ичин жарып алыптыр
Жүрөгүн алып алышып
Как ошондо жанагы
1260 Отуз күнү болгондо
Аман кайра барышып
Атаңдын көрү дүнүйө!
Ажыдаардын жүрөгүн
Алып келип жанагы
1265 Байбичеге бериптир
Өңдөн азып байбиче
Жинди болгон эмедей
Байлап балдуу көзү ачык
Билги болгон эмедей
1270 Өңдөн азган байбиче
Так ошондо жанагы
Ажыдаардын жүрөгүн
Эми жээп алганда
Талгагы кетип басылып
1275 Өңүнө чыкты байбиче
Так ошондо кулпурум
Жүзүнө келди байбиче
Как ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө!
1280 Көргөн адам кеп айтып
Көрүнгөн адам бек айтып
Эмине болгон шумдук деп
Мунун туур баласы
Балакетти дүмөктөп
1285 Атаңдын көрү дүнүйө!
Табылбай эми жүрөк деп
Өлүп кала таштадык
- деп ошондо мергендер
Атаңдын көрү дүнүйө!
1290 Аман-эсен келгендер
Ошо кезде жанагы
Уламалуу кеп кылып
Кыдырдын эми көргөнүн
Узун сабаа кеп кылып
1295 Улап-улап айтышып
Мына ошондо жанагы
Эне бою балкышып
Байбиче качан тууйт деп
Аны күтүп жатышты
1300 Так ошондо жанагы
Чоң үчкүгө батышты
Ошо кезде сурасаң
Тогуз айы толуптур
Тогуз күнү болуптур
1305 Ошо кезде байбиче
Туур күнү болуптур
Атаңдын көрү дүнүйө!
Туур күнү болгондо
Тогосу эми башталды
1310 Так ошондо жанагы
Өйдө болсо бели ооруп
Эки кара саны ооруп
Бүткөн бойдун баары ооруп
Кыймылдаса жанагы
1315 Эне бою былкылдап
Атаңдын көрү дүнүйө!
Өөдө бойдун баарысы
Ажырап эми кетти дейт
Атаңдын көрү дүнүйө!
1320 Устаканы бөлүнүп
Чыга жаалы жетчидей
Так ошондо байбиче
Көзүнүн жашы төгүлүп
Атаңдын көрү дүнүйө!
1325 Табылгы түбүн карманып
Жаратканга жалбарып
Дооло түбүн карманып
Так ошондо береги
Ата-бабаң арбагы
1330 Колдой көр деп жалбарып
Дабылгы түбүн кармаса
Бекемирээк болор деп
Тоодо түргүн кармаса
Күчтүү бала туар деп
1335 Аны менен караса
Ырымын мындай кылдырды
Атаңдын көрү дүнүйө!
Эки күнү болгондо
Эби кетип байбичең
1340 Эстен танып алдырап
Кеби кетип байбиче
Атаңдын көрү дүнүйө!
Балада курсак чирелсе
Курсактагы баласы
1345 Кадимкидей тирелсе
Атаңдын көрү дүнүйө!
Белдемчинин тигиши
Беш жеринен үзүлүп
Байбиче көзү сүзүлүп
1350 Анан сайын анталап
Жаратканга санталап
Так ошондо жалбарып
Атаңдын көрү дүнүйө!
Менин жанымды жээчү балабы?
1355 Жарып ичтен алабы
Же жарып жесир калабы
- деп ошентип жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө!
Мына ошондо эр Жакып
1360 Байбичени көргөндө
Ак өргөөнү көтөрүп
Мына ошондо жанагы
Көтөргөндө киргизип
Сый урматын билгизип
1365 Бүбү менен бакшыны
Жаман менен жакшыны
Жыйып эми турду эле
Аралаш ырым кылды эле
Ырымын кылып жалбарып
1370 Так ошондо береги
Аз да жараткандын өзүнө
Арызын айтып турушту
Ырымын мындай кылышты
Атаңдын көрү дүнүйө!
1375 Так ошондо жанагы
Кыз келиндин баарысы
Эми минтип барышып
Жандалбастап суу үркүп
Азыркысын калышып
1380 Үчүнчү күнү болгондо
Атаңдын көрү дүнүйө!
Айкайын укса байбиче
Мына ошондо жанагы
Анча мынча жүнү бош
1385 Эми жанда түңүлдү
Атаңдын көрү дүнүйө!
Кыз келиндин баарысы
Өөдө-төмөн жүгүрүп
Ээси кетип алдырап
1390 Эс табалбай жалдырап
Как ошондо жанагы
Төртүнчү күнү болгондо
Так ошондо жанагы
Кереге түбүн карманып
1395 Мына ошондо береги
Келиштире жарбарып
Умай эне Улукман
Уялбай ичин оңдотуп
Мына ошондо байбиче
1400 Жакшылыкка жолдотуп
Бешинчи күнү болгондо
Так ошондо береги
Ата кокуй белим деп
Мына ошондо береги
1405 Көзгө ажал көрүнүп
Көөңүлү бөлүнүп
Мына ошондо жанагы
Эс табалбай алдырап
Атаңдын көрү дүнүйө!
1410 Бакаңды бермап? бакырды
Бүбү менен бакшыны
Эми эсин койбой чакырды
Ата түндүктү кармап түйүлдү
Эми көргөндөр жандан түңүлдү
1415 Алтынчы күнү болгондо
Ай аябай толгондо
Айланайын байбиче
Алдан сайын жанагы
Ай кайы катуу дуу болду
1420 Так ошондо жанагы
Баскан жери чуу болду
Как ошондо нетти деп
Мына ошондо береги
Айлы калбай энтелеп
1425 Ээси кетип жалдырап
Эс табалбай алдырап
Мына ошондо жанагы
Жетинчи күнү болгондо
Ошо кезде эр Жакып
1430 Ак сар башы төө айтып
Ай туякка бээ айтып
Айракөчтөн төө айтып
Атаңдын көрү дүнүйө!
Ай эми деп? уй айтып
1435 Мына ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө!
А Чолпон Ата тукуму
Ак сар башы кой айтып
Как ошондо жанагы
1440 Курман кылып ушуну
Жетим менен жесирге
Мына ошондо мискинге
Садага кылып таратып
Жан жанына каратып
1445 Садагасын тарттырып
Сар улагын чаптырып
Ырымын эми кылдырып
Так ошондо турду эле
Амалы кетип курду эле
1450 Ошо кезде береги
Сегизинчи күнү толуптур
Мына мындай болуптур
Байбичени караса
Атаңдын көрү дүнүйө!
1455 Баскан жери оюлуп
Кармаганы чоюлуп
Атаңдын көрү дүнүйө!
Жандан эми тоюнуп
Өлө турган болуптур
1460 Атаңдын көрү дүнүйө!
Ажалы келип чоң мүшкүл
Көрө турган болуптур
Мына ошону көргөндө
Атаңдын көрү дүнүйө!
1465 Ээ кырк сегиз катын жабылды
Жанагы чыдай камынды
Жыйырма төрттөн бөлүндү
Кызыгы мындай көрүндү
Кыл арканын артышып
1470 Басаң эми курсактан
Мына ошондо тартышып
Тарткын эми тарткын деп
Как ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө!
1475 Минтип эми жан бөлүп
Атаңдын көрү дүнүйө!
Абалы кетип алдырап
Ээси кетип жалдырап
Тогузунчу күнүндө
1480 Атаңдын көрү эр Жакып
Мына ошондо жанагы
Токсон бирдей мергенди
Азыркысын жыйдыйрды
Ырымын мындай кылдырды
1485 Атаңдын көрү дүнүйө!
Ошо кезде береги
Көккө эми сундуруп
Тосону бирдей залп атып
Как ошондо сурасаң
1490 Тогуз жолу жанагы
Асманды көздөй аттырып
Мына ошондо жанагы
Жыкаранын баары чачылсын
Агы кетип ачылсын
1495 Так ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө!
Мына ошондо будалап?
Каранын баарын кубалап
Атаңдын көрү дүнүйө!
1500 Жакшылыкка берсин деп
Эми жараткан бала берсин деп
Как ошондо сурасаң
Кырк кара боз быштыны
Кыдырата байлатып
1505 Кыракан эми шайлатып
Азыркысын сурасаң
Кыз болсоң үйдө калгыла
Кыймылдабай момунда
Эркек болсо баргыла
1510 Талаадан мени тапкыла
Мына ошондо береги
Атаңдын көрү дүнүйө!
Эртерээк эми жеткиле
Сүйүнчү деп кеткиле
1515 Атаңдын көрү курган жан
Эркек бекен кыз бекен
Аныгын билип алгыла
Андан кийин баргыла
Эркек тууса момундай
1520 Анда Кудай бергениң
Эгер эми кыз тууса
Балакет гана башка да келген уу
Башка чукак мен элем
Мына ошондо жанагы
1525 Эркек тууп койсо эгер
Ээ мына ошондо жанагы
Кулап кетип жүрбөйүн
Кулап кетсем эгерде
Ар ким шылдың кылбасын
1530 Атакебиз куулап калды деп
Кыз келиндин баарысы
Шылдың кылып турбасын
Өлсөм дагы талсам да
Жыгылсам да калсам да
1535 Ээн жерге барайын
Эмне болсо анысын
Ошондон угуп алайын
деп ошондо эр Жакып
Тоону көздөй салыптыр
1540 Камбар боздун үйрүнө
Аттанып үйрүп алыптыр
Ал аңгыча жанагы
Мына ошондо айылы
Ошо жерде калыптыр
1545 Кыз-келиндин баарысы
Кырк-сегизи жабылып
Сууну бүркүп камынып
Ал да Кудай берсин деп
Оо жараткан Теңирим
1550 Мына ошондо жардамга
Өзүң эми келсин деп
Тогуз кабат асмандын
Күчү колдоп турсун деп
Жети кабат кара жер
1555 Бүтү колдоп турсун деп
Мына ошондо жел кайып
Булу татф буруккан ?
Аның колдоп турсун деп
Ата кокуй дүнүйө!
1560 Ырымын мындай кылышты
Ырым кылып турушту
Ал аңгыча караса
Умай эне Улукман
Мына ошондо сурасаң
1565 Эми келдиң улуктан
Азыркысын караса
Атаңдын көрү дүнүйө!
Жантууда жаткан балага
Жанына жакын барганы
1570 Карында жаткан баланын
Как ошондо камыны
Чыгарылбай калганы
Чыккын эми баланы
- деп ошондо баланы
1575 Мына ошондо береги
Урутту көздөй уруптур
Мына ошондо баланы
Тышты көздөй кууптур
Анда бала кеп айтат
1580 Барбаймын эми талаага
Так ошондо өзүмдүн
Ырысым кайда деп айтат
Ырысың сенин элде деп
Мына ошондо береги
1585 Кыйнай бербей энеңди
Так ошондо береги
Эртерээк эми чыккын деп
Айтканымды уккун деп
Как ошондо калганы
1590 Калкым менин кайда деп
Балаң айтып салганы
Калкың сенин калкта деп
Элиң сенин элде деп
Элиң сенин жерде деп
1595 Как ошондо береги
Ушуреки турмушка
Келгин эми кыргызга
Деп ошондо калганы
Айтып эми салганы
1600 Ал аңгыча жанагы
Урутту барып уруптур
Мына ошондо береги
Азыркысын бул бала
Карынды катуу сүзгөнү
1605 Мына ошондо түшкөнү
Азыркысын карасаң
Эки колун толтура
Кан чеңгелдеп түшкөнү
Мына ошондо карасаң
1610 Атаңдын көрү байбиче
Эстен ооп кетиптир
Ажалың эми жетиптир
Как ошондо береги
Марту басып кетти деп
1615 Байбичеге нетти деп
Катындын баары жабылып
Жаны калбай камынып
Сууну алып бүркүшүп
Так ошондо дүрбүшүп
1620 Мына булар минтип калганы
Атаңдын көрү дүнүйө!
Ошо кезде береги
Эсине эми байбиче
Ошо кезде алганы
1625 Ал аңгыча караса
Бала жерде калыптыр
Аркасында баланын
Айдай кара жалы бар
Оң далынын астында
1630 Алакандай калы бар
Оозун ачып караса
Эки чыккан азуу бар
Так ошондо береги
Маңдайы жазы башы кууш
1635 Бар боюнда турат туш
Кочкор тумшук кош кирпик
Көркү калча көзү тик
Жалаяк ооз жар кабак
Жаагы жазы ээги узун
1640 Бил мүчөлүү бадырек
Эр мүнөзү көрүнөт
Алакан жазып кол ачып
Шер мүнөзү көрүнөт
Так ошондо жанагы
1645 Оозунда Манастын
Мына ошондо жанагы
Эки чыккан азуу бар
Оң бөлтөктүн астында
Манас деген жазуу бар
1650 Аны көрүп алыптыр
Айран азыр калыптыр
Так ошондо жанагы
Иши кетип оңолду
Оң бөлтөктүн астында
1655 Манас деген жазуусу
Азыркысын жоголду
Так ошондо неткени
Байбичеге момундай
Эс-акыл кирип жетти эми
1660 Балам кайда экен деп
Мына ошондо жанагы
Сөзүн салып кетти эми
Ал аңгыча баланы
Как ошондо карасаң
1665 Чочогу жатат чормоюп
Как ошондо береги
Өзү жатат болтоюп
Баркырап бала ыйласа
Тай чабым жерге уулду
1670 Анча-мынча катындар
Эси кетип жыгылды
Ээ так ошондо береги
Баланы алып бергин деп
Эми айтып калганы
1675 Бердикенин катыны
Безилдеп баса барганы
Мына ошондо баланы
Эми жерден алганы
Көтөрө албай ошондо
1680 Көлтөктөп чочуп калганы
Ал аңгыча карасаң
Ак Балтанын катыны
Ал да жетип барганы
Экөө бирдей момундай
1685 Ал алышпай калганы
Ээ көзү тийип кетет деп
Ошо кезде катындар
Ээ сөзү тийип кетет деп
Мына ошондо жанагы
1690 Бакдөөлөт басып барыптыр
Этегине салыптыр
Этегине салганда
Таманынан эки ээли
Жерге кирип калыптыр
1695 Как ошондо билдирбей
Азыркысын барагы
Жамандарга сездирбей
Бакдөөлөт алып барганы
Как ошондо жанагы
1700 Кайран энең Чыйырды
Өзүнө бере салганы
Мына ошондо Чыйырды
Азыркысын карасаң
Майдан алып келгин деп
1705 Мына ошондо жанагы
Үч карынды момундай
Үч кайтара салыптыр
Ошол кезде бул бала
Үч карындын майларын
1710 Чай кайнам калбай момундай
Эми соруп алыптыр
Ошо кезде береги
Кайран энең момундай
Ырымын мындай кылган соң
1715 Оң эмчегин салганы
Адегенде уз чыкты
Андан кийин сүт чыкты
Андан кийин кан чыкты
Чыдай албай энеңден
1720 Кадимкидей жан чыкты
Так ошондо жанагы
Айланайын энекең
Ошондо союп жентекке
Ээ мына ошондо береги
1725 Эркелетип тентекти
Азыркысын карасаң
Атаңдын көрү дүнүйө!
Жетим менен жесирге
Ачык менен мискинге
1730 Таратып эми салганы
Ырымын мындай кылыптыр
Так ошондо жанагы
Азыркысын караса
Ээ колдогондун баарысы
1735 Колтугунда чамынат
Жөлөгөндүн баарысы
Жайнай салып камынат
Колдогону кырк-тогуз
Жайнай басып билинет
1740 Так ошондо баланын
Сүрү мынча көрүнөт
Анча-мынча катындар
Ичи бузук жамандар
Көрө албаган арамдар
1745 Жанына эми баралбай
Азыркысын карасаң
Баланы эми алалбай
Ээ чекесинен сүйө албай
Так ошондо баланы
1750 Үстүнө басып кире албай
Так ошондо коркоктор
Үч төмөндөп жыгылды
Мына ошондо береги
Эси чыгып момундай
1755 Азыркысын карасаң
Мындай болду кылыгы
Так ошондо туруптур
Ээ мына ошондо береги
Баласы мындай болуптур
1760 Эми айтылып оозго толуптур уу

American University of Central Asia
7/6 Aaly Tokombaev Street
Bishkek, Kyrgyz Republic 720060

Tel.: +996 (312) 915000 + Еxt.
Fax: +996 (312) 915 028