91鶹

American University of Central Asia - AUCA - Transcription 2

Doolot Sydykov - Transcription Two

D2

Doolot Sydykov, 'Birth of Manas', recorded 22 February 2018

Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available]

Transcription below by Alymkan Jeenbekova

Ээ жасабаса жараткан
Бүтүнүндө чара жок
Жараткан бүтүн берген соң
Бөлөрүнө ала жак
5 Кечээ күнү эр Жакып
Кырк сегизге барса да
Аталап чыгар бала жок
Эки катын алыптыр
Эки катын түп туубай
10 Бала көрбөй калыптыр
Как ошондо кайгырып
Капаланып туралбай
Өөдө ооп эр Жакып
Эми ишке чыгалбай
15 Өөдө болсо бүгүлүп
Мына ошондо Жакыпка
Кыямат жакын көрүнүп
Өлгө барса көбү айтат
Куу баш болду деп айтат
20 Эки бирдей катыны
Туубас болду деп айтат
Баланы көрсө жашыптыр
Элди көрсө эр Жакып
Жашынып үйдө жатыптыр
25 Наалыш кылып курушум
Кудай менен урушуп
Наалыш сөзүн айтыптыр
Как ошондо эр Жакып
Үнү бою балкыптыр
30 Чыйпылдатып чымчыкка
Эми бала бердиң деп
Коркулдаган доңузга
Бугада бала бердиң деп
Как ошондо жанагы
35 Төрт түлүктү макулук
Жыланда болсо жырткычтыр
Ага да бала бердиң деп
Мына ошонун баарынан
Мен курган Жакып киммин деп
40 Неликтен жазып койдум деп
Айланайын жараткан!
Тирүүлөй кыйнап сойдуң деп
Эртең көзүм жумулса
Аталап мени жокторго
45 Артымда дүйнө топторго
Уулу жолун уларга
Изим басып сурарга
Зыйнатыма турарга
Чымчып топо саларга
50 Жалгыз туяк болсо деп
Ата кокуй бу дүйнө!
Ата деген ушундай
- деп ошентип аларга
Артыман улап каларга
55 Эл ичинде жүрөргө
Элдир-селдир эс берип
Мына ошондо жараткан
Бир туяктан кем кылдың
Тирүү жүрсөң сандалып
60 Бир баладан кем кылдың
Айланайын жараткан
Ушунун баарын сен кылдың
Болбосо неден жаздым деп
Атанын жолу бүтөбү
65 Ээсиз калган сан кара
Кара кытай Чымачын
Ушуреки көп адам
Бардык менен түтөбү
Артыңда туяк болбосо
70 Тумшугуңдун катканы
Туураланып жатканы
Артыңда туяк жок болсо
Адырда жылкы алты сан
Айдаса бир күн доолуку
75 Кыйкырса бир күн жоолуку
Как ошондо береги
Ээсиз алган малымды
Эл айдатып түгөтөр
Муну менен күн өтөр
80 Күн өткөн соң ушунча
Дүнүйөнү ким күтөр
- деп ошондо эр Жакып
Как ошондо кайгырып
Тураланып алыптыр
85 Тукумду туура күтө албай
Как ошондо наалыптыр
Өөдө болуп коп албай
Эми Жакып туралбай
Тумшугу туура катыптыр
90 Туйгуну Жакып момундай
Ээ баладан көзү катканы
Ошо кезде Жакыбың
Наалыш кылып Теңирге
Теңдеп датын айтканы
95 Как ошондо эр Жакып
Ошо кезде сурасаң
Буру токой белинде
Бураган тоонун кээгинде
Үч эмбек тоонун оюна
100 Азыркысын караса
Ошо кезде Жакыптын
Алтыны алты там болгон
Эсепсиз Жакып бай болгон
Мына ошондо күмүшү
105 Туура жети там болгон
Кураган Жакып бай болгон
Эсепсиз калган санкара
Так ошондо жылкысы
Кырк миңге барып толуптур
110 Кыйраталык болуптур
Ошол кезде жылкынын
Эсебин барып алыптыр
Эстеп жолго салыптыр
Как ошондо эр Жакып
115 Эми келип калды деп
Жылкычысы Балдабай
Кысыр эмди тай союп
Мына ошондо бай коюп
Этин тартып олтуруп
120 Тамагын тартып олтуруп
Улуу сөздөн куурашып
Аңгемелүү кеп кылып
Санжыралуу кеп кылып
Эми жолго салды эле
125 Күүгүм кире күн бата
Аттанып жүрүп алды эле
Аттанып жүрүп алганда
Кайра үйүнө салганда
Мына ошондо береги
130 Күн эңкейген бешимде
Күүгүм кире кечинде
Алды жагын сураса
Как ошондо бурул токой өзүндө
Мына ошондо эр Жакып
135 Келе жатса кечинде
Атаңдын көрү дүнүйө!
Асмандан добуш угулду
Добушун угуп эр Жакып
Тура кетип жыгылды
140 Баш айланып көз чыгып
Кеткениндей болду эми
Эми ажал Жакыпка
Жеткениндей болду эми
Асмандан добуш үн чыкты
145 Айланайын эр Жакып
Алдыгы жерге тура тур
Айтканымды уга тур
- деп ошондо Жакыбың
Азыркысын караса
150 Кээде эске келе алса
Кээде эске келе албай
Кээде тилге келе алса
Кээде тилге келе албай
Как ошондо жанагы
155 Мына ошондо Жакыптын
Бурул токой маңдайдан
Как ошондо караса
Ак чубалып көрүндү
Ак чубалып көрүнсө
160 Үстү жагы дөө келет
Жер бетине не келет
Мына ошондо жанагы
Абалкысын сурасаң
Так ошондо кыргыз кан
165 Мына ошондо угуз кан
Сактан, Түмөн атаңыз
Мына ошондо атаңыз
Как ошондо береги
Бастырып жолго салыптыр
170 б/дэр атаңдын алдынан
Эми чыга калыптыр
Ошолордун баарысы
Алдына келди Жакыптын
Андан кийин артынан
175 Эр Жакыптын момундай
Өтүп кеткен жанагы
Ороздун эми атасы
Андан кийин береги
Караган болгон бабасы
180 Ногой болуп момундай
Как ошондо бубасы
Ары жагын сурасаң
Как ошондо береги
Мына ошондо Балакан
185 Ошол экен кубасы
Атаңдын көрү дүнүйө!
Ак Жолтой экен жетеси
Ата кокуй дүнүйө!
Сан колдой экен түбү деп
190 Мына ошондо Бөйөкан
Азыркысын Чаякан
Атаңдын көрү дүнүйө!
Тараган ушу кыргыздан
Тогуз бирдей атасы
195 Келген экен Жакыпка
Эч жерде жок катасы
Баары атасы кан өткөн
Баары журтка даң өткөн
Түп атасы кан өткөн
200 Түгүл журтка даң өткөн
Эринин баары ээлигип
Мына ошондо жанагы
Эрдин баары желигип
Эми келип туруптур
205 Ошол кезде эр Жакып
Барып салам кылыптыр
Арыбаңыз аталар
- деп ошентип калганы
Саламын эми алганы
210 Бар бол эми балам деп
Баары алкап калганы
Айланайын эр Жакып
Жараткандын өзүнө
Даатың барып өттү деп
215 Мына ошондо береги
Бир Теңирдин өзүнө
Мууңуң барып жетти деп
Ушу кезде сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө!
220 Мына ошондо жараткан
Даатыңды угуп алды деп
Бизди жолго салды деп
Ушуреки береги
Түп атаң болот Түмөн деп
225 Башка атаң болот баары деп
Жакшылап таанып алгын деп
Мына ошондо Угуз деп
Аркы атаң болот Кыргыз деп
Берки атаң болот Угуз деп
230 Как ошондо карасаң
Сактан, Түмөн атаң деп
Ушулардан башталып
Күн тукумуң уланып
Как ошондо куралып
235 Узун кыргыз эл болгон
Ушулардын баарысы
Жалгыз башын сурасаң
Сан элине тең болгон
Как ошондо береги
240 Алышкан душман кем болгон
Жараткандын нурунан
Жаралган ушул эл болгон
Нур тукуму аталып
Жараткандан баш алып
245 Көчкөн элден экенбиз
Уланып эми бул күнгө
Жеткен элден экенбиз
Ат үстүндө ойногон
Көчмөн элден экенбиз
250 Ак карлуу тоону жердеген
Арстан элден экенбиз
Так ошондо момундай
Айтылса оозго тоолуучу
Дастан элден экенбиз
255 Айланайын эр Жакып
Жараткандын буйругу
Эки болбойт өзүңө
Көрүндү эми көзүңө
Ушуреки баарыбыз
260 Баталап атып бүттү деп
Бир өзүңдөн сурасаң
Аталап атып бүттү деп
Айланайын көк Теңир
Бизге ыраа көрдү деп
265 Өзүңө бала берди деп
Мына ошондо сурасаң
Тогуз кабат асмандын
Ушу кезде сурасаң
Төбөсүнөн түшөт деп
270 Жети кабат кара жер
Ыйыгынан бүтөт деп
Ушуреки жел кайып
Бир өзүнөн бүтөт деп
Мына ошондо жанагы
275 Баары ырдаса кыргыз эл
Барлык менен күтөт деп
Айланайын эр Жакып
Ырайымды кылдык деп
Жүзүбүздү бурдук деп
280 Аткарып эми турдук деп
Ушуреки кыргызга
Бир өйүңдө кут келет
Бу кыргызга туш келет
Кыргызга эми келгени
285 Ааламга эми дем деди
Ушуреки ааламдын
Калыстыгын орнотуп
Как ошондо жанагы
Жалпы адамзат пендеге
290 Жаралган бала болот деп
Айтылып оозго толот деп
Ушуреки жараткан
Жарлыгы менен келет деп
Атаңдын көрү дүнүйө!
295 Түгөнөрдө кыргызды
Түптөп чыгат бул бала
Чачылганда кыргызды
Жыйнап чыгат бул бала
Дем бүткөндө кыргызды
300 Күчтөп чыгат бул бала
Кубатың артып өтөт деп
Мына ошондо жанагы
Отуз жүз миң ааламга
К/ойбой салып кетет деп
305 Как ошондо жанагы
Жакшылап эми күтүп ал
- деп ошондо жанагы
Алакан жазып калыптыр
Баталап эми алыптыр
310 Алакан жазып кол берип
Айланайын жараткан
Мына ошондо берсин деп
Ошореки бул бала
Тогуз айдын өзүндө
315 Үйүнө эми келсин деп
Аккан жашын кыргыздын
Тыйган бала болсун деп
Чачылганда кыргызды
Жыйган бала болсун деп
320 Как ошондо карасаң
Атаңдын көрү дүнүйө!
Этегиңди тос деди
Этегин Жакып тосуптур
Как ошондо жанагы
325 Аталарды сураса
Көккө колун созуптур
Көктөн эми жанагы
Чагылган түшүп бүркүрөп
Күн чайкалып ачылып
330 Асмандан эми нур түштү
Как ошондо жанагы
Нурду эми алганы
Этегине Жакыптын
Как ошондо салганы
335 Ырымы болсун кыргыз туу
Как ошондо жанагы
- деп ошондо баарысы
Баталап туруп калганы
Мына ошондо эр Жакып
340 Этегине салганы
Боюна сиңип кетти эми
Мына ошондо неткени
Азыркысын эр Жакып
Батасын алып калыптыр
345 Как ошондо караса
Караса көзгө илинбей
Кайда экени билинбей
Мына ошондо сурасаң
Кайып болду баарысы
350 Кайып болуп кеткени
Жер жарылып закымдап
Жерге жарык жетти эми
Ошо кезде эр Жакып
Буулоолонуп буу чыгып
355 Таманынан суу чыгып
Так маңдайдан бөлүнүп
Мына ошондо көрүнүп
Турган жерде катыптыр
Как ошондо эр Жакып
360 Ошол кезде таңында
Эсине келип басыптыр
Эс-бас болгон эмедей
Как ошондо кеңгиреп
Эми Жакып эңгиреп
365 Туура жолго салды эле
Аттанып жүрүп алды эле
Үйүнө Жакып барды эле
Мына ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө!
370 Ошо кезде неткени
Азыркысын жанагы
Жүр байбиче баралы
Барып жолго салалы
- деп ошондо жанагы
375 Тилек кылып алалы
Канча жылдан бер карай
Көрүнбөгөн көзүмө
Билинбеген өзүмө
Өңүн эми көрбөгөм
380 Мына ошондо баарысы
Көк Теңирдин буйругун
Аткарып эми келди деп
Жүр байбиче баралы
Курмандыкты чалалы
385 - деп ошондо жанагы
Улуусу экен Чыйырды
Кичүү катын дегени
Как ошондо Бакдөөлөт
Экөөнү эми алыптыр
390 Алтын Көлдүн жээгинде
Ата кокуй дүнүйө!
Манжылынын мазарга
Как ошондо барганы
Курмандыгын чалганы
395 Мына ошондо береги
Атаңдын көрү дүнүйө!
Ырымын мындай кылыптыр
Ошо кезде момундай
Ата-бабаң арбактан
400 Как ошондо жан жактан
Ата кокуй дүнүйө!
Көк Теңирдин өзүнөн
Бала сурап туруптур
Бала эми бергин деп
405 Мына ошондо береги
Ырымын эми кылыптыр
Ата кокуй дүнүйө!
Кырчасын кылдан эштирген
Бүтүн жердин кыргызга
410 Ырым кылып кестирген
Мына ошондо жанагы
Атаңдан калган чоң тулу
Ырым кылып момундай
Ошо кезде жайганы
415 Бата тилеп калганы
Атаңдын көрү дүнүйө!
Ал күнү антип жатыптыр
Как ошондо жанагы
Мазарды мынтип басыптыр
420 Мазар көрсө сыйынып
Ошо кезде береги
Топту көрсө момундай
Кайран Жакып ыйынып
Мына ошондо береги
425 Кайра кайтып келди эми
Ошо кезде сурасаң
Дүнүйө бүткөн Дүйшөмбү
Дүйшөмбүнүн күнүндө
Мына ошондо сурасаң
430 Эрениң Жакып түш көрүп
Бир көргөнүн үч көрүп
Как ошондо сурасаң
Ошо көргөн түшүндө
Мына ошондо эр Жакып
435 Азыркысы момундай
Мына ошондо жанагы
Асмандаган чоң чоку
Чоң чокунун өзүнө
Эми чыгып барды эле
440 Ал ан сайын Жакыптын
Алтымыш кулач узарып
Бою кетип барды эле
Бою эми узарды
Айлананы караса
445 Как ошондо жанагы
Тогуз кабат асманга
Жакыптын көзү жетиптир
Же кара жерди караса
Жети кабат кара жер
450 Мына ошондо эр Жакып
Эми көзү өтүптүр
Айлананы караса
Как ошондо сан жылдыз
Отуз жүз миң ааламга
455 Мына ошондо Жакыбың
Азыркысы момундай
Көзү жетип турду эле
Эне бою кулачтуу
Өзү жетип турду эле
460 Колун сунса жанагы
Жерди кармап турду эле
Мына ошондо эр Жакып
Атаңдын көрү дүнүйө!
Эр Жакыпты сураса
465 Оң ийинде күн конду
Сол ийинге ай конду
Ай конбосо неткени
Мына ошондо эр Жакып
Азыркысы момундай
470 Ааламга башы кеткени
Буту жерде болгону
Мына ошондо жанагы
Айы менен күнүсү
Мына ошондо ийинге
475 Эми Жакыптын келип конгону
Ошо кезде эр Жакып
Мына ошондо толгонуп
Азыркысын оңдонуп
Мына ошондо сураса
480 Атаңдын көрү дүнүйө!
Арта кызык тамаша
Так ошондо караса
Мына ошондо жанагы
Бою кетип узарып
485 Көзү кетип кызарып
Ойгонуп гана Жакып да кеткени эээ
Кетпегенде неткени
Азыркысын сураса
Аңгеме үкчө кураса
490 Как ошондо жанагы
Эшикке чыгып барыптыр
Таң агарып атканда
Тараза жылдыз батканча
Эми басып момундай
495 Булоолонуп буу болуп
Эне бою суу болуп
Үйгө басып кире албай
Мына ошондо жүрүптүр
Атаңдын көрү дүнүйө!
500 Байбичелер нетти деп
Уктап эми кетти деп
Как ошондо караса
Суусап Жакып момундай
Ичке кирип барганы
505 Азыркысы момундай
Ойгонуп эми момундай
Бакдөөлөт эми калганы
Ата кокуй дүнүйө!
Байтал бээнин бал кымыз
510 Асый аяк өзүндө
Чайкап-чайкап куйгуну
Оң бүлкөнү бүлкүлдөп
Сол тизеси бүлкүлдөп
Как ошондо Жакыпка
515 Эми сунуп туруптур
Ишааратын кылыптыр
Атаңдын көрү дүнүйө!
Олтуй басып бүгүлүп
Оң тизеден жүгүнүп
520 Солтуй басып бүгүлүп
Сол тизеден жүгүнүп
Эр Жакыпка сунганы
Как ошондо эр Жакып
Мына ошондо жанагы
525 Кымызын ичип алган соң
Андан кийин момундай
Алкышын айтып туруптур
Азыркысын караса
Атаңдын көрү дүнүйө!
530 Бети-колун жуунуп
Мына ошондо береги
Кыңгырап эми буунуп
Мына ошондо жанагы
Эр Жакыптын гана доор туду
535 Ошондо кабырга тоонун этинде
Ата кокуй дүнүйө!
Ак саздын бери четинде
Аземел суунун боюнда
Мына ошондо жанагы
540 Ар нерсе бар оюнда
Как ошондо карасаң
Атаңдын көрү неткени
Ордосуна момундай
Эми гана Жакып да жетти эми
545 Ал аңгыча байбиче
Мына ошондо чоюлуп
Ордунан туруп ойгонуп
Как ошондо байбиче
Эми туруп кеп айтат
550 Эй айып этпей байым деп
Уктап эми кетипмин
Мына ошондо береги
Ээ түштөн эми түш көрдүм
Мына ошондо жанагы
555 Мында кызык иш көрдүм
Айланайын байым деп
Как ошондо калганы
Анда байы кеп айтат
Ырас болду байбиче
560 Мен да көрдүм деп айтат
Как ошондо жанагы
Ошо кезде түштөрүн
Ушу көргөн иштерин
Как ошондо караса
565 Атаңдын көрү дүнүйө!
Айланайын байым деп
Уруксат болсо эгер деп
Түшүмдү айтып берейин
- деп ошондо калганы
570 Андай болсо айткын деп
Жакып угуп калганы
Ээ ошо кезде караса
Атаңдын көрү дүнүйө!
Ээ ушу көргөн түшүмдү
575 Мына ошондо ишимди
Атаңдын көрү дүнүйө!
Текери алтын тегичи?
Тегереги эки
Көзү кара көк шалпан?
580 Көргөндөн кайра тартпаган
Көлөктөй жемден кайтпаган
Салганын кайра тарпаган
Табактай жемден кайтпаган
Көзү кара көк шалбын
585 Так ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө!
Мына ошондо жанагы
Атаңдын көрү ак шумкар
Эми колдон алыптыр
590 Албаганда неткени
Атаңдын көрү дүнүйө!
Ошо кезде чоң боз үй
Чоң боз үйү тигилип
Ошо кезде ичинде
595 Турган экен билинип
Мына ошондо карасаң
Атаңдын көрү дүнүйө!
Аркасында момундай
Жети бирдей боз үйү
600 Турган экен момундай
Так ошондо тигилип
Ар кайсысын караса
Ар кайсында кушу бар
Көрүп турган ушулар
605 Как ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө!
Ошо кезде неткени
Куш төрөсү Буудайык?
Азыркысы момундай
610 Үнүн эми чыгарса
Жаңырып эми ааламга
Үнү эми өткөнү
Үнүнөн эми караса
Атаңдын көрү дүнүйө!
615 Жылып чыккан жылан жок
Ойноп чыккан кулан жок
Сойлоп чыккан жылан жок
Ал аңгыча караса
Канатын күүлөп ийгени
620 Канатын күүлөп ийгенде
Ошо кезде жанагы
Күүсүнөн момундай
Туурдугу түрүлүп
Атаңдын көрү боз үйү
625 Кеткен экен сүрүлүп
Как ошондо неткени
Азыркысын жетөөсү
Жаны чыга кетти эми
Жаны чыгып далбастап
630 Атаңдын көрү дүнүйө!
Ары-бери калдастап
Өлүп кала таштады
Мына ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө!
635 Куш төрөсү Буудайык
Муну кармап алыпмын
Ал эмине болуучу?
Ал түшүмдү жоруучу
- деп ошондо калганы
640 Айтып кебин салганы
Ал аңгыча караса
Атаңдын көрү дүнүйө!
Ак сакалдуу дубана
Эшиктен басып кирди эми
645 Саламын эми берди эми
Кызыл алма берди эле
Кызыл алма бергенде
Оозума тиштеп салыпмын
Аны менен карасам
650 Аягымдан ажыдаар
Буулуп эми ышкырып
Мына чыгып алыптыр
Ал эмине болуучу?
- деп ошондо калганы
655 Мына ошондо Жакыптын
Өзүнө айта салганы
Ал аңгыча караса
Атаңдын көрү дүнүйө!
Ошо кезде эр Жакып
660 Эси ооп эңгиреп
Мына ошондо жанагы
Берейин деп бир Кудай
Дал ошондо калганбы
Башыбызда чоң убай
665 Кетейин деп калганбы
Ата кокуй дүнүйө!
Ээ Тилегибиз ар убак
Эми жетейин деп калганбы уу
- деп ошондо эр Жакып
670 Ээ мына минтип калганы
Байбиче кебин салганы
Түштүн башы казандай
Мойнуң ичке кылдай дейт
Ак сакалдуу баарыдан
675 Эс билгендин баарыдан
Ээ чакырып байым алсакпы
Курмандыкты чалсакпы
- деп ошондо алдагы
Айтып эми салганы
680 Ырас айттың байбиче
- деп ошондо жанагы
Мына ошондо сурасаң
Тогуз бээни алдырып
Бир жеринде ала жок
685 Оо бир жеринде кара жок
Ата кокуй дүнүйө!
Ак боз бээни алдырып
Ата-бабаң арбакка
Атап туруп чалдырып
690 Оо так ошондо эр Жакып
Ат уулунун барынан
Сакалдуулап чакырып
Жетим менен жесирге
Мына ошондо жанагы
695 Садагасын чаптырып
Сары улагын тарттырып
Ата бир момундай кылдырып
Бир тойгузуп салдырып
Ат уулдуулап баарысын
700 Как ошондо ордого
Киргизип эми турду эле
Ак сакал менен көк сакал
Ээ көптү көргөн даанышман
Жеке чыгаар жарышты
705 Ошол элдин ичинде
Эрин тууган Ак Балта
Атаңдын көрү дүнүйө!
Жилигиң каздай каркылдап
Аксакалы жаркылдап
710 Эрениң Балта дагы бар
Как ошондо жанагы
Жылкы башы Бадалбай
Ээ ногойдон чалы кары бар
Как ошондо көрүп ал
715 Эрин тууган эри бар
Мына ошонда Саламат
Атаңдын көрү дүнүйө!
Так ошондо түп атасы Камбаркан
Ошо кезде Айдаркан
720 Атаңдын көрү дүнүйө!
Ээ аның келген чагы бар
Атаңдын көрү дүнүйө!
Ошолордун баарысы
Чакырткан экен сураса
725 Калмактардын карысы
Аралаш конгон баарысы
Так ошондо береги
Эрен Ошпур байы бар
Атаңдын көрү дүнүйө!
730 Ээ мына ошондо көрүп ал
Ата кокуй дүнүйө!
Биз билбеген канча бар
Как ошондо жанагы
Ак сакалдап жанагы
735 Устаканын тарттырып
Ата кокуй дүнүйө!
Ырымын мындай кылды эле
Ырым кылып турду эле
Андан кийин кеп айтат
740 Айланайын карылар
Ылайыктуу кеп болсо
Айтар эми кеп болсо
Ылайыктуу сөз болсо
Как ошондо жанагы
745 Ээ мына ошондо береги
Баарыбыз бирдей түш көрдүк
Түш көргөндүн үч көрдүк
Мына ошондо береги
Ырымы бар ырыстуу
750 Так ошондо жанагы
Кылганы бар кылыктуу
Ошону жоруп бергиле
Ылайыктуу момундай
Жоруп берсең нетейин
755 Дегениңе көнөйүн
Ушуреки күбө тон
Күбө тонду чечейин
Ылайыктуу түш болсо
Так ошондо мен өзүм
760 Кара жандан кечейин
Ылайыктуу түш болсо
Эми ылдам жоруп бергиле
Барган эми келгиле
Дегениме көнгүлө
765 Түштөн жоруп бергиле
Түштүн башы казандай
Тетир жоруп ийбегин
Оңго жоруп бергиле
Оңго эми оодарып
770 Чоңго жоруп бергиле
- деп ошендо турганы
Мындай кебин курганы
Андай болсо айткын деп
Так ошондо береги
775 Бетке айтып калыптыр
Мына ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө!
Байжигит эми айтчы деп
Коштоп улап калыптыр
780 Ошолордун баарысы
Улап угуп түрүнүп
Мына ошондо жанагы
Кандай эми кеби деп
Мына ошондо береги
785 Эр Жакыптын жөнү деп
Ээ канчаң эми сан кара
Айнап жүрүп эр Жакып
Как ошондо береги
Тамак ашка чакырып
790 Так ошондо койбогур
Азыркысын бул түшүн
Эмине болуп кетти деп
Мына ошондо баарысы
Кулагын угуп түрүнүп
795 Этек жеңин момундай
Кымтыланып калыптыр
Аны менен эр Жакып
Айтып кебин салыптыр
Так ошондо караса
800 Эми Жакып кеп айтат
Ээ түндө жатып түш көрдүм
Бир көргөнүм үч көрдүм
Ошо көргөн түшүмдө
Мына ошондо жанагы
805 Атаңдын көрү дүнүйө!
Башы уулу чийиптир
Ээ мына ошондо чоң чоку
Чоң чокунун өзүнө
Эми чыгып баргамын
810 Барган сайын момундай
Алтымыш кулач узарып
Эми боюм кетиптир
Как ошондо береги
Атаңдын көрү дүнүйө!
815 Боюм кетти узарып
Андан кийин караса
Как ошондо жанагы
Тогуз кабат асмандын
Мына ошондо жанагы
820 Тагын көрүп турдум деп
Так үстүндө жайнаган
Баарын көрүп турдум деп
Жети кабат кара жер
Түбүн көрүп турдум деп
825 Мына ошондо береги
Өнүп-өскөн бул жердин
Гүлүн көрүп турдум деп
Как ошондо береги
Ааламда момундай
830 Отуз жүз миң ааламдын
Жылдызын көрүп турдум деп
Так ошондо береги
Жер үстүндө жайнаган
Турмушун көрүп турдум деп
835 Аны менен көңүлдү
Как ошондо бурдум деп
Ушуреки жер бетин
Кучагына алдым деп
Аны менен караса
840 Айран азыр калдым деп
Ошо кезде береги
Айран калган себеби
Асмандагы жанагы
Жараткандын буйругу
845 Оң ийинден күн чыгып
Сол ийинден ай чыгып
Мына ошондо береги
Ошо келип конду деп
Аягым жерде болду деп
850 Мына ошондо береги
Төбөм көккө кетти деп
Ошо кезде береги
Эки бирдей колума
Мына ошондо береги
855 Оо ата кокуй дүнүйө
Минтип эми караса
Эки бирдей ийинге
Ай менен күнү конду деп
Ал эмине болучу
860 Ал түшүмдү жоручу
Как ошондо береги
Деп ошондо калганы
Айтып кебин салганы
Атаңдын көрү дүнүйө
865 Байбичем дагы түш көрүп
Ал дагы эми үч көрүп
Как ошондо байбичем
Каргайы болгон боз үйгө
Эми кирип барыптыр
870 Он эки канат чоң ордо
Так ошондо береги
Аркасында береги
Жети ордо бар экен
Аны менен сурасаң
875 Албан түрлүү жан экен
Кудай бетин салбай кал
Ошо кезде жанагы
Туш тереси Будайык
Чоң боз үйгө кириптир
880 Ошо кезде байбичем
Ыйыктыгын билиптир
Колуна алып көрүтүр
Мына ошондо береги
Боруна басып өбүптүр
885 Өппөгөндө неткени
Как ошондо жанагы
Шаңшып ийсе Будайык
Кудай бетин салбай кал
Жырылып чыккан жылан жок
890 Ойноп чыккан кулан жок
Жан-жаныбар макулук
Кырылып кала таштаган
Добушу эми момундай
Ай ааламдын өзүнө
895 Жаңырып мынча баштаган
Желпилип койсоң эгерде
Мына ошондо береги
Жердин бети дуу болуп
Жердин үстү чуу болуп
900 Желпингенде жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө
Ошо кезде береги
Жети бирдей боз үйдө
Албан түрлүү куштары
905 Байланып эми турганы
Ошолордун баарысы
Кукулуктап үн чыкпай
Өлүп кала таштаптыр
Калайманды баштаптыр
910 Мына ошондо береги
Жети бирдей боз үйдү
Как ошондо караса
Атаңдын көрү дүнүйө
Уурдугу үзүлүп
915 Мына ошондо береги
Кереге жиби сүзүлүп
Мына мындай болуптур
Ал аңгыча байбиче
Ошо кезде таңданып
920 Айран калып таң калып
Так ошондо турганда
Ак сакал кызыр кириптир
Эшиктен эми кирген соң
Саламын эми бериптир
925 Саламын алса жанагы
Жараткандын белеги
Деп ошондо жанагы
Кызыл алма бериптир
Кызыл алма алыптыр
930 Мына ошондо береги
Кызыгып эми байбиче
Жээп аны салыптыр
Аягынан ышкырып
Ажыдаар болуп чыгыптыр
935 Ал эмине болучу?
Ал түшүмдү жоруучу
Деп ошондо калганы
Азыркысын караса
Түшүн айтып салганы
940 Айраңданып таңданып
Баары бирдей таң калып
Так ошондо жанагы
Сакалдарын сылашып
Аңгемени курашып
945 Каныке эми айтчы деп
Ылайыктуу түшпү деп
Эмине кылып жоруйбуз
Кылымда мындай түш болбойт
Как ошондо Жакыпта
950 Мына мындай иш болбойт
Ата кокуй дүнүйө
Бул эмине кызык деп
Как ошондо таңданып
Жалпылары таң калып
955 Эми карап чарданып
Как ошондо туруптур
Атаңдын көрү эр Жакып
Бериптир эми түштү деп
Келиптир эми момундай
960 Адамга келбес түшү деп
Болуптур мындай иши деп
Как ошондо турганы
Айран калып таңданып
Мына ошондо турганда
965 Ошо кезде сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Мына ошондо береги
Байжигит кепти баштады
Айтаар кептен шашпады
970 Атаңдын көрү дүнүйө
Бериптир Кудай түшүңдү
Оңдоптур Кудай ишиңди
Айланайын Көк Теңир
Көктөн эми сурасаң
975 Жерден келет турбайбы
Караламан калайык
Элден келет турбайбы
Көктөн эми Кыргыздын
Тилегенин баарысы
980 О Жакып сенден келет турбайбы
Айланайын эр Жакып
Ушул көргөн түшүңдү
Ушул көргөн ишиңди
Как ошондо карасаң
985 Чокуга чыгып барганың
Ошо кезде чоң чоку
Башы булут тийгени
Как ошондо Жакыбым
Зоболоңдун өскөнү
990 Чокуга чыгып барганың
Касиетиң дагы арбып
Мынданда өөдө кеткени
Мына ошондо жанагы
Тогуз кабат асманың
995 Чеги болот эмеспи
Жараткандын ал жерде
Деми болот эмеспи
Жараткан көкө Теңирдин
Өзү болот эмеспи
1000 Жараткандын өзүнөн
Жалгыз бала келеткен
Жараткан өзү момундай
Адам болуп кубулуп
Көктөн жерге куюлуп
1005 Как ошондо жанагы
Кубатын сага береткен
Атаңдын көрү дүнүйө
Адамга бүтчү момундай
Кулачын сага береткен
1010 Бир жараткан адамга
Ырысын сага береткен
Как ошондо береги
Жараткандын дөөлөтү
Эми сага келеткен
1015 Жети кабат кара жер
Как ошондо береги
Ошо кезде береги
Арккы дүйнө арбагы
Сени колдоп тураткен
1020 Ошолордун баарысы
Мына ошондо Жакыбым
Сага колун сунаткен
Ошо кезде береги
Келе турган балаңды
1025 Колдоп турат турбайбы
Ошо кезде береги
Жакшылыкка ырысын
Жолдоп турат турбайбы
Отуз жүз миң ааламдан
1030 Эми көрсөң ырыскы
Жылдыздын баары жандырып
Как ошондо береги
Ошолордун баарысы
Оңдоп гана берет да ишиңди уу
1035 Оңунан берет түшүңдү
Ошолордун баарына
Атаң этип айтылып
Дайының этип тарачу
Мына ошондо береги
1040 Ат жеткен эрдин баарысы
Ысымыңа карачу
Ээ айланайын эр Жакып
Ээ канча кылым кошсо да
Келбей турган түш экен
1045 Ээ пенде жалпы тиленсе
Бербей турган иш экен
Как ошондо жанагы
Ата кокуй дүнүйө
Боюн кессең узарып
1050 Ошончо жашка жанагы
Балаң эми чыгуучу
Атаңдын көрү дүнүйө
Ошончо жашка чыкканча
Элге кызмат кылуучу
1055 Так ошондо береги
Эми Жакып угуп ал
Айтканыма кулак сал
Деп ошондо жанагы
Ээ жараткандын бир өзү
1060 Адам болуп кубулуп
Көк Теңирге куюлуп
Өзүнүн атын таанытып
Так ошондо жанагы
Адамзаат пендени
1065 Оңдоп жолго салаткен
Как ошондо карасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Атагы менен алаткен
Деп ошондо жанагы
1070 Оо айланайын жарыктык
Жалпы Кыргыз тилесе
Жалпың эми адамзат
Мына ошондо береги
Атаңдын көрү дүнүйө
1075 Жараткандын өзүнөн
Атын айтып жиберсе
Эми келбейт турган балакен ууу
Ошонун гана барында эр Жакып
Эми бир өзүңө буйруптур
1080 Бул да сага келген буйрукту
Налый бербей Жакыбым
Барлык менен күтүп ал
Казынаң оозун ачыңыз
Ушуреки түш үчүн
1085 Карк алтынды чачыңыз
Дүнүйө көзүн караба
Келе турган бала үчүн
Так ошондон аяба
Деп ошентип калганы
1090 Ыраазымын сага деп
Оңдоп эми берсин деп
Оңунан ишим келсин деп
Эр Жакып айтып калганы
Ал аңгыча Ак Балта
1095 Кебин айта салганы
Байбиченин түшү деп
Ырас болду иши деп
Атаңдын көрү дүнүйө
Оңдоп берсең эгерде
1100 Анысын эми жоруюн
Ушуреки байбиче
Ак өргөөгө барганы
Куш төрөсү Будайык
Эми колго алганы
1105 Турунда конуп калганы
Ушуреки береги
Кайып пирлер колдогон
Жакшылыкка жолдогон
Айтканы эки болбогон
1110 Касиеттүү эр келет
Ааламдан ашыкча
Арта турган шер келет
Как ошондо жанагы
Ушуреки жер бетин
1115 Алар бала болот деп
Арбытарга дүмөктү
Салар бала болот деп
Мына ошондо береги
Атаңдын көрү дүнүйө
1120 Өкүмүң эки болбогон
Өзүн Теңир колдогон
Айтканың эки болбогон
Жараткан өзү колдогон
Мына ошондо береги
1125 Жалгыз тумаң эр келет
Жалдуу көк жал шер келет
Ошолерки баланы
Байбиче ттуйт экен деп
Мына ошондо байбиче
1130 Кер күнү жок бекер деп
Аны айтып салганы
Андан кийин чоң кыдыр
Жараткандын буйругу
Алып эми келгени
1135 Кызыл алма бергени
Андай кийин кыз тулат
Как ошондо береги
Атаңдын көрү дүнүйө
Кызыл алма кыз деди
1140 Кыздан чыккан ууз деди
Эркектен бирди эр туулат
Эрден туулат момундай
Кара көк жал шер туулат
Кыздан бирди эр туулат
1145 Мына ошондо береги
Кыйыныраак шер туулат
Деп ошондо калганы
Айтып эми салганы
Андан кийин сурасаң
1150 Жети бирдей боз үйдө
Жети иниси келет деп
Мына ошондо Бакдөөлөт
Өзү төрөп берет деп
Атаңдын көрү дүнүйө
1155 Ак жолтой бала болот деп
Алдыга чыксаң ак жолтой
Артта жүрсө сан колдой
Мына ошондо береги
Эрен бала болот деп
1160 Мына ошондо береги
Берен бала болот деп
Айтып аны салганы
Азыр айтып калганы
Атаңдын көрү дүнүйө
1165 Оомин деп кол жайып
Мына ошондо береги
Оңдоп эми берсин деп
Оңунан эми келсин деп
Ушуреки кыргызга
1170 Так ошондо баш болуп
Атаңдын көрү дүнүйө
Жалпы журттун баарына
Так ошондо жанагы
Кубаттуу бала болсун деп
1175 Ай ааламдан ашыкча
Кулачтуу бала болсун деп
Атаңдын көрү дүнүйө
Мына ошондо береги
Тилегин эми келтирген
1180 Тилегине жеткирген
Демдүү бала болсун деп
Элге келсе момундай
Элдүү бала болсун деп
Атаңдын көрү дүнүйө
1185 Ошо кезде баарысы
Как ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Жалпы бүткөн пендеге
Жалдуу бала болсун деп
1190 Ата даңшаган эми душманга
Каардуу бала болсун деп
Өзгө өздөй болсун деп
Сөзгө сөздөй болсун деп
Башына бакыттын кушу консун деп
1195 Атаңдын көрү дүнүйө
Оңдоптур Кудай ишиңди
Бериптир Кудай түшүңдү
Деп ошондо баарысы
Оңдоп жоруп калганы
1200 Батасын бере салганы
Ыраазы болуп эр Жакып
Казына оозун ачыптыр
Карк алтынын чачыптыр
Ат туягын алтындан
1205 Алып келип берди эми
Мына ошондо дийилде
Алтындан кылган чоң чапан
Ар бирине кийгизип
Жер жерилтпеген жоргодон
1210 Ар бирине мингизип
Ырымын мындай кылыптыр
Ыраазымын элге деп
Ыраазы болуп туруптур
Түшүң эми келсин деп
1215 Жараткан оңду берсин деп
Баарысы бата кылыптыр
Мына ошондо жанагы
Түшүң оңдуу болду деп
Атаңдын көрү дүнүйө
1220 Олжолуу Жакып болот деп
Башына бакыттын кушу конот деп
Ар кимиси кеп айтып
Мына ошондо бек айтып
Оңдоп эми түш жоруп
1225 Как ошондо нетиптир
Атаңдын көрү дүнүйө
Ээ кечээ күнү сурасаң
Эрен Жакып эр ушу
Ээ телегейи тең ушу
1230 Как ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Эми качан берет деп
Басса турса жабылып
Жаратканга жалынып
1235 Мына ошондо жанагы
Жакып минтип калыптыр
Ал аңгыча караса
Атаңдын көрү дүнүйө
Ай артынан күн өтүп
1240 Ай караңгы түн өтүп
Ээ күн артынан күн өтүп
Күн караңгы түн өтүп
Мына ошондо байбиче
Ошо боюндагы баласы
1245 Азыр төрт ай болуп калыптыр
Талгагы келип калыптыр
Как ошондо неткени
Атаңдын көрү дүнүйө
Байбиченин өзүнө
1250 Балакет эми жеткени
Аз тамакка карабай
Башка тамак жарабай
Атаңдын көрү дүнүйө
Багылаң козу шидим баш
1255 Бур кайнатып таштатып
Кызык оюн баштатып
Кызыкты мындай кылдырат
Анысына карабай
Атаңдын көрү дүнүйө
1260 Алтын комуз домбура
Эми колго алдырып
Акындарга чалдырып
Как ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө
1265 Мистеси бар жаңгагы
Мына ошондо алчасы
Анжыр, курма бар дагы
Атаңдын көрү дүнүйө
Биз көрбөгөн дүйүмдө
1270 Канча бири жайнады
Атаңдын көрү дүнүйө
Мына ошондо кант койуп
Сарымайын топуруп
Как ошондо береги
1275 Казы эритип жал койуп
Мына ошондо жайадал
Жайман атып алдырып
Аш тамагын салдырып
Анысына карабай
1280 Башка тамак жарабай
Атаңдын көрү дүнүйө
Жесем деп жолборс жүрөгүн
Андан бөлөк самабай
Ошо кезде неткени
1285 Атаңдын көрү дүнүйө
Мына ошондо карасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Ач тамакка карабай
Как ошондо турганда
1290 Амалы кетип курганда
Ал аңгыча караса
Атаңдын көрү эр Жакып
Жетимиш бирдей бергенди
Тизип эми алыптыр
1295 Айтып эми момундай
Аңгемени салыптыр
Айланайын берендер
Кагылайын эрендер
Как ошондо сурасаң
1300 Как ошондо баргыла
Атаңдын көрү дүнүйө
Ошо кезде сурасаң
Атаңдын көрү жолборстту
Атып келе калгыла
1305 Ата кокуй дүнүйө
Атып эми келбесең
Мына ошондо нетет деп
Балакеттүү чоң үшкүл
Эми мында нетет деп
1310 Байбичем өтүп кетет деп
Ошо кезде береги
Балакеттүү момундай
Тууйт беле байбиче
Үйдөн эми береги
1315 Жолборсттун жүрөгүн
Таап алып келгин деп
Кууйт беле байбиче
Эмине болгон шумдук деп
Кечээ көрбөгөнмүн укканмын
1320 Жомокчунун кебинен
Угуп атып чыкканмын
Аталардын деминен
Ушундай болуп жаралат
Деп ошондон укчу элем
1325 Башыман өтүп жатат деп
Атаңдын көрү дүнүйө
Байбиченин кыялы
Болуп кетти чатак деп
Как ошондо жанагы
1330 Ач тамакты карабайт
Минте берсе байбиче
Ачкадан өлөр бекен деп
Ата кокуй дүнүйө
Как ошондо сурасаң
1335 Айтып эми калыптыр
Айтып эми барыптыр
Мына ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Ошо кезде жетимиш
1340 Жер жерине тарады
Жолборс издеп момундай
Көрүнгөн жерди карады
Ээ как ошондо неткени
Жетимиши жабылып
1345 Эми жолборс издеп кетти эми ууу
Арадан тогуз күн өттү
Мына ошондо байбиче
Эр Жакыпты жүдөттү
Өңүнөн эми азыптыр
1350 Атаңдын көрү дүнүйө
Мына ошондо нетет деп
Мергендер качан жетет деп
Как ошондо эр Жакып
Көрүнгөн эрди каранып
1355 Мына ошондо эр Жакып
Ээрди, мурдун жаланып
Үйгө эми туралбай
Как ошондо береги
Үйдөн алыс чыгалбай
1360 Амалы кетип үбүлүп
Акылы кетип түгөнүп
Так ошондо турганда
Атаңдын көрү дүнүйө
Мына ошондо сурасаң
1365 Ээ жетимиши келиптир
Кээ бирөөнү сурасаң
Шерди атып алыптыр
Кээ бирөөсү кабылып
Кабылан атып алыптыр
1370 Кээ бирөөсүн сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Мына ошондо жолборс
Анысын атып алыптыр
Кээ бирөөнү сурасаң
1375 Как ошондо береги
Каман атып алыптыр
Кээ бирөөнү сурасаң
Как ошондо береги
Кулжа атып алыптыр
1380 Как ошондо момундай
Таппай койдук эми деп
Аларыңды сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Ар кимиси момундай
1385 Ар кайсындай жаныбар
Атып эми алганы
Ата кокуй дүнүйө
Алып келип момундай
Байбиченин өзүнө
1390 Берип эми салганы
Ошо кезде байбиче
Мына ошондо береги
Атаңдын көрү дүнүйө
Пирден атып келиптир
1395 Ошо кезде ар бири
Бирден эми атыптыр
Аны менен сурасаң
Жан-жаныбар дегенден
Пирден атып келиптир
1400 Муну менен сурасаң
Ар бириси жөн калбай
Бирден атып келиптир
Муну менен сурасаң
Байбиченин өзүнө
1405 Алып келип бериптир
Жолборсттун жүрөгүн
Бөлүп эми бергин деп
Мына ошондо береги
Жакып айтып салганы
1410 Анысына карабай
Ырымы бар ырыстуу
Ырымын эми кылайын
Баарысын эми бергин деп
Атайын эми барган соң
1415 Алып эми келгин деп
Баарысынын жүрөгүн
Бирдей эми жегени
Мына ошондо береги
Талгагым канды дегени
1420 Талгагым канып калды деп
Атаңдын көрү дүнүйө
Басаң айтып белгилеп
Байбичеге бере калыптыр
Арадан отуз күн өтүп
1425 Кайра талгак салыптыр
Балакеттүү чоң дүбөк
Мына ошондо береги
Барган сайын ичинде
Баласы эми жүдөтөт
1430 Анан сайын күн өтөт
Ошо кезде неткени
Жакыптын акыл кеттиби
Как ошондо эр Жакып
Амалы кетип үбөлүп
1435 Айла кетип түгөлүп
Эми эми нетем деп
Эми кандай күнгө жетем деп
Как ошондо калыптыр
Атаңдын көрү дүнүйө
1440 Ошо күнү сурасаң
Күмүш булак мазарга
Эрен тууган Ак Балта
Эми жете барыптыр
Ак Балтаң эми барганда
1445 Как ошондо караса
Мына ошондо жанагы
Ак күлөөлү дубана
Алдына чыгып калыптыр
Ээ дубана жайын сурасаң
1450 Өзү кыдыр өзү экен
Мына ошондо кыдырдын
Карарган кара көзү экен
Жерди кезип жол чалып
Ак Балта качан келет деп
1455 Күтүп жүргөн кези экен
Барлык менен момундай
Түтүп жүргөн кези экен
Так ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө
1460 Ийининде куржуну
Куржунунун көзүнө
Эми колун салганы
Как ошондо береги
Ошо кезде момундай
1465 Байбиченин өзүнө
Берип эми койгун деп
Чыйырдыга баргын деп
Эми бере салгын деп
Айтып эми калганы
1470 Жараткандын буйругу
Как ошондо жанагы
Ээ Будайыктын момундай
Как ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
1475 Өтүнөн эми кошулуп
Как ошондо жанагы
Ажыдаардын зарынан
Мына ошондо береги
Ажыдаардын жүрөгү
1480 Ошо кезде береги
Көзүн оюп койдук деп
Аны менен сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Ошо кезде береги
1485 Жан-жаныбар баарынын
Пиринен эми алдык деп
Албан түрлүү жаныбар
Тилинен эми алдык деп
Ажыдаардын момундай
1490 Уусунан эми алдык деп
Мына ошондо береги
Атаңдын көрү деңиздин
Суусунан эми алдык деп
Как ошондо деңизде
1495 Ошо кезде жаяндын
Как ошондо береги
Каарынан эми алдык деп
Мына ошондо береги
Ата кокуй дүнүйө
1500 Ушуга ай ааламда бүткөндөй
Баарынан эми алдык деп
Аны менен сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Минтип жасап салдык деп
1505 Ушуну эми байбиче
Өзүнө алып бергин деп
Алып барып берген соң
Байбичең эми жеген соң
Талгагың эми канат деп
1510 Как ошондо карасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Муну айтып калыптыр
Аны менен сурасаң
Сүйүнгөндөн Ак Балта
1515 Ыраазы болуп алыптыр
Ыраазы болуп билгизип
Мына ошондо сурасаң
Эми жолго салганы
Атаңдын көрү акырып
1520 Байбичени ордого
Эми жете барганы
Ээ жараткандын буйругун
Аткарганы келдим деп
Мына ошондо береги
1525 Көргөн менен билгенин
Баарын айтып салганы
Ошо кезде байбиче
Мунусун жээп алганы
Талгагы эми калганы
1530 Эмине чыкты кулпуруп
Мына ошондо сурасаң
Кызыл өңү нурданып
Тал теректей ыргалып
Байбичени сурасаң
1535 Кубаты ойго жаныптыр
Аны менен сурасаң
Кубаттанып калыптыр
Как ошондо береги
Атаңдын көрү дүнүйө
1540 Кечээ күнү байбиче
Ай артынан күн өтүп
Ай караңгы түн өтүп
Күн артынан күн өтүп
Мына ошондо нетели
1545 Атаңдын көрү дүнүйө
Кара кытай какандын
Каарын айта кетели
Кечээ кара кытай каканчыл
Бичигиндей чийилген
1550 Даңзасында билинген
Мына ошондо буруттан
Ушуреки бурут деп
Бурут деген бу журттан
Эрен туулат эр туулат
1555 Телегейи тең туулат
Шай колдогон шер туулат
Атаңдын көрү дүнүйө
Заарын чачып кетет деп
Чынмачынын калаага
1560 Такыр түбү жетет деп
Ушуреки береги
Атаңдын көрү эр туулат
Жайда кайгыр коштогон
Жалындуу арстан окшогон
1565 Жаалданып киргенде
Алдына мендеп тоспогон
Эми кара көк жал эр туулат ууу
Атаңдын көрү дүнүйө
Деп ошондо чыммачын
1570 Такыр бүлүк салыптыр
Аны менен сурасаң
Кара кытай какандан
Аттанып чыгып алыптыр
Ошо кезде кыргыздын
1575 Кыз келиндин баарысын
Эми ичтен жарыптыр
Атаңдын көрү дүнүйө
Найзага салып сүйрөтүп
Айгырга салып тептирип
1580 Кыямына келтирип
Кылычтап ичин жарыптыр
Мына ошондо береги
Манас деген эр туулат
Телегейи тең туулат
1585 Атаңдын көрү дүнүйө
Элүү жашка барганда
Элүү жаштын өзүнөн
Ашып эми карыганда
Алтын тагын минет деп
1590 Ушуреки Бээжинде
Кыймылдатпай билет деп
Как ошондо жанагы
Каяша айткан Кытайдын
Тилсегинен илет деп
1595 Атаңдын көрү дүнүйө
Ажыдаар болот, шер болот
Ай ааламдын өзүнөн
Арта турган эр болот
Деп ошондо Карыкан
1600 Каардыгын жаман салыптыр
Атаңдын көрү дүнүйө
Кыз келиндин баарысын
Ошондо гана ичин да жарыптыр ууу
Кара кытай каканчыл
1605 Кечээ күнү жанагы
Самарканда чоң эшен
Чоң эшендин баласы
Жар Манас деген баласы
Так ошондо бар экен
1610 Аны кармап алыптыр
Аны менен кытайдын
Деми сууп калыптыр
Манасты кармап алдык деп
Чоң мүшкүлдү салдык деп
1615 Так ошондо сурасаң
Деми минтип басылган
Кабагы минтип ачылган
Кечегине кытайлык
Билинип калса кокустан
1620 Туюнуп калса кокустан
Мына ошондо жанагы
Заарын чачып кетет деп
Союлгур түпкө жетет деп
Ошол бурул токой өзүнөн
1625 Атаңдын көрү дүнүйө
Кабырга тоонун этинде
Мына ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Ак саздын бери четинде
1630 Оң бөйрөктүн тушунан
Оодара өтчү ушуган
Атаңдын көрү дүнүйө
Байбичени момундай
Токойдун эми жээгине
1635 Оң бөйрөктүн белине
Ошондо жашырган экен эр Жакып ууу
Айы күнү болду деп
Мына ошондо толгоосу
Мына ошондо толду деп
1640 Атаңдын көрү дүнүйө
Жыйырма-төрт катын жанында
Ат кошчу кылып бериптир
Кызматын эми кылсын деп
Кошо көчүп келиптир
1645 Туулган соң баланы
Жакшы багып кара деп
Андан кийин жанагы
Как ошондо береги
Туулган соң баланы
1650 Аман сактап келгин деп
Как ошондо белгилеп
Эрен Жакып момундай
Акысын баарын бериптир
Казына оозун ачыптыр
1655 Карк алтынын чачыптыр
Катындардын баарына
Ырымын мындай кылыптыр
Ошо кезде сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
1660 Ошо кезде байбиче
Ай артынан күн өтүп
Тогуз айга толуптур
Туур күнү болуптур
Толгоосу жаңы кириптир
1665 Элден бөлөк бөлүнүп
Албан түрлүү жанагы
Жан көзүнө көрүнүп
Атаңдын көрү дүнүйө
Ээ бүтүн жерин кестирип
1670 Мына ошондо кырымга
Кырк чоросун кырдан ээрчтирген
Бүтүн жерин кыдырса
Ырым кылып кестирген
Атаңдын көрү дүнүйө
1675 Атаңдын көрү чоң ордо
Чоң ордону тиктирип
Мына ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө
Бүтүн жерин бүттүрүп
1680 Мына ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө
Ырымын мындай кылган соң
Ырымы минтип турган соң
Атаңдын көрү дүнүйө
1685 Ошо кезде жанагы
Байбиченин толгоосу
Кирип эле калган кез экен ууу
Так ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
1690 Ошо кезде эр Жакып
Кыларкан элбе шайлатып
Кырк кара козу быштырып
Кыдырата байлатып
Кабарын алып тургула
1695 Айткан сөздү кылгыла
Эркек болсо баарыңар
Талаадан мени табыңар
Ата кокуй сүйүнчү
Эртерээк жетип алыңар
1700 Кыз болсо үйгө калыңар
Кыйылдаба баарыңар
Эркек болсо чабыңар
Деп ошондо жанагы
Кырк кара коз быштыны
1705 Кыдырата байлатып
Мына ошондо жанагы
Малга жакын эр Жакып
Атаңдын көрү дүнүйө
Жыгылсам да талсам да
1710 Өлсөм дагы калсам да
Ээн жерге барайын
Балага чукак жан элем
Баланын үнү жыгылса/угулса
Жыгылып эми кетпейин
1715 Жыгылып акем калды деп
Ар ким шылдың кылбасын
Муну менен жанагы
Ылакап болуп эр Жакып
Кылым эми журтуна
1720 Шылдың болуп турбасын
Деп ошондо эр Жакып
Кеткен экен аттанып
Жүргөн экен шаттанып
Ошо кезде сурасаң
1725 Атаңдын көрү дүнүйө
Мына ошондо жанагы
Кайран энең Чыйырды
Илкий басып ийилип
Оң тизеден бүгүлүп
1730 Солкуй басып ийилип
Сол тизеден бүгүлүп
Толгоосу эми кириптир
Карагай түбүн карманып
Кайыптарга жалбарып
1735 Долоно түбүн карманып
Жаратканга жалбаарып
Оо табылгы түбүн карманып
Так ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө
1740 Табылгыдай момундай
Бекем болсун дегени
Көптү билген даанышман
Көсөм болсун дегени
Карагайдай момундай
1745 Кайраттуу болсун дегени
Ажыдаардай бул бала
Айбаттуу болсун дегени
Азыркысын энекең
Ырымын мындай кылыптыр
1750 Так ошондо жанагы
Ата кокуй дүнүйө
Умай энең улукка
Уялбай ичин оңдотуп
Кайра кайра оңдотуп
1755 Так ошондо туруптур
Мына ошондо жанагы
Оңдоп салып бериптир
Ошо кезде береги
Атаңдын көрү дүнүйө
1760 Тогуз күнү толготуп
Так ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Кыймылдаса бул бала
Белдемчинин тигиши
1765 Беш жеринен үзүлүп
Энеңдин көзү сүзүлүп
Бел жагымды жечип алабы
Жарып ичтен алабы
Же бай Жакып жесир калабы
1770 Деп ошондо жанагы
Айланайын энекең
Энекең эми момундай
Так ошондо жанагы
Улутту көздөй жыгылып
1775 Так ошондо энеңиз
Мына ошондо береги
Чаңга башы тыгылып
Ата кокуй дүнүйө
Кээде эске келалса
1780 Кээде эске келалбай
Ак өргөөгө киргизип
Баканды кармап бакырып
Бүбү менен бакшынын
Немесин койбой чакырып
1785 Түндүктү карап түбүлүп
Көргөндөр жандан түңүлүп
Кереге түбүн карманып
Так ошондо береги
Бекемирээк тарткын деп
1790 Келиндерге жалбарып
Кайран энең Чыйырды
Так ошондо береги
Ээ толгосу мынча болуптур
Ошо кезде жанагы
1795 Толгосу эми дүң болду
Толготкон мындай ким болду?
Атаңдын көрү дүнүйө
Бай Жакыптын байбиче
Балакеттүү тууйбу
1800 Эмине болгон шумдук деп
Тогуз күндөн бери карай
Толготуп эле жатат деп
Умай эне улукман
Так ошонун өзүнө
1805 Курсагын эми сурасаң
Оңдотуп эми жатат деп
Кайыптардын баарысы
Аралашып калды деп
Аны менен сурасаң
1810 Аралашып алды деп
Атаңдын көрү дүнүйө
Периштенин баарысы
Оңдоп жүрөт безилдеп
Эмине болгон шумдук деп
1815 Эми кандай кылдык деп
Так ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Аңгемени курасаң
Баарысы бирдей жалбарып
1820 Жакасын кармап кудайлап
Так ошондо береги
Айланайын жарыктык
Айлы бүтүн убайлап
Убайга минтип түшүптүр
1825 Так ошондо жанагы
Толготкону отуз күн
Ошо кезде береги
Күтүп атып бүтүпүр
Эмине болуп кетти деп
1830 Эми кандай күн жетип
Деп ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө
Ошо кезде береги
Бир жагында он эки
1835 Бир жагында он эки
Жыйырма түп катын жабылып
Кыларканын бек тартып
Атаңдын көрү дүнүйө
Бошураак тартып койдуң деп
1840 Бекемирээк тарткын деп
Дал ошондо турганда
Мына мындай кылганда эээ
Атаңдын көрү дүнүйө
Ырысы гана мындайда болгондо ууу
1845 Жуманын күнү толгондо
Атаңдын көрү дүнүйө
Тараза жылдыз бөлүнүп
Так ошондо жанагы
Чолпон жылдыз көрүнүп
1850 Чачырап эми жатканда
Айланайын энеңдин
Мына ошондо сураса
Ошо кезде жанагы
Кырк периште жабылып
1855 Эми келдиң энеңе
Умай эне, Улукман
Ал да келдиң энеңе
Атаңдын көрү дүнүйө
Ошо кезде балага
1860 Оң жамбаштын өзүнө
Мына ошондо жанагы
Алакан менен койгону
Мына мунуң болгону
Ошо кезде сурасаң
1865 Атаңдын көрү дүнүйө
Ошо кезде баланын
Оң жамбаштын өзүндө
Алакандын изи бар
Көгөрүп эми калыптыр
1870 Ошол күндөн ушул күн
Ошо кезде береги
Мына ошондо жанагы
Умай эне колдогон
Ушулардын баарына
1875 Жакшылыкка жолдогон
Ырымы мындай калыптыр
Атаңдын көрү дүнүйө
Жамбашка эми согуптур
Так ошондо түшкүн деп
1880 Ата кокуй энеңди
Кыйнап эми бүттүң деп
Эртерээк эми баргын деп
Ырысың эми алгын деп
Так ошондо калганы
1885 Эми кайда барам деп
Эми кайда коном деп
Эми кайда болом деп
Ырысым менин кайда деп
Эми мени айда деп
1890 Каяша айтып бул бала
Чыкпай жүрөт ичинен
Атаңдын көрү дүнүйө
Ырысың сенин элде деп
Ырысың сенин жерде деп
1895 Эртерээк эми баргын деп
Как ошондо жанагы
Уруктуу бактуу сүздүрүп
Мына ошондо жанагы
Ата кокуй баланы
1900 Жамбашка койуп сүрдүрүп
Как ошондо калганы
Мына ошондо баргын деп
Эртерээк эми элиңди
Таап эми алгын деп
1905 Мына ошондо жанагы
Жараткандын өзүнөн
Мына ошондо келгин деп
Атаңдын көрү дүнүйө
Элге гана жардам да бергин деп ууу
1910 Умай эне, Улукман
Айтып эми калганы
Андай болсо барам деп
Мына ошондо жанагы
Улутту бакты сүзгөнү
1915 Муну менен карасаң
Жерге бала түшкөнү
Карынды каттуу сүзгөнү
Мына ошондо береги
Кайрылып бала түшкөнү
1920 Азыркысын караса
Атаңдын көрү дүнүйө
Эки колун толтура
Кан чиңгелдеп түшкөнү
Как ошондо караса
1925 Атаңдын көрү дүнүйө
Оозунда кылы бар
Атаңдын көрү баланын
Айта турган сыры бар
Аркасында баланын
1930 Айдай кара жалы бар
Атаңдын көрү дүнүйө
Оң далынын астында
Эми муштумдай гана кара да калы бар ууу
Ээ так ошондо сурасаң
1935 Чочогу чыкты чормоюп
Мына ошондо береги
Өзү чыкты болтоюп
Ошо кезде береги
Кыйнап түштү бул бала
1940 Кадимкидей бул жерге
Ыйлап түштү бул бала
Атаңдын көрү дүнүйө
Эки колун караса
Караганды момундай
1945 Уштап түштү бул бала
Кара жерди сурасаң
Туштап түштү бул бала
Эми бала түшкөнү
Кармашамын дегендин
1950 Канын жутам дегени
Кан ичкирип сойом деп
Аны менен карасаң
Оозунда кылы бар
Атаңдын көрү дүнүйө
1955 Мына ошондо береги
Чечишемин дегенди
Кылдай жандан момундай
Чайнашып эми кара жан
Кечишемин дегени
1960 Как ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө
Аркасында баланын
Айдай гана жалы бар
Оозун ачып караса
1965 Ошондо эки чыккан азуу бар ууу
Бир караса бир киши
Бир караса миң киши
Бир караса бул бала
Көктөн түшө калгандай
1970 Бир караса бул бала
Жерден чыга калгандай
Атаңдын көрү дүнүйө
Жашы өзү каргандай
Так ошондо жанагы
1975 Атаңдын көрү дүнүйө
Баркыраган добушу
Ат чабым жерге угулду
Алдастаган катындын
Алтоосу бирдей жыгылды
1980 Атаңдын көрү дүнүйө
Күнүнө мынча болуптур
Мына ошондо береги
Айланайын энеңди
Мартубасып кетти эле
1985 Мына ошондо катындар
Жанына жакын жеткени
Мартубасып кетти деп
Балакет эми жетти деп
Как ошондо калыптыр
1990 Атаңдын көрү дүнүйө
Ал аңгыча караса
Сууну үркүп алыптыр
Эсине энең келиптир
Бала кана берчи деп
1995 Сурап эми калыптыр
Баланы алган киши жок
Бала менен иши жок
Бала жатат бакырып
Алты бирдей катыны
2000 Туралбай жатат калтырап
Как ошондо сурасаң
Мына ошондо береги
Баланын сүрүн көргөндө
Катындардын баарысы
2005 Баралышпай жалдырап
Так ошону көргөндө
Атаңдын көрү дүнүйө
Баланы алып бергин деп
Энекең буйрук салганы
2010 Мына ошондо Канышбек
Эми жете барганы
Көтөрө албай баланы
Көтөюк деп чочуп калганы
Ал аңгыча баарысы
2015 Ээ Бакдөөлөт басып барганы
Атаңдын көрү дүнүйө
Көтөрүп алып баланы
Этегине салганы
Ээ көзү жаман катын бар
2020 Мына ошондо катындар
Көзү тийип кетет деп
Сөзү тийип кетет деп
Так ошондо жанагы
Бакдөөлөт басып барганы
2025 Эки бирдей таманы
Оор экен баланын
Көтөргөндө салмагы
Ээ баркырап мунуң ыйласа
Атаңдын көрү дүнүйө
2030 Өйдө бою калтырап
Так ошондо жанагы
Эки көзү жалдырап
Байбиченин өзүнө
Ээ алып барып бергени
2035 Мына ошондо жанагы
Атаңдын көрү байбиче
Алып келгин майды деп
Как ошондо сарымай
Ырымын эми салдырды
2040 Үч карын май алдырды
Үч карындын майларын
Мына ошондо жанагы
Чай кайнам колго жалмады
Атаңдын көрү дүнүйө
2045 Алты карым май салды
Аны менен жан салды
Алтоосун бирдей жеп салды
Тогуз карым май салды
Так ошондо береги
2050 Тобосун билбей жеп салды
Атаңдын көрү дүнүйө
Кандай соргок деп калды
Так ошондо караса
Андан кийин байбиче
2055 Ырым кылып момундай
Оң эмчегин салганы
Оңдоп колго алганы
Так ошондо жанагы
А дегенде ууз чыкты
2060 Андан кийин сүт чыкты
Так ошондо береги
Үчүнчүсү энеңден
Мына ошондо кан чыкты
Энеңден чыдай албай жан чыкты ууу
2065 Баланы эми карасса
Баладан башка сүрү бар
Ажыдаардай түрү бар
Аркасында сурасаң
Айгыр аттай түрү бар
2070 Как ошондо көрүп ал
Барар жолду бөлүп ал
Билими чөлдү адырек
Эрими чөлүң эр жүрөк
Отуздагы кишидей
2075 Отурганда салмагы
Атаңдын көрү дүнүйө
Азыр айран калганы
Как ошондо сурасаң
Колдогону кырк тогуз
2080 Колтугунда чамынат
Жөлөгөнү кырк тогуз
Жайдай басып камынат
Алп каракуш зумурук
Түндүгүнө конуптур
2085 Как ошондо сурасаң
Ажыдаар мал жылан
Алды жакта болуптур
Кара чаар кар жылан
Капталында чамынат
2090 Чолок көк жал арсылан
Жандай салып камынат
Көсө куйрук кырк бөрү
Арт жагында камынат
Ээ колдогону кырк тогуз
2095 Чөлдөй басып жөлүптүр ы
Ээ мына ошондо жанагы
Жалпы баары келиптир
Ээ катындардын баарысы
Көргөндөрү таңданып
2100 Ээ карап эми жарланып
Баралышпай аң карап
Как ошондо турганы
Атаңдын көрү дүнүйө
Ээ энекең ырымын мындай кылганы
2105 Көзү жаман катындын
Көзү тийип кетет деп
Сөзү жаман катындын
Сөзү тийип кетет деп
Так ошондо балага
2110 Атаңдын көрү дүнүйө
Мунусу мындай өтөт деп
Азыркысын караса
Төө баштаган төрт тобу
Садагасын чаптырып
2115 Атаңдын көрү дүнүйө
Артсар башыл кой айтып
Ай туйакка бээ айтып
Айы мүздөн уй айтып
Ай дөлкөчтөн төө айтып
2120 Атаңдын көрү дүнүйө
Садаганын баарысын
Ырымын мындай кылды эле
Жетим менен жесирге
Атаңдын көрү дүнүйө
2125 Ай туйак эми алтыны
Таратып гана мындайда турду эле ууу
Ошо кезде жанагы
Так ошондо сурасаң
Ээ толгону мынча болуптур
2130 Бакыттын кушу башына
Конгону мынча болуптур
Өткөндөн алар өчтү деп
Кеткенден алар кетти деп
Кайрып берер гөштү деп
2135 Ээ так ошондо сурасаң
Аккан жашын кыргыздын
Ээ тыйган бала болот деп
Чачылганда кыгызды
Жыйган бала болот деп
2140 Үзүлгөндү улайт деп
Чачылганды жыйнайт деп
Атаңдын көрү дүнүйө
Эми кеткени эми толоор деп
Атаңдын көрү дүнүйө
2145 Көксөгөнүм болоор деп
Ошо кезде береги
Оң бөлтөктүн астында
Манас деген жазуу бар
Эки чыккан азуу бар
2150 Так ошондо береги
Аш бышымдай болгон оң бөлтөк
Оң бөлтөктүн астында
Манас деген жазуусу
Мына ошондо жоюлду
2155 Атаңдын көрү дүнүйө
Көрүп алып энеңдин
Эми көзү гана мынча тоюнду ууу

American University of Central Asia
7/6 Aaly Tokombaev Street
Bishkek, Kyrgyz Republic 720060

Tel.: +996 (312) 915000 + Еxt.
Fax: +996 (312) 915 028