91鶹

American University of Central Asia - AUCA - Transcription 3

Doolot Sydykov - Transcription Three

D3

Doolot Sydykov, 'Birth of Manas', recorded 1 March 2018

Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available]

Transcription below by Alymkan Jeenbekova

Ээй Алтайга Кыргыз барганы
Арадан эчен жыл өтүп
Эчен деген жыл жетип
Ошол эркин эр Жакып
5 Көк ала сакал карганы
Кечээ күнү сурасаң
Ал кезекте бала эле
Бул кезекте сурасаң
Элүүгө чыккан жан эле
10 Тентик делип Алтайга
Кордук көрүп далайга
Наалат кылып каңгайга
Канча жылга жетиптир
Эчен деген убакыт
15 Токтоосуз өтүп кетиптир
Эки катын алганы
Эки катын түк туубай
Бала көрбөй калганы
Бир баланын айынан
20 Байкуш такыр зарлады
Туяксыз кантип өтөм деп
Тумшугу жок дүйнөдөн
Тура кантип кетем деп
Аа дүйнөгө барганда
25 Тынчып кантип жатам деп
Курган башым куркурап
Көргө кантип батам деп
Мына ошондо эр Жакып
Булдуп ыйлап булкулдап
30 Кайран Жакып сулкулдап
Өөдө болсо бүгүлүп
Бүгүлсө Жакып абаңдын
Башына мүшкүл иши көрүнүп
Зарлаганы бир Теңир
35 Жалынганы көп арбак
Арбакка айтып зарлаптыр
Как ошондо Жакыптын
Арманы башта чамдаптыр
Өөдө болсо Жакыпты
40 Көрүнгөн ушак кылыптыр
Эшикке чыкса Жакыпты
Ар ким айтып туруптур
Эки катын алды деп
Тумшугу каткан катындар
45 Туубай азап салды деп
Туяксыз кантип өтөт деп
Сайдап жыйган сан кара
Кыйкырса бир күн жолукку
Айдаса бир күн долукку
50 Ушул эркин эр Жакып
Ак ала сакал кары деп
Алтымыштан ар жакка
Так ошондо барар деп
Арманда өтүп калар деп
55 Көргөн ушак кылыптыр
Күлкүлдөшүп баарысы
Көп нерсе айтып туруптур
Ошо кезде Жакыптын
Заманасы куруптур
60 Заман акыр чоң үшкүл
Салган экен эр Жакып
Ошол кезде мойнуна
Алган экен эр Жакып
Төрт түлүктүү жаны бар
65 Жанга бала бердиң деп
Мына ошондо береги
Элден чыккан көлсөрү
Эл түбүнө жетери
Залалга бала бердиң деп
70 Как ошондо ар кандай
Адамга бала бердиң деп
Мына ошондо буркурап
Бир өзүңө келдим деп
Жаратканым бир өзүң
75 Сыйынайын өзүңө
Этек жеңдин баарысын
Чача турган болдум деп
Абийириңди карганда
Ача турган болдум деп
80 Акыр-такыр чоң үшкүл
Көрө турган болдум деп
Баласы жок мунканып
Өлө турган болдум деп
Өзөлөнсөм бир өзүң
85 Угуп эми койбодуң
Тирүү басып саналып
Акыры минтип сойлодум
Жылан болуп сойлосом
Кулан болуп ойносом
90 Куйрук жалдан ажырап
Курган дүйнө жалгандан
Өтөрмүн бир күн калжырап
Ата кокуй дүнүйө
Ушундай Жакып болду деп
95 Артымдан айтар киши жок
Маана кылып каларга
Киши менен кишиңин
Ушул күндөн киши жок
Ушул дүйнө жалганды
100 Кимдер келип ким кетпейт
Кимдер жашап ким өтпөйт
Ата кокуй дүнүйө!
Атанын жолун улантып
Артынан чыгып кубантып
105 Жалгыз туяк болбосо
Жашагандан не пайда?
Сансыз жыйган малыңды
Ашаганда не пайда?
Атаңдын көрү дүнүйө
110 Адаммын деп ардырып
Басканында не пайда?
Дүнүйө күтүп сан кара
Жатканында не пайда?
Көрүнгөнгө дүйнөнү
115 Чатканында не пайда?
Тумшугу жок каткансан
Тууралыкта не пайда?
Айланайын жараткан
Кагыласы кендеген
120 Өзүмө кылгын бир айла
Баласы жок курган жан
Бакыр болот турбайбы
Баласы жок адамзат
Жакыр болот турбайбы
125 Атасы айдап жүрсөң сан кара
Топурагы тозгонуп
Ушул турган жериңиз
Такыр болот турбайбы
Антип эми жашадым
130 Чыйпылдатып чымчыкка
Бала бердиң бир Кудай
Как ошондо жанагы
Суу түбүндө балыкка
Бала бердиң бир Кудай
135 Как ошондо өзүмө
Эми салдың чоң убай
Айланайын жараткан
Бир Теңир деп жалынып
Бир өзүңө сабылып
140 Көктү карап ыйладың
Көрүнгөн жерден кыйнадың
Көзүңдүн жашын тыйбадың
Ыйлаганды көрбөдүң
Канча ыйладым зарланып
145 Эми туяк бербедиң
Айланайын жараткан
Көп күнү кылсам алдыңда
Кечирлигиң бар беле
Күрмөлгөн кибиң бир Кудай
150 Чечерлигиң бар беле
Көп күнөө кылсам момундай
Неликтен эми кетирдим
Айтып эми койбодуң
Ар нерсени ойлодуң
155 Айланайын жараткан
Тактырсыз болсом балага
Неге мени жараттың?
Адамзат пендени
Жер бетине тараттың
160 Колу шумдук иш билген
Мына ошондо жанагы
Ар кайсындай шумдуктун
Оо тукумун неге үзбөдүң?
Айланайын жараткан
165 Ушул эрки өзүңдү
Басар жолго түзбөдүң
Берип калар Кудай деп
Үмүтүмдү үзбөдүң
Үзбөгөн сайын бербедиң
170 Ал ан сайын дегдейдим
Жалгыз туяк көрсөм деп
Ата-бабаң арбагын
Баскан сайын көп айтып
Так ошондо жалындым
175 Мына ошондо өзүңө
Жараткан эми зарладым
Зарлаган сайын жанагы
Зарымды угуп койбодуң
Жараткан нени ойлодуң?
180 - деп ошондо эр Жакып
Элди көрсө карабай
Салам айтаар жарабай
Как ошондо мунканып
Мына ошондо Жакыптын
185 Муңу баштан өтүтүр
Муңу баштан өткөндө
Ушул эрки чоң зары
Бир Кудайга жетиптир
Кечээ күнү эр Жакып
190 Эми жылкы көрөм деп
Көңүлдү барып бөлөм деп
Ошо кезде эр Жакып
Талаага эми кетиптир
Как ошондо жанагы
195 Эр Жакыптын конушу
Аземил суунун оюнда
Ак саздын бери боюнда
Так ошондо жанагы
Эрен тууган Жакыбы
200 Жайлап жаткан жери экен
Кабырга тоонун учунда
Мына ошондо жанагы
Кан тоонун бери тушунда
Жерилип жаткан жери экен
205 Бурул токой ак эмгек
Мына ошондо сурасаң
Ары жагы алтын көл
Ошол жердин баарысын
Эр Жакыптын төрт түлүк
210 Сан карасы жайнагын
Мына ошондо канча эр
Аркасынан айдаган
Сызылтып казы чайнаган
Мына ошондо жанагы
215 Эрен тууган эр Жакып
Эми жылкы көрсөм деп
Көңүлүмдү бөлсөм деп
Жаздын маалы болуптур
Жылкыны санап келсем деп
220 Эми Жакып жолуна
Салган экен ар нерсе
Алып алып оюна
Эсепсиз жыйган сан кара
Бир өзүнө карабай
225 Ошо кезде береги
Жыйган экен аябай
Ата кокуй ат алыс
Алтыны алты там болуп
Мына ошондо атаңдын
230 Эсепсиз эми бай болуп
Жаткандыгы дагычы
Ошо кезде момундай
Мына ошондо жылкыга
Туралап жолго салыптыр
235 Ат арып жүрүп алыптыр
Ошо кезде жанагы
Эрен тууган жылкычы
Бир өзүнө барыптыр
Эр Жакып келип калды деп
240 Жылкычы башы Бадалбай
Мына ошондо жанагы
Кысыр эмди тай союп
Астына казы эритип жал коюп
Төс тирелтип турганда
245 Мына ошондо жанагы
Эр Жакыптын өзүнө
Эми казы эритип жал коюп
Атаң устаканын сунганда
Мына ошондо сурасаң
250 Эрениң Жакып момундай
Жылкы эсебин алыптыр
Алты күнүң ал жерде
Аярлап жатып калыптыр
Ар өнөрдүн эр Жакып
255 Даярлап жатып калыптыр
Как ошондо карасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Ырымы бар ырыстын
Кылымы бар кылыктын
260 Ошо кезде эр Жакып
Бир жеринде ала жүк
Бир жеринде кара жүк
Как ошондон сураса
Ак боз бээни алды эле
265 Мына ошондо жанагы
Азыркысын карасаң
Кайрылып үйгө салды эле
Ошо кезде береги
Ата бабаң арбакка
270 Атап туруп сойсом деп
Мына ошондо ырымын
Эми кылып койсом деп
Мына ошондо сурасаң
Эзелкилер кеп айткан
275 Сурасаң эми чоң арбак
Берет экен деп айткан
Арбак менен жараткан
Ортосунда байланыш
Жакын экен деп айткан
280 Как ошондо береги
Ушулардын баарысы
Акыл экен деп айткан
Мына ошондо арбакка
Аста басып сабылып
285 Ошол кезде арбакка
Үйүнө кайра салмакка
Мына ошондо жылкынын
Эсебин эми алыптыр
Эсебин эми санаса
290 Аяк башын караса
Ошол кезде жылкысы
Альтымыш миңге толуптур
Аягы мынча болуптур
Мына ошондо эр Жакып
295 Башына бакыттын кушу конуптур
Дөөлөттүү бай болуп
Тегереги шай болуп
Как ошондо Жакыптын
Ай ээлегенден болгон кез
300 Так ошондо толгон кез
Эми жолго салды эле
Аттанып жүрүп алды эле
Күрүң кире күн бата
Бурул токой жээгинен
305 Эми кетип калды эле
Жетип барган кезинде
Как ошондо сурасаң
Көргөн кызык тамаша
Көзүн салып караса
310 Ошо кезде сураса
Атаңдын көрү кырк бала
Жабыла чаап алдына
Чыккан экен жабылып
Жан алчуудай камынып
315 Атаңдын көрү дүнүйө
Ошонуңду көргөндө
Эр Жакыптын өзүнө
Акыл кетип эс кетип
Мына ошондо жанагы
320 Атаңдын көрү дүнүйө!
Биздин элдин түрү эмес
Биздин элдин жайы эмес
Кытайдан келген доочубу
Мына ошондо жанагы
325 Балакетти жоочубу
Сурагын сурап алмакка
Минтип эми калмакка
Алдыман келип калганбы
Же кабылдымбы калмакка
330 - деп ошондо жанагы
Ар нерсе келип ээсине
Азыркысын карасаң
Атаңдын көрү дүнүйө!
Кийгенине карасаң
335 Мингенине карасаң
Кытайлыктын түрү эмес
Калмактардын сүрү эмес
Андан келген эл эмес
Атаңдын көрү дүнүйө
340 Индистандын элинен
Кербен салып билчи элем
Мына ошондо жанагы
Кийгендердин баарысы
Угуп эми жүрчү элем
345 Ал элдин жайы бул эмес
Как ошондо карасам
Биздин элдин өңүндөй
Мына ошондой өңү бар
Атаңдын көрү дүнүйө!
350 Маңдайынан карасаң
Ажыдаардын сүрү бар
Аркасында карасаң
Ат минердин сүрү бар
Жан алгычтын түрү бар
355 Так ошондо жанагы
Же болбосо жанагы
Бүтүн түрктүн ичинен
Так ошондо жанагы
Көрбөгөнмүн укканмын
360 Укмак түгүл береги
Бир кумардан чыкканмын
Кечээ күнү жанагы
Узган атаң баш болуп
Күрпөтү мынча болду деп
365 Так ошондо жанагы
Жомокчунун кебине
Жоодураган эбине
Жомокчунун өзүнө
Угуп эми жүрчү элем
370 Ата кокуй дүнүйө
Мунусун кайдан билчи элем
Ушул жашка келгени
Ушул жашты жараткан
Энчи кылып бергени
375 Мындай элди көрбөдүм
Мына ошондо жанагы
Бүтүн түрктүн баласы
Көрүнгөн жерге тарады
Кузгунун көзүн карады
380 Кара Кытай как канчыл
Кармап алып сабады
Мына ошондо жанагы
Маңдайыңда бараң бар
Капталыңда каңгай бар
385 Кагышаалы далай бар
Ошолордун баарысы
Баш көтөртпөй тарады
Тарап эми кеткенде
Атаңдын көрү дүнүйө!
390 Көрүнгөн жерге жеткенде
Тарап эми момундай
Канчасы эми найзанын
Мына ошондо жанагы
Учунда эми өткөндө
395 Ушундай эрден чыкпаган
Ата кокуй дүнүйө
Көрүп атсам көз тоёт
Карап айтсам сөз тоёт
Так ошондой эр экен
400 Атаңдын көрү дүнүйө!
Шай колдогон шер экен
Кечээ күнү береги
Кербенчиден кеп угуп
Көргөндөрдөн көп угуп
405 Төрт түлүктүү тараага
Көрүнгөн жерди караага
Атаң кыргыз баласы
Ар кайсы жерде чачылып
Мына ошондо Кытайдын
410 Тепсесинде калды деп
Азыркысын карасаң
Ушул эрки калмактын
Кептесинде калды деп
Аны менен чоң мүшкүл
415 Кара Кытай чынмачыл
Эми мүшкүл салды деп
Чын Кытайдын элинен
Так ошондо жанагы
Азыркысын байкасаң
420 Чыга турган эри жок
Белгилүү тууган бели жок
Как ошондо момундай
Чын кытайдын жерине
Кайрат кылып момундай
425 Каш кайтараар эри жок
Эми кайдан келе калды деп
Азыркысын таңданып
Сүрүн карап жарланып
Бир сүрүнө карасаң
430 Кудай бетин салбай кал
Как ошондо жанагы
Ысыгына баталбай
Суугуна жаталбай
Ошо кезде эр Жакып
435 Мына ошондо жанагы
Акылына келе албай
Не кылаарын биле албай
Азыркысын момундай
Качайын деп уялып
440 Мына ошондо жанагы
Качайын десе жанагы
Качыра турган эр эмес
Ошо кезде береги
Акылына келди эми
445 Мына ошондо эр Жакып
Ата кокуй дүнүйө
Эсин эми жыйгыча
Жанына жакын келди эми
Ээрчиткени кырк бала
450 Арыбаңыз ата деп
Эми салам бергени
Бар бол эми балам деп
Жакып эми алыптыр
Алик алып калыптыр
455 Саламдаша салыптыр
Мына ошондо карасаң
Ата деп үнү чыкканда
Ата деген бул үндү
Биринчи мүнөт укканда
460 Эстен кетти эр Жакып
Так ошондо карасаң
Эбегейиң эзилип
Эт жүрөгү кесилип
Жибип кете таштады
465 Мына ошондо эр Жакып
Азыркысын карасаң
Эт жүрөгү тутанып
Күйүп кете таштады
Атаңдын көрү дүнүйө
470 Уругуң ким уруң ким
Мына ошондо жанагы
Белгилеп айтсаң дайның ким
Кошо чабар кайниң ким
Белгилүү тууган элиң ким
475 Эли-жери шериң ким
Так ошондо жанагы
Тутунарга тууң ким
Мына ошондо жанагы
Ай кайлашаар чууң ким
480 Ээрчитип жүргөн эриңди айт
Белгилүү тууган белиңди айт
Деп ошондо жанагы
Аңгемени курады
Эми Жакып сурады
485 Ошо кезде бул бала
Эми айтпай турабы
Айланайын атаке
Менин элим сурасаң
Так ошондо жанагы
490 Көктөн болот жалыбыз
Көөкөрдөй болот каныбыз
Эми жайын сурасаң
Нурдан болот демибиз
Атаңдын көрү дүнүйө
495 Кырдан болот элибиз
Ушу кезде момундай
Так ошондо жанагы
Ушунда болот жерибиз
Айланайын атаке
500 Как ошондо жанагы
Көк Теңирдин өзүнө
Мына ошондо жанагы
Карарган кара көзүнө
Мына ошондо жанагы
505 Бир жаралып момундай
Чабытынан бүттүк деп
Атаңдын көрү дүнүйө
Ушуреки жараткан
Жарышынан бүттүк деп
510 Как ошондо карасаң
Он сегиз миң ааламдын
Отуз жүз миң ааламдын
Алышынан бүттүк деп
Как ошондо береги
515 Дем учунан бүттүк деп
Ушу кезде карасаң
Жер учунан бүттүк деп
Атаңдын көрү дүнүйө
Желпингенде жанагы
520 Так ошондо береги
Алп каракуш ай баатыр
Ажыдаардын кайраты
Анысынан бүттүк деп
Айланайын атаке
525 Элимдин жайын сурадым
Жеримдин жайын сурадым
Менин элим менен эл болот
Жерим менин жер болот
Так ошондо береги
530 Белгилүү тууган момундай
Атаңдын көрү дүнүйө
Белим менин бел болот
Демим менин дем болот
Айланайын атаке
535 Мына ошондо жанагы
Көк Теңирдин өзүнө
Туусун алып жүрөбүз
Ай кайлаган момундай
Чуусун алып жүрөбүз
540 Ошо кезде сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Өлүшүнө жайладык
Так ошондо жанагы
Көк Теңирдин жарлыгы
545 Эми колго кармадык
Деп ошондо калганы
Ансайын эми эр Жакып
Артак болуп калганы
Так ошондо жанагы
550 Ушу кезде береги
Аң-таң калып жанагы
Жан-жанына караса
Жан алгычтай көрүндү
Жарлык атып өлүнүп
555 Как ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө
Күндөн бүткөн чабылды
Айдан бүткөн арышы
Жерден бүткөн деми бар
560 Так ошондо береги
Белгилүү тууган жери бар
Аны карап таңданып
Аны карап жарданып
Бир караса бир киши
565 Бир караса миң киши
Так ошондо береги
Желпингени жел бол болуп
Мына ошондо береги
Телегейи тең болуп
570 Турган экен бул бала
Аң-таң калып турганча
Аттын оозун жыйганча
Анда бала баштады
Айтаар кептен шашпады
575 Айланайын атаке
Заарың өтүп кетти деп
Жараткандын өзүнө
Муңканганың жетти деп
Так ошондо жанагы
580 Түп атаңыз кан өтүп
Түгөл журтка дагы өтүп
Башка атаңыз кан өтүп
Баары журтка даң өтүп
Эл эмгегин кылыптыр
585 Туу түбүндө туруптур
Акыйкаттык калыстык
Мына ошондо жанагы
Жер бетине орнотуп
Атаңдын көрү дүнүйө
590 Алсыздарды корготуп
Так ошондо жанагы
Калыстыкты кылыптыр
Так ошондо жанагы
Даанышмандык бек кылып
595 Атаңдын көрү дүнүйө
Акыйкаттын баарысын
Ордотуп эми туруптур
Ошон үчүн жараткан
Так ошондо жанагы
600 Өзүңдү тартып имерди
Мына ошондо жанагы
Өзгөчө кылып жиберди
Атаңыздын алдынан
Так ошондо барыңыз
605 Ошо кезде береги
Учурашып алыңыз
Муңканбасын атаңыз
Деп ошондо жанагы
Жараткандын айтканы
610 Азыркысын балаңыз
Алдыңа келип тартканы
Айланайын атаке
Көп кайгыра бербе деп
Ушу гүлдү береги
615 Айткан сөздү дегде деп
Көңүлгө салып эле деп
Мына ошондо жанагы
Көрүп турган киши жок
Билип турган иши жок
620 Мына ошондо жанагы
Башка жанга көрүнбөй
Алдыңа келдим атаке
Азыркысын карасаң
Тогуз айы толгонуп
625 Тогуз күнү болгондо
Төрөлөмүн төрүңдө
Мына ошондо жанагы
Ошо кезде береги
Айланайын атаке
630 Курмандыкты чалаарсың
Аны менен карасаң
Ата-бабаң арбагы
Атап туруп салаарсың
Так ошондо жанагы
635 Айткан сөздү кылаарсың
Аны менен жараткан
Ыйбаа кылып тураарсың
Айланайын атаке
Так ошондо жанагы
640 Тогуз айы толгондо
Тогуз күнү болгондо
Төрөлөмүн төрүңдө
Мына ошондо береги
Келемин атам эргинде
645 Атаңдын көрү дүнүйө
Ушуреки келиндин
Ишеничин актаймын
Басканы жолду тактаймын
Тегиздикти орнотуп
650 Ошо кезде береги
Атаңдын көрү дүнүйө
Тел куш таптап куш кылып
Теңтиген кийип журт кылып
Кураалы таптап куш кылып
655 Курама жыйып журт кылып
Кете турган күн болот
Атаңдын көрү дүнүйө
Ушуреки төрүндө
Тогуз айы толгондо
660 Тогуз күнү болгондо
Эми жете турган күн болот
Ой атаке кайгырба
Деп ошондо турганда
Эми сөзүн кылгында
665 Атаңдын көрү дүнүйө
Мына ошондо эр Жакып
Кээде эске келе алса
Кээде эске келе албай
Кээде тилге келе алса
670 Кээде тилге келе албай
Аң-таңдадың эр Жакып
Ат үстүндө тура албай
Там-тандадың эр Жакып
Как ошондо жанагы
675 Өлө бойдун боорусу
Коро кою чыңдалып
Так ошондо тыңданып
Жакшылап карап туруптур
Бала колун сунуптур
680 Эми колун сунганы
Көп кайгырбаң ата деп
Мына ошондо жанагы
Ата кокуй бул бала
Эми өзүң турганы
685 Караса көзгө илинбей
Кайда экени билинбей
Так ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө
Кайып болуп кетиптир
690 Кетпегенде нетиптир
Так ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө
Аш бышымдай болгондо
Как ошондо жанагы
695 Эске келдиң эр Жакып
Эсине келип алыптыр
Мына ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө
Эсине келсе ата кокуй курган жан
700 Как ошондо жанагы
Эсине келип алганы
Эсине келип алганы
Эми үйгө салганы
Как ошондо жанагы
705 Айлы жакын көтөкө
Ошо ак саздын бери четине
Эми Жакып барганы
Ата кокуй дүнүйө
Элди ийип келди эми
710 Эл тегерек момундай
Демди жыйып келди эми
Элди жыйып жанагы
Бир жеринде кара жок
Бир жеринде ала жок
715 Ак боз бээни чалдырыптыр
Ата баба арбагы
Ыраазы болсун эми деп
Как ошондо жанагы
Колдосун бизди деми деп
720 Атап туруп чалганы
Аны менен карасаң
Жетим жесир мискинге
Ошо кезде сурасаң
Таратып эми салганы
725 Бөлүп-бөлүп келиптир
Так ошондо нетиптир
Азыркысын эр Жакып
Атаңдын көрү дүнүйө
Эмине болду аян деп
730 Айланайын бай Жакып
Болдубу сага аян деп
Эки бирдей байбиче
Эми сурап калыптыр
Атаңдын көрү дүнүйө
735 Айтпа деген мага деп
Эми ичке даана деп
Как ошондо эр Жакып
Азыркысын сыр кылды
Мына ошондо сурасаң
740 Сырын сактап эр Жакып
Атаңдын көрү дүнүйө
Муну мундай кылыптыр
Жөн эле чалдын муршуну
Ата баба арбагын
745 Эстебей кетип жүрбөйлү
Эстеп жүрсөк момундай
Как ошондо жанагы
Колдорлугуң аныктыр
Жакшылыкка арбагы
750 Жолдорлугуң аныктыр
Деп ошондо жанагы
Эрениң Жакып кеп айтып
Мына мындай бек айтып
Оңолуп эми калганго
755 Деп ошондо жанагы
Эки бирдей байбиче
Экөө бирдей кеп кылып
Кече күнү момундай
Так ошондо сурасаң
760 Ырымы бар ырыстуу
Кылгыры бар кылыктуу
Эми Жакып турду эле
Эми мындай кылды эле
Ошо кезде сурасаң
765 Атаңдын көрү дүнүйө
Ээ кече күнү түнүндө
Ээ Жуманын кадыр түнүндө
Ээ Бейшембинин күнүндө
Ээ күгүм кире күн бата
770 Оо калып уктап тың жатат
Ээ так ошондо эр Жакып
Атаңдын көрү дүнүйө
Ээ кээде ойу талыкшып
Ээ кара бойу балыкшып
775 Атаңдын көрү дүнүйө
Аш тамакка карабай
Ата кокуй дүнүйө
Талыкшып келип аябай
Эми Жакып жатып калыптыр
780 Ээ туура жети күн өтүп
Так ошондо жанагы
Ай караңгы түн өтүп
Арасында момундай
Так ошондо болуптур
785 Мына ошондо жанагы
Байбиченин ордого
Жакып келип конуптур
Эми байбиченин ордодо
Так ошондо жатыптыр
790 Уйкуга Жакып батыптыр
Уйкуда жатып эр Жакып
Ээ как ошондо караса
Атаңдын көрү дүнүйө
Оо арта кызык тамаша
795 Ошо кезде түш көрдү
Ээ түш көргөндө неткени
Ээ мына ошондо жанагы
Ээ күндө жолуккан
Ошо кезде жанагы
800 Ээ кырк чилтенин ээрчитип
Ээ кырк бала жакын жеткени
Алдыдагы чоң бала
Кадимкидей зор бала
Мына ошондо сурасаң
805 Ээ кулан эми ат минген
Ээ бар жарагын шат үйгөн
Ээ мына ошондо жанагы
Жаалданып караган
Атаңдын көрү дүнүйө
810 Караган адам оңбогон
Эзелиң эки болбогон
Ээ өзүн Кудай колдогон
Ээ так ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
815 Ээ жандай таап бастырып
Эр Жакыптын өзүнө
Ээ эми жете барыптыр
Атаңдын көрү дүнүйө
Ата деп эми калыптыр
820 Ээ айланайын атаке
Деп ошондо кеп айтты
Ошо кезде жанагы
Ата деген сөзүнө
Ээ туралбастан өзүнө
825 Ээ мына ошондо эр Жакып
Ээ угуп гана жашы да төгүлдү үү
Ээ ошо кезде береги
Атаңдын көрү дүнүйө
Эми керемети көрүндү үүү
830 Ошо кезде бул бала
Ээ так ошондо сурасаң
Атаңдын көрү атасы
Мына ошондо жанагы
Жайлак айгыр коштогон
835 Жал арыстан окшогон
Жааланып киргенде
Алдына мендей дос болгон
Как ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
840 Ээ тогуз кабат асманга
Атасын эми көтөрүп
Алып чыгып алыптыр
Мына ошондо жанагы
Жараткандын тагына
845 Эми алып барыптыр
Мына ошондо жанагы
Ээ сый урматын билгизди
Атасына момундай
Алтындан кылган сарпайды
850 Азыр эми кийгизди
Ээ чыңалып эрктүү кийгизди
Так ошондо жанагы
Кан белгисин кылыптыр
Атакесин момундай
855 Отургузуп туруптур
Так ошондо жанагы
Атаң, атаң, ата деп
Эми айтып калыптыр
Мына ошондо жанагы
860 Айланайын атасы
Ошондо бата бере салыптыр
Как ошондо береги
Ээ айланайын уулум деп
Мына ошондо жанагы
865 Бооруна салыптыр
Болкулдап ыйлап калыптыр
Мына ошондо жанагы
Ата деген үнүңдөн
Айланайын сүрүңдөн
870 Деп ошондо калганы
Азыркысын карасаң
Ал аңгыча жанагы
Көкө Теңир жараткан
Асмандан добуш угулду
875 Добушуң эми угулса
Атаңдын көрү дүнүйө
Ушул сага бала деп
Балаңа жакшы кара деп
Калыстык менен орнотуп
880 Как ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө
Азыркысын карасаң
Канаттууга кактырбай
Тумшуктууга чокутпай
885 Ээ баары алына келгенче
Бул баланы момундай
Жакшы сактап алгын деп
Атаңдын көрү дүнүйө
Мына ошондо жанагы
890 Ырымын кылып калгын деп
Азыркысын карасаң
Так ошондо туруптур
Мына ошондо жанагы
Көк Теңирдин добушун
895 Эми Жакып угуптур
Ошо кезде береги
Ээ айланайын жараткан
Айың менен күнүңдүн
Мына ошондо жанагы
900 Отуз жүз миң ааламдын
Кубатынан бүттү деп
Жараткан көкө Теңирдин
Кулачынан бүттү деп
Мына ошондо жанагы
905 Ээ ааламда момундай
Ээ так ошондо сурасаң
Топосу каптап кетсе да
Мына ошондо жанагы
Адамзат түбүнө
910 Кыяматы жетсе да
Ошо кезде береги
Мындай адам жаралбайт
Ошо кезде баланы
Бир өзүңө бердик деп
915 Мына ошондо карасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Жараткандын добушу
Мына ошондо угулду
Так ошону уккан соң
920 Эстен танып эр Жакып
Азыр эми жыгылды
Так ошондо карасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Мына ошондо эр Жакып
925 Ата кокуй дүнүйө
Эсине келип алыптыр
Эсине келсе ойгонуп
Таң сүрүлүп калыптыр
Как ошондо жанагы
930 Атаңдын көрү дүнүйө
Азыркысын карасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Ээ мына ошондо Чыйырды
Эр Жакыптын жанагы
935 Жанында басып туруптур
Мына ошондо береги
Таңдайы кургап такылдап
Чекесинен тер чыгып
Мына ошондо береги
940 Атаңдын көрү дүнүйө
Эми минтип калыптыр
Ошо кезде жанагы
Байтал бээнин бал кымыз
Чайкап чайкап куйдуртуп
945 Мына ошондо Жакыпка
Эми Чыйырды энең сундурду
Сундурганда нетти деп
Айланайын байым деп
Сага кандай күн мүшкүл жетти деп
950 Мына ошондо жанагы
Таңатканча кыйналып
Ар нерсени сүйлөнүп
Так ошондо чыктың деп
Көрүнгөн эми сөзүңдү
955 Мына ошондо уктум деп
Айланайын жарыктык
Так ошондо жанагы
Манас дедиң кээ бирде
Кээ биринде карасаң
960 Алаш деп эми жаттың деп
Кээ биринде аралаш
Манас деп эми жаттың деп
Так ошондо жанагы
Нээликтен эми таңдайы
965 Азыркысын каттың деп
Ошо кезде береги
Талыкшып келип жаттың деп
Таң атканча бут серпип
Ошо жерде турдуң деп
970 Мына ошондо береги
Таң атканча сүйлөнүп
Ар ким менен аралаш
Мына ошондо жүрдүң деп
Кандай эми кызыкка
975 Эми байым кирдиң деп
Ошо кезде Чыйырды
Эми айтып калыптыр
Азыркысын эр Жакып
Ак сый аяк кымызды
980 Эми ичип алыптыр
Ичип эми алган соң
Азыркысын карасаң
Эми кебин салыптыр
Айланайын курган жан
985 Ээ мына ошондо жанагы
Ээ түндө жатып түш көрдүм
Ээ мына ошондо береги
Кызыгыраак иш көрдүм
Айланайын байбиче
990 Жан жаныңды карачы
Жан жаныңда киши жок
Атаңдын көрү дүнүйө
Биз менен эми кишинин
Азыркысын иши жок
995 Бил багайын айынан
Мына ошондо зарладым
Атаңдын көрү дүнүйө
Өөдө болсом бүгүлүп
Ылдый болсом момундай
1000 Көзүмдүн жашы төгүлүп
Мына ошондо жанагы
Жараткандын өзүнө
Наалыш кылып кеп айтып
Мына ошондо жүрдүм деп
1005 Азыркысын карасам
Кызык эми дүйнөгө
Ошо кезде кирдим деп
Атаңдын көрү дүнүйө
Кечээ күнү жылкыдан
1010 Келе жаткан кезимде
Мына ошондо эсимде
Азыркысын карасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Алдыма чыга калды эле
1015 Сүрү башка көрүндү
Эң эле бөлөк момундай
Түрү башка көрүндү
Мына ошондо карасам
Ата ээрчиткени кырк бала
1020 Сүрү башка көрүндү
Эң эле бөлөк момундай
Түрү башка көрүндү
Алды жакта бөлүнөт
Ак аска тоодой көрүнөт
1025 Бир караса бир киши
Бир караса миң киши
Жан алгычтай сүрү бар
Ажыдаардай түрү бар
Так ошондо жанагы
1030 Ата деп келип алганы
Саламын айта салганы
Кайдан келген эр десем
Уругун эми сурадым
Аңгемени курадым
1035 Уругу көктөн экен да
Так ошондо береги
Денеси жерден экен да
Мына ошондо баарысы
Айтып эми берди деп
1040 Мына ошондо береги
Жомокчунун өзүнөн
Мындай шумдук укпагам
Ата кокуй дүнүйө
Эстен танып неттим деп
1045 Ошо кезде береги
Айланайын ата деп
Төрөлөмүн момундай
Тогуз айдын өзүндө
Деп ошентип кетти эле
1050 Мына ошондо береги
Жана ак боз бээни алгамын
Ошон үчүн момундай
Курмандыкка чалгамын
Андан кийин жанагы
1055 Талыкшып келип жатканым
Чоңоюп буга батканым
Так ошондо жанагы
Айланайын байбиче
Түндө жатып түш көрдүм
1060 Ошол көргөн түшүмдү
Мына ошондо бүт көрдүм
Ата кокуй жанагы
Жол алдымда жолуккан
Өңүмдөн эми кабылган
1065 Кайыбымдан табылган
Ошо кезде зор бала
Аркасында ээрчитип
Как ошондо кырк бала
Алдыман чыга калды эле
1070 Айланайын ата деп
Саламын айта салды эле
Ээ кечэ көргөн өңүмдө
Бүгүн көрдүм түшүмдө
Ошо кезде аралаш
1075 Жүрүп атат тишимде
Ата деди момундай
Эне боюм балкыды
Кызыл бойдун баарысы
Асманга чыгып калкыды
1080 Ошол кезде бул бала
Айтып эми турганы
Айланайын атаке
Жүрүң эми мингин деп
Коштогону момундай
1085 Жал арыстан окшогон
Жаагында карасам
Жайдак айгыр коштогон
Ушу кезде атына
Мингизип эми алды эле
1090 Тогуз кабат көк деген
Көк Теңирдин жайгашы
Жаткан жериң ал деген
Ата кокуй дүнүйө
Мына ошондо жанагы
1095 Акылында бек танып
Так ошондо ал деген
Адамзат пендеси
Жетмек беле ал жерге
Так ошондо жанагы
1100 Тилегениң адамдын
Так ошондо баруучу
Азыркысы момундай
Адам айран калуучу
Ишенеби түшүмө
1105 Мына ошондо береги
Эми келдиң ишиме
Тогуз кабат асманга
Алып чыктың өзүмдү
Мына ошондо Теңирдин
1110 Тактасынан өзүмдү
Отургузуп салганы
Азыркысын чыгалуу
Бөрүктү эми кийгизип
Ата деп мени калганы
1115 Сый урматын билгизди
Алтын такты мингизди
Мына ошондо бооруна
Басып эми тургамын
Ата кокуй дүнүйө
1120 Чоң айланы кылгамын
Бир Теңирге мен өзүм
Ыраазы болуп алгамын
Ошо кезде береги
Ээ жараткан бала берсе да
1125 Бербесе да момундай
Ошо кезде бир боюм
Балкып турду момундай
Эне боюм асманда
Калкып турду момундай
1130 Тогуз кабат асмандан
Как ошондо атаке
Деги ошондо жанагы
Төрөлөмүн өзүңө
Үйүңө эми келем деп
1135 Айтып эми салганы
Ал аңгыча Теңирдин
Добушу эми угулуп
Как ошондо калганы
Ээ ушуреки баланы
1140 Бардык менен күткүн деп
Так ошондо береги
Ата кокуй дүнүйө
Адамзат пендеси
Доор кыямат өтсө да
1145 Тоо куланып көчсө да
Мындай эми келбейт деп
Мына ошондо береги
Канча адам тиленсе
Мындайды эми бербейт деп
1150 Көк Теңирдин бир өзү
Адам болуп кубулуп
Жерге түшөт куюлуп
Деп ошондо жанагы
Асмандан добуш угулду
1155 Эсине кебей байыңыз
Андан кийин жыгылды
Ошо кезде береги
Ошо кезде ойгондум
Оң жагыма толгондум
1160 Айланайын байбиче
Мындай түштү жанагы
Как ошондо береги
Токсон ирет көрсөң да
Токсон ирет тилейт
1165 Мына ошондо береги
Ушуреки береги
Тогуз кылым өтсө да
Тоо куланып көчсө да
Адам мындай көрбөйт го
1170 Ата кокуй дүнүйө
Тилесең эми адамды
Мындай наам бербейт го
Айланайын жараткан
Бул эмине болду деп
1175 Ары-бери толгонуп
Мына ошондо оңдонуп
Ээ турса өзүм момундай
Карап эми жатыпсың
Деп ошондо калганы
1180 Ата кокуй дүнүйө
Аксар башыл алдыр деп
Аксар башыл кой айтып
Аны мына тоё айтып
Азыркысын байбиче
1185 Кебин айтып кенеңдеп
Мына ошондо жанагы
Төө баштаган төтр тогул
Садагасын чаптырып
Сары улагын тарттырып
1190 Мына ошондо береги
Бир Кудайга айттырып
Ата бабаң арбакка
Атап туруп чалдырып
Как ошондо береги
1195 Ээ айланайын байым деп
Бериптир Кудай ишиңди
Оңдоптур Кудай түшүңдү
Жанаң өңдө жолукса
Ошо кезде береги
1200 Өңүн элге айтпайлы
Ичке муну сактайлы
Ата кокуй курган жан
Мына ошондо карасаң
Ата кокуй дүнүйө
1205 Тилегин эми оңунан
Бере турган кези го
Тилегендин баарысы
Келе турган кези го
Как ошондо жанагы
1210 Ээ каалагандын баарысы
Бара турган кези го
Ошо кезде береги
Калк кайрылып момундай
Ала турган кези го
1215 Дөөлөт кутсун башыңа
Коно турган кези го
Тилегениң канча жыл
Боло турган кези го
Айланайын байым деп
1220 Мына ошондо береги
Түшүңдү эми айтыңыз
Түштү эми жоорутуп
Элге кабар айттырып
Так ошондо береги
1225 Жакшылыкка кылалы
Ырым кылып туралы
Айланайын байым деп
Так ошондо береги
Оңдуу болор жайың деп
1230 Азыркысын караса
Байбичең айтып салыптыр
Так ошондо жанагы
Өңүнө эми көрүнгөн
Ошо кезде береги
1235 Үнүң эми угулган
Үндү эстеп алыптыр
Ата-бабаң арбакка
Ырымын кылып койгун деп
Ырымына аяба
1240 Мал көзүнө караба
Деп ошондо жанагы
Өңүнө эми жолуккан
Үндү угуп алыптыр
Албан түрлүү момундай
1245 Түрдү угуп алыптыр
Аны менен карасаң
Бадалбайдын өзүнө
Эми киши чаптырды
Так ошондо береги
1250 Төө баштаган төрт тогуз/тобу
Малдан алып келсин деп
Кабарын эми айттырды
Малдан айдап келиптир
Муну менен сурасаң
1255 Атаңдын көрү дүнүйө
Төө баштагын төтр тогуз
Так ошондо сойдуруп
Ырымын мындай кылдырып
Ошол кезде эл жыйып
1260 Жетим менен жесирге
Так ошондо бөлдүрүп
Мына ошондо бердирип
Мына ошондо болгон соң
Калк жыйылып толгон соң
1265 Элдин баары момундай
Бата кылып тойгон соң
Азыркысын карасаң
Касы этип жан коюп
Так ошондо жанагы
1270 Чара-чара май коюп
Ырымы мындай болгон соң
Атоолдудан жанагы
Сакалдуулап калдырды
Мына ошондо эр Жакып
1275 Ак өргөөнүн ичине
Азыркысын алдырды
Алдырганда неткени
Мына ошондо баарысы
Улуулашып четти эми
1280 Орунун эми корушуп
Так ошондо ордунда
Баарысы эми болушуп
Өөдө бою толукшуп
Отурганда кеп айтат
1285 Эми Жакып бек айтат
Айланайын аталар
Аталарда бата бар
Батаңарга момундай
Өнүп эми өсөт деп
1290 Тилегине жетет деп
Эзелкилер айткан кеп
Ошо кезде береги
Батаңарды бергиле
Муну менен сурасаң
1295 Азыркысын береги
Башка чукак болдум деп
Баталап эми келгиле
Деп ошондо жанагы
Казына оозун ачтырды
1300 Кара алтынды чачтырды
Ар биринин өзүнө
Аз болгондо жанагы
Алтыдан эми ай туяк
Алтынын эми бердирди
1305 Муну менен сурасаң
Как ошондо эбине
Баарын эми келтирди
Сарыпбайдан чапанды
Так ошондо кийгизди
1310 Сый урматын билгизди
Жел жетпеген жоргодон
Ар бирине мингизди
Ээ отуруп аны ош жерден
Отуздан ашык киши бар
1315 Баарысынын момундай
Так ошондо береги
Кийген эми киши бар
Ошо кезде момундай
Ичтен жака салдыргын
1320 Мына ошондо кундуздан
Багалекке жардыргын
Ар бирине береги
Чапанынан кийгизип
Сый урматын билгизип
1325 Булар минтип турган соң
Ырымын мындай кылган соң
Эми Жакып кеп айтат
Айланайын калк
Эми сөзүмдү уккун деп айтат уу
1330 Оо эзелкилер кеп айткан
Ээ эмкилер бек айткан
Оо байыркылар кеп айткан
Ээ баашалуу журттан бек айткан
Ээ эзелкиден сурасаң
1335 Аңгеме дүкөн курасаң
Ээ түштүн башы казандай
Мойнуң ичке кылдай дейт
Ээ кайсыл жака жорулса
Ошол жака кетүүчү
1340 Ээ тилегине жетүүчү
Оңдоп жоруп бергиле
Ушуреки түшүмдү
Чоңдоп жоруп бергиле
Ээ мына ошондо береги
1345 Ээ эптүү жоруп бергиле
Ушунуңду сурасаң
Ээ кептүү жоруп бергиле
Деп ошондо калганы
Эми түшүн айта салганы
1350 Ээ мына ошондо сурасаң
Эми түндө жатып түш көрдүм
Ошо түш көргөндү момундай
Ээ мына ошондо мен көрдүм
Ошо көргөн түшүмдү
1355 Жабыла басып бөлүндүм
Жалы аттуу көрүнүп
Ошо жерден чыккан кийинди
Көктөн түшкөн изиңди
Бир караса бир киши
1360 Бир караса миң киши
Бир караса сураса
Касиеттүү кан кейжи
Атаңдын көрү дүнүйө
Сүрү башка көрүнөт
1365 Үлпөтү күндөн жаралган
Айдыгын айдай таралган
Тирүү башка көрүнөт
Ээрчиткени кырк бала
Так ошондо сураса
1370 Атаңдын көрү дүнүйө
Алдыман чага калды эле
Саламын айта салды эле
Саламын айта салганда
Мына ошондо жанагы
1375 Аарыбаңыз ата деп
Мени айтып калыптыр
Муну менен сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Бар бол эми уулум деп
1380 Алик алып калгамын
Айланайын атаке
Заарың гана жетти да Теңирге уу
Көп мункана бербеңиз
Атакең эми момундай
1385 Бир эмес эми кырк бала
Уулуң болуп берет деп
Артынан эми ээрчичү
Так ошондо атаке
Тууң болуп берет деп
1390 Айланайын атаке
Баарысын эми иреттеп
Жөндөп жолго салабыз
Эл ишин колго алабыз
Деп ошондо калганы
1395 Жанындагы момундай
Коштоп жүргөн аргымак
Мингизип мени алганы
Ээ тогуз кабат көк деген
Оо катмарлары көп деген
1400 Эзелкиден укканбыз
Угуп атып ошону
Бир кумардан чыкканбыз
Тогуз кабат асманга
Алып чыгып барганың
1405 Атаңдын көрү дүнүйө
Жанында турган эр Жакып
Айран азыр калганы
Көк Теңирдин тактыга
Мына мени мингизди
1410 Сый урматын билгизди
Андан кийин сурасаң
Жыбалуу өрктүү башыма
Кан белгиси ушу деп
Мына мени кийгизди
1415 Ээ айланайын ата деп
Сый урматын көргөзүп
Как ошондо калганы
Асмандан эми Көк Теңир
Эми үнүн салганы
1420 Ой Жакып угуп алгын деп
Ушуреки баланы
Бардык менен күткүн деп
Кеңдик менен баарына
Эми Жакып түткүн деп
1425 Демитпегин баланы
Так ошондо береги
Бир өөзүңө бир өөзүм
Берип аткам бала деп
Жакшылап эми кара деп
1430 Айтып эми калганы
Айран азыр момундай
Ошо кезде Жакыбың
Эстен танып калганы
Эстен танып неткемин
1435 Андан кийин ойгонуп
Как ошондо кеткемин
Айланайын карылар
Бул эмине болучу
Ээ бул түшүмдү жоручу
1440 Деп ошондо калганы
Мына ошондо эр Жакып
Эстеп азыр момундай
Эки көзгө жаш алып
Сар санаага мат алып
1445 Турган экен эр Жакып
Амалы кетип ошондо
Курган экен эр Жакып
Ал аңгыча караса
Атаңдын көрү дүнүйө
1450 Арта кызык тамаша
Ошо кезде жанагы
Каарылардан кеп чыкпай
Мына ошондо дем чыкпай
Баарысы эми жанагы
1455 Жерди тиктеп калыптыр
Акылмандын баарысы
Ойлонушуп алыптыр
Эчен түрлүү момундай
Ой жорушуп алыптыр
1460 Эчен ирет момундай
Толгонушуп калыптыр
Мына ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Комдонушуп алыптыр
1465 Ээ мына ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Ээ эчен ирет момундай
Боз болушуп алыптыр
Ошолордун баарысы
1470 Козголушуп калыптыр
Жоруй алат киши жок
Мына ошондо баарысы
Эчендеген сарпайы
Кийип эми турушту
1475 Ырымын мындай кылышты
Алган менен жанагы
Кеп табалбай жалдырап
Ата кокуй дүнүйө
Отурушат жалдырап
1480 Тогуз кабат асманда
Көк Теңирдин жайы деп
Аны менен сурасаң
Кандай болот баары деп
Ата кокуй дүнүйө
1485 Байланышкан киши деп
Мына ошондо береги
Эр Жакыптын ашыкча
Болгон экен иши деп
Атаңдын көрү дүнүйө
1490 Андан бөлөк сөзү жок
Как ошондо сурасаң
Атаңдын көрү баарысы
Жерди тиктеп калганы
Ошо кезде оюна
1495 Ар нерсени алганы
Ээ булар минтип турганда
Амалы кетип курганы
Ошо кезде береги
Мына ошондо сурасаң
1500 Атаңдын көрү дүнүйө
Ошо кезде эшиктен
Ак күлөлүү дубана
Ак деп угуп калыптыр
Муну менен сурасаң
1505 Ээ Теңирдин буйругун
Мына ошондо береги
Аткарганы келдим деп
Оо Теңирдин актыгын
Жайып жүрүп момундай
1510 Мен силерди көрдүм деп
Азыркысын эшиктен
Ак угуп эми калыптыр
Ак деп айтып эшиктен
Аттап өткөн кези экен
1515 Так ошондо береги
Мына ошондо жанагы
Далысынан Жакыптын
Таптап өткөн кези экен
Ошо кезде сурасаң
1520 Эми кыдыр өзү экен
Как ошондо жанагы
Дубанага айланып
Кейпин кийип алыптыр
Ошо кезде чоң кыдыр
1525 Эшиктен кирип калыптыр
Ата кокуй дүнүйө
Саламын айта салганы
Баарысын алып калганы
Аттап-буттап төр жакка
1530 Эми чыгып барганы
Эми чыгып кеп айтат
Адамдардын акылы
Жетээр эмес деп айтат
Канчадан бери камалып
1535 Кой жүнүдө сабалып
Албаш бышым өткөнчө
Жоруй албай турасың
Как ошондо береги
Ээ баарын жүздү бурасың
1540 Так ошондо береги
Ээ айланайын кишилер
Эми кандай ишиңер
Пенделерим уккула
Азыркысын баарыңар
1545 Көкүрөккө туткула
Ушунуң эми момундай
Эшикке чыгып жайбагын
Так ошондо береги
Ушул болот байрагың
1550 Көкүрөккө сактагын
Так ошондо береги
Бөлөк жанга айтпагын
Ичиңе эми сактагын
Деп ошондо калганы
1555 Ак деп колун көтөрүп
Көктү карап жөтөлүп
Мына ошондо береги
Менден эмес ушуну
Көк Теңирдин өзүнөн
1560 Өзү мага сөз салса
Эми айтып берейин
Көкүрөккө эс салса
Көрүп айтып көрөйүн
Ээ айланайын жараткан
1565 Как ошондо жанагы
Мына ошондо береги
Оңдоптур Кудай ишиңди
Бериптир Кудай түшүңдү
Ээ ушуреки береги
1570 Жер бетинен жанагы
Канча адам өтсө да
Канча адам момундай
Бизден кийин уланып
Как ошондо жетсе да
1575 Мындай түштү бербейт деп
Так ошондо береги
Тилегени момундай
Түшүп эми келбеттеп
Айтып эми калыптыр
1580 Ак оюна эми алыптыр
Ушуреки момундай
Айланайын эр Жакып
Эми айтып берейин
Жанагы турган момундай
1585 Ушуреки сурасаң
Эстен келген эмеспи
Эстен келсе момундай
Көктөн келген эмеспи
Жараткандын өзүнөн
1590 Эми берген эмеспи
Как ошондо береги
Ошо кезде сурасаң
Маңдан келген эмеспи
Абалкысын сурасаң
1595 Жандан келген эмеспи
Тээтиги сурасаң
Кандан келген эмеспи
Мына ошондо береги
Тогуз кабат асмандан
1600 Көктөн келген эмеспи
Желпингениң жер эне
Жерден келген эмеспи
Мына ошондо жел кайып
Демден келген эмеспи
1605 Жаары жериң алаш деп
Айтылаары Манас деп
Так ошондо жанагы
Ошол балаң эмеспи
Ээ азыркысын кырк бала
1610 Ээрчиткени кырк чилте
Ошо кезде береги
Артынан келет кырк бала
Мына ошондо жанагы
Чоро болот аталып
1615 Так ошондо береги
Алышамын дегенин
Өпкө жарып баш алып
Өткүр тууган эр болот
Телегейи тең болот
1620 Көк Теңирдин өзүнөн
Как ошондо береги
Ээ буйругу болуп момундай
Бир өзүңдө туулат
Мына ошондо жанагы
1625 Алышканын чуулап
Кудай бетин салбай кал
Мына ошондо жанагы
Баарысынан баарысын
Курап чыгат бул бала
1630 Так ошондо береги
Акыйкатты момундай
Улап чыгат бул бала
Калыстыкты сурасаң
Курап чыгат бул бала
1635 Ээ эми жайын сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Эми акыл угуп ал
Тогуз кабат асманга
Сени алып барганы
1640 Көк Теңирди тактыга
Отургузуп салганы
Жалыбөркттү кийгизип
Сый-урматын билгизип
Так ошондо турганы
1645 Атаңдын көрү дүнүйө
Көк Теңирдин өзүнө
Мына ошондо илиндиң
Эми Жакып көзүнө
Атаңдын көрү дүнүйө
1650 Көк Теңирдин буйругун
Аткарганы келгени
Сага эми жанагы
Жер ааламда кандыкты
Сага Жакып бергени
1655 Атаңдын көрү дүнүйө
Ушуреки бул бала
Мына ошондо жанагы
Эрен болот эр болот
Телегейи тең болот
1660 Жараткандын өзүнө
Атың жакшы угулат
Мына ошондо береги
Атаңдын көрү дүнүйө
Отуз жүз миң ааламды
1665 Басар бала болот деп
Адамдын өзүнөн
Арбагың эми ашыкча
Ашар бала болот деп
Атаңдын көрү дүнүйө
1670 Ээ мына ошондо береги
Таныбаса баланы
Ошо кезде адамдар
Туураланып кырылып
Жер бетинен кетет деп
1675 Танып калса баланы
Мына ошондо береги
Адамзат пендеси
Гүлдөп эми өсөт деп
Ушуреки бул бала
1680 Мына ошондо адамга
Аз жаштык берген көчөт деп
Ошо кезде сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Турган жери момундай
1685 Күлпөтү күндөн жаралып
Айдыгың айдан таралып
Как ошондо береги
Адамзат пендени
Мына ошондо береги
1690 Түз жолуна салат деп
Ата кокуй дүнүйө
Атагың эми жаят деп
Ошо кезде береги
Бул дүнүйө бирөөгү
1695 Эки дүйнө баарына
Кызматын кылып турат деп
Мына ошондо береги
Атаңдын көрү дүнүйө
Таанысаң эми баланы
1700 Ак кызматын кылат деп
Аны менен сурасаң
Ошо кезде кеп айтат
Албан түрлүү бек айтат
Айтып эми калыптыр
1705 Азыр эми эр Жакып
Айран болуп калыптыр
Так ошондо сураса
Атаңдын көрү дүнүйө
Тогуз кабат асманга
1710 Алып эми барганы
Же ушу кезде береги
Кайыбынын баарысы
Колдой турган бала деп
Ошо кезде кыйшайса
1715 Оңдой турган бала деп
Тогуз уулду болосуң
Мына ошондо береги
Ошо кезде бир өзү
Азыркысын кыз болот
1720 Кыз болгондо неткени
Как ошондо береги
Сегизиң эми уул болот
Ошо кезде береги
Аркасынан сегиз уул
1725 Бир кыз ээрчип келет деп
Мына ошондо береги
Уулу эми байбичең
Ошонуң эми тууйт деп
Мына ошондо бир кызды
1730 Кыздан эми эр тууат
Ата кокуй дүнүйө
Кыйын тууган шер туулат
Уулдан эми эр туулат
Мына ошондо береги
1735 Эрешен тарткан шер туулат
Так ошондо сурасаң
Экинчи эми катының
Ошо кезде сурасаң
Ээ жети уул тууйт деп
1740 Киндигин кесип бууйт деп
Мына ошондо береги
Уулу баалың жанагы
Көктүк эми болот деп
Калганынын баарысы
1745 Жерлик эми болот деп
Ошо кезде жанагы
Айтып эми калыптыр
Көк менен жердин момундай
Айырмасын сурасаң
1750 Асман менен жердей деп
Сени менен мендей деп
Мына ошондо береги
Букара кара элдей деп
Ата кокуй дүнүйө
1755 Азыркысын карасаң
Букара кара элдей деп
Аны менен кандай деп
Албан түрлүү жандай деп
Айтып эми калганы
1760 Аны менен сурасаң
Азыркысын баталап
Эми жоруп салганы
Ошо кезде береги
Мына ошондо карасаң
1765 Батасын кылып туруптур
Эрен болсун, эр болсун
Телегейи тең болсун
Шай колдогон шер болсун
Мына ошондо береги
1770 Ушуреки кыргызда
Так ошондо туулса
Жалпы эми адамга
Жарыгың эми тийсин деп
Ошо кезде жер шаарын
1775 Бүтүн бала билсин деп
Азыркысын карасаң
Ээ батаны кылып салыптыр
Мына ошондо береги
Айран азыр калыптыр
1780 Ошо кезде эр Жакып
Алтындан кылган дийилде
Как ошондо чапанды
Мына ошондо дубана
Дубананын өзүнө
1785 Жооруп эми бердиң деп
Кийгизип эми турганы
Эми мындай кылганы
Ошо кезде жанагы
Ырымын эми алдым деп
1790 Ошо кезде чоң алтын
Аз болгондо береги
Тогуз жамбы момундай
Алып эми барыптыр
Ошо кезде береги
1795 Алдым дагы бердим деп
Муну айтып салыптыр
Аны менен карасаң
Көздөн кайым болуптур
Кең ордонун ичинде
1800 Баарысы көрүп таңданды
Баарысы көрүп жар калды
Жарданбаса неткени
Как ошондо береги
Айран болуп кетти эми
1805 Азыркысын баарысын
Айран болуп таңданып
Турган экен жарданып
Ал аңгыча караса
Кудай бетин салбай кал
1810 Арта кылып тамаша
Баарысы бата кылыптыр
Айланайын жараткан
Оңдоп эми берсин деп
Оңдоп берсе кыргызга
1815 Чоңдоп эми берсин деп
Тилегендин баарысы
Бул бала менен келсин деп
Жакшылык эми консун деп
Жалпы эми момундай
1820 Адамзатка болсун деп
Баарысы бата кылыптыр
Ошо кезде береги
Жооруй албай таңданып
Мына ошондо береги
1825 Жооруганга жарданып
Эми баарысы жолго салганы
Ошо кезде баарысы
Эми жүрүп калганы
Мына ошондо сурасаң
1830 Атаңдын көрү дүнүйө
Ээ ошо кезде эр Жакып
Мына ошондо сурасаң
Ээ жана адамдан кайтпа деп
Ичиңе баарын сакта деп
1835 Дубанаң айткан кеби деп
Мына ошондо калайык
Баарына болсун эби деп
Ата кокуй дүнүйө
Ошо кезде жанагы
1840 Атаңдын көрү эр Жакып
Баарысынын өзүн-өзүнө
Бала сөзүн алыптыр
Келген эми жерине
Баарысы гана тарап калыптыр уу
1845 Оо андан бери карата
Эчендеген күн өттү
Эчендеген түн өттү
Мына ошондо жанагы
Байбиченин баласы
1850 Боюна эми бүтүптүр
Тар курсагы чоюлуп
Эки көзү коюлуп
Мына ошондо жанагы
Кыймылга бала кириптир
1855 Ошо кезде сураса
Ээ мунусу мындай болуптур
Так ошондо береги
Аны андай коюп тур
Ошореки Кытайдын
1860 Кабарынан угуптур
Мына ошондо чын Кытай
Анын дайын сурасаң
Кечээ күнү жанагы
Эчендеген зыйкырчы
1865 Эчендеген балчылар
Эчендеген дарчылар
Эчендеген сынчылар
Эчендеген ырчылар
Баарысы билип алыптыр
1870 Мына ошондо жанагы
Тарап кеткен буруттан
Бурут деген бу журттун
Эрен келет, эр келет
Белгилүү тууган шер келет
1875 Как ошондо жанагы
Манас деген бир бала
Туулат экен деп угуп
Ата кокуй дүнүйө
Ошо кезде сынчылар
1880 Сынынан билип алыптыр
Аны менен сурасаң
Айран азыр калыптыр
Мына ошондо буруттан
Кудай бетин салбай кал
1885 Алда арышканын куруткан
Эрен туулат, эр туулат
Белгилүү тууган шер туулат
Как ошондо жанагы
Ээ ушуреки Бейжинге
1890 Атаңдын көрү дүнүйө
Көлөкөсүн тийгизет
Эми кандыгын келип билгизет уу
Өткөндөн аңга түштү деп
Кеткенден алат кекти деп
1895 Так ошондо бул бала
Мына ошондо эр болот
Ата кокуй дүнүйө
Кара көк жал, шер болот
Жалданып киргенде
1900 Алдынан гана пенде да тоспойт деп уу
Жалды арыстан окшойт деп
Атаңдын көрү дүнүйө
Эчендеген азамат
Аркасынан коштойт деп
1905 Ошо кезди Бейжиндин
Чоң мүшкүлдү салыптыр
Кабарын угуп алыптыр
Ошо кезде жанагы
Аты Манас болот деп
1910 Алышканын соёт деп
Атаңдын көрү дүнүйө
Өз атын өзү чакырып
Ураан кылып чыгат деп
Ак калпак Кыргыз алашты
1915 Тууган кылып чыгат деп
Мына ошондо береги
Бардык менен батырып
Атаңдын көрү дүнүйө
Алышканын качырып
1920 Батыра чаап, баш алган
Өпкө жарып, өт алган
Кара сууга кан куйган
Атаңдын көрү дүнүйө
Суу ич десең, уу ичкен
1925 Мына ошондо береги
Кан ордуна жин төккөн
Ата кокуй дүнүйө
Бөрк ал десе баш алган
Өткүр бала болот деп
1930 Алышкандын түбүнө
Эткир бала болот деп
Ошо кезде Бейжинди
Кечээ эсебин алдың өзүнөн
Барып эми момундай
1935 Аяр алык айтыптыр
Атаңдын көрү дүнүйө
Ошореки аярлар аялардын айынан
Эми Кыргыз гана мүшкүл тартыптыр уу
Кыргызга мүшкүл салыптыр
1940 Туутпай эми алам деп
Так ошондо жанагы
Боз катындын баарысын
Болбой ичин жарам деп
Боздоткон экен Кыргызды
1945 Жаткан жерден ошондо
Эми козготкон экен Кыргызды уу
Так ошондо Кыргызга
Кыямат мүшкүл, чоң мүшкүл
Ошо атаң Манас кабылан
1950 Туулалек кезинде
Так ошондо билинген
Эл көзүнө илинген
Кечээ күнү сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
1955 Чоң мүшкүлдү салганда
Эчен ирет Кытайдын
Алдына эми барыптыр
Көп жалынып көп Кыргыз
Ошол өлгөнүнөн калганы
1960 Минтип эле аман калыртыр уу
Самарканда чоң эшен
Чоң эшендин баласы
Ошо тогузга келген даанасы
Аты Жар Манас деген баланы
1965 Мына ошондо Бейжиндик
Сынчыларга сынатып
Кармап алган кези экен
Атаңдын көрү дүнүйө
Туулган ушу Манасың
1970 Туура кармап алдык деп
Мына ошондо кыргызга
Чоң мүшкүлдү салдык деп
Атаңдын көрү дүнүйө
Ошо кезде береги
1975 Кытайдын жаны басылган
Ошондо Кыргыздын күнү ачылган уу
Эми жайын сураса
Атаңдын көрү дүнүйө
Аңгемени кураса
1980 Кечээ ай артынан күн өтүп
Түн караңгы түн өтүп
Ошо кезде береги
Байбиченин боюна
Талгак кирип алыптыр
1985 Талгак кирип калганы
Атаңдын көрү дүнүйө
Ак тасманы жайнатып
Багылаң козу, ширин баш
Бор кайнатып таштатып
1990 Кызык оюн баштатып
Оюн кылса карабайт
Башка тамак жарабайт
Атаңдын көрү дүнүйө
Жесем деп жолборс жүрөгүн
1995 Андан бөлөк самабай
Жетпей жолборс жүрөгү
Жинди болуп байбиче
Жеригинен жүдөдү
Өөдө болсо бүгүлүп
2000 Атаңдын көрү дүнүйө
Эки кара сан ооруп
Бүткөн бойдун баары ооруп
Кыймылдаса жанагы
Тар курсагы чоюлуп
2005 Атаңдын көрү дүнүйө
Белдин баары чоюлуп
Ата кокуй нетем деп
Жаным чыгып кетем деп
Чына жалым жетем деп
2010 Эмин кандай күн көрөм?
Деп ошондо сабылып
Мына ошондо жанагы
Бар-бардигер Кудайга
Ошо кезде жалынып
2015 Эми байбиче түшүп убайга
Ошо кезде туруптур
Амалы кетип куруптур
Мына ошондо жанагы
Айылдагы жандарга
2020 Тың чыккан ушул балдарга
Атаңдын көрү дүнүйө
Көзгө атар ушул мергенге
Эчен деген келгенге
Мына ошондо эр Жакып
2025 Эми жолборс атып келсеңер
Каалаганың берем деп
Дегениңе көнөм деп
Мына ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
2030 Азыр түзүн түздөтүп
Мына ошондо жолборсту
Эми Жакып издетип
Издеткен экен момундай
Эчен жерди кыдыртып
2035 Эчен жерди сыдыртып
Баскан экен момундай
Эчен деген дабанды
Ашкан экен момундай
Эми ашып жүргөн кезинде
2040 Ошо кезде кыдыртып
Басып жүргөн кезинде
Как ошондо сураса
Атаңдын көрү дүнүйө
Мына ошондо жанагы
2045 Жолборс гана жолдон да табылбай уу
Акыл гана кетип да калды алдырап
Амал кетип жалдырап
Айласы гана жаман да түңүлгөн
Мына ошондо дүнүйө
2050 Ошо кезде жанагы
Жети мерген барыптыр
Жетөөң эми жабылып
Алтын Көлдүн жээгинен
Аярлуу тоонун белинен
2055 Ошо кезде сурасаң
Ошореки чоң ашуу
Чоң ашуунун өзүнөн
Жалгыз өтмө чубама
Как ошондо жанагы
2060 Текеликтин белинен
Как ошондо сураса
Текелүү кара белдеген
Ошо кезде береги
Кайберен басып эрдеген
2065 Ошо текелүүнү белинен
Мына ошондо жанагы
Шерди атып алыптыр
Шерди атып момундай
Алып келип калыптыр
2070 Шердин этин байбиче
Талап-булап жегени
Атаңдын көрү дүнүйө
Эми талгагы канды дегени
Анысына караса
2075 Эрен тууган бай Жакып
Жети жорго мингизди
Мына ошондо береги
Ошо кезде эр Жакып
Сый урматын билгизди
2080 Мына ошондо береги
Дилде чапан кийгизди
Тай туяктан жамбыдан
Жетеле жетип эриптир
Минтип сыйлап келиптир
2085 Ошо кезде сураса
Атаңдын көрү байбиче
Шердин этин жегенде
Мына ошондо сураса
Жети күнү болуптур
2090 Жети күнгө толуптур
Жети күнү болгондо
Атаңдын көрү дүнүйө
Мына ошондо жанагы
Баягы ак күлөлүү дубана
2095 Өзү кызыр эмеспи
Байбиченин ордого
Келген экен коргоого
Эми келип кеп айтат
Ой байбиче деп айтат
2100 Көк Теңирдин буйругу
Мына ошону береги
Ошо кезде асманга
Атаңдын көрү дүнүйө
Мына ошондо ылдам бат
2105 Эми түшүп келдим деп
Көк Теңирдин буйругу
Ошо кезде аткарып
Мына ошондо келдим деп
Атаңдын көрү дүнүйө
2110 Шердин этин жедиң деп
Мына ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Анысы жерден болду деп
Аныгың элден болду деп
2115 Эми Көктөн алгың деп
Аны менен талгагың
Такыр жоюп салгың деп
Ошо кезде береги
Шер этинен токсондун
2120 Өзүн атып келсе да
Андан эми канча артык
Будайыкты жанагы
Алп каракуш өтүнөн
Андан эми канча артык
2125 Атаңдын көрү дүнүйө
Жетүү башты ажыдаар
Ажыдаардын өзүөн
Как ошондо береги
Токсон тогуз артыкча
2130 Мына ошондо жаралган
Жараткандын бир өзү
Так ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Мына ошондо береги
2135 Туяш пилдин өзүнө
Токсонунун жүрөгү
Так ошондо алса да
Атаңдын көрү дүнүйө
Ажыдаар, жолборсту
2140 Мына ошондо береги
Тогуз чызым баарысын
Кырып эми салса да
Алдыңа келип берсе да
Андан эми канча артык
2145 Атаңдын көрү дүнүйө
Баарынан эми артыкча
Көк Теңирдин бир өзү
Жасап эми берди деп
Ак күлөлүү дубана
2150 Өзү кызыр өзүңө
Эми алып келди деп
Мына ошондо белгилеп
Баса айтып ырымдап
Азыркысын карасаң
2155 Атаңдын көрү дүнүйө
Кумбу десең ушуну
Эттей болуп дамданат
Этпи десең ушуну
Как ошондо береги
2160 Мына ошондо башкача
Даамы айран болуучу
Бир башкача момундай
Как ошондо толуучу
Атаңдын көрү дүнүйө
2165 Канбы десе жанагы
Бал шириндин өзүндөй
Бал ширин десе жанагы
Как ошондо береги
Тилге келбес даамы бар
2170 Атаңдын көрү дүнүйө
Бозоруп турган алы бар
Атаңдын көрү дүнүйө
Байбиче муну кабылан
Деп ошондо жанагы
2175 Байбичеге бергени
Байбиче эми жегени
Ошо кезде жанагы
Жеген эмес эгери
Тогуз күнү жатыптыр
2180 Уйкугу башы катыптыр
Атаңдын көрү дүнүйө
Он эки күнү болгондо
Араң эми байбиче
Ойгонгон экен уйкудан
2185 Ошо кезде жанагы
Мына ошондо байбиче
Тилге кирип алыптыр
Тил күргөлүү момундай
Дилге кирип алыптыр
2190 Ошо кезде байбиче
Талгагы эми каныптыр
Талгагы канып туруптур
Мына ошондо жанагы
Ай артынан күн өтүп
2195 Түн караңгы түн өтүп
Мына ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө
Өөдө болсо бүгүлүп
Ата кокуй байбиче
2200 Мына ошондо жанагы
Алып жашы төгүлүп
Атаңдын көрү дүнүйө
Боюндагы балага
Ыраазы болуп момундай
2205 Мына ошондо жанагы
Карабай эми санаган
Ата-баба арбакка
Басып-туруп турганда
Так ошондо сабылып
2210 Колдой көр деп жалынып
Жараткандын өзүнө
Мына ошондо береги
Агылып жашы төгүлүп
Ошо кезде жанагы
2215 Атаңдын көрү дүнүйө
Тогуз айга толуптур
Тогуз күнү болуптур
Толгоо кирип калыптыр
Курсагына байбиче
2220 Оңдоо кирип калыптыр
Ошо кезде жанагы
Кара Кытай чынмачын
Мына ошондо жанагы
Туюнуп калса бекер деп
2225 Атаңдын көрү дүнүйө
Туюп калса кокустан
Түбүнө эми жетээр деп
Ошо кезде жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө
2230 Кыргырынын баарына
Күнчилик жердин өзүнө
Тогуз кабат туш тушка
Катарлатып байбиче
Билип эми ккалганда
2235 Мына ошондо нетет деп
Ата кокуй түгөнгөн
Эми түккө жетет деп
Айылдагы балдарга
Ишеничтүү жандарда
2240 Как ошондо катарлап
Каргоолунан койдурду
Карылуу мынча болдурду
Атаңдын көрү дүнүйө
Алыстан эми Кытайлык
2245 Көрүнүп калса кокустан
Чаап айтып келгиле
Мына ошондо жанагы
Көчө конуп кетпесе
Так ошондо аларды
2250 Атаңдын көрү дүнүйө
Түбүнө түгөл жетпесин
Түгөл кырып кетпесин
Колдон тартып албасын
Козголоңду салбасын
2255 Деп ошондо жанагы
Ата аралы мындай койдурду
Мунусун мындай болдурду
Ошо кезде береги
Толгоо кирип калыптыр
2260 Таң агарып атканда
Тараза жылдыз батканда
Сурпа жылдыз суюлуп
Жерге жарык чачканда
Байбиченин жанагы
2265 Ооруган жери басылбай
Жумган көзү ачылбай
Козголгон сайын ыйынып
Мына ошондо жанагы
Туралбай тура жыгылып
2270 Атаңдын көрү дүнүйө
Долоно түбүн карманып
Жаратканга жалбарып
Табылгы түбүн карманып
Чын Кудайга жалбарып
2275 Атаңдын көрү дүнүйө
Ошо кезде береги
Өөдө болсо бүгүлүп
Мына ошондо жанагы
Шилбинин түбүн карманып
2280 Ошо кезде береги
Ата-бабаң арбакка
Так ошондо жанагы
Айланайын жараткан
Деп ошондо бүгүлүп
2285 Бүгүлүп жашы төгүлүп
Аман-эсен төрөсөм
Так ошондо болду деп
Мына ошондо береги
Басаң айтып белгилеп
2290 Ал ансайын эр Жакып
Асар башыл кой айтып
Ай туякка бээ айтып
Атаңдын көрү дүнүйө
Мына ошондо береги
2295 Төө баштаган төрт тогуз
Ошондо ырымын айтып турду эми уу
Ырымын мындай кылды эле
Ээ ошо кезде байбиче
Ал ансайын бүгүлүп
2300 Мына ошондо жанагы
Бала катуу чиресе
Белдемчин бүгүшү
Беш жеринен үзүлүп
Байбиче келди сүзүлүп
2305 Ээ умай эне улукман
Колдой көр деп улуктан
Ээ так ошондо сабылып
Жараткандын өзүнө
Оо жайдай басып багылып
2310 Атаңдын көрү дүнүйө
Ээ бөгүп жашы төгүлүп
Мына ошондо көрүнүп
Атаңдын көрү дүнүйө
Ал ансайын байбиче
2315 Ээ так ошондо жанагы
Атаңдын көрү чоң ордо
Чоң ордонун ичинде
Нелер бар, да нелер жок
Кара-Суунун үстүндө
2320 Нелер бар да, нелер жок
Ээ бөгүп жашы төгүлөт
Мына ошондо байбиче
Көздүн жашы көл болуп
Атаңдын көрү дүнүйө
2325 Ээ көл дарыя сел болуп
Атаңдын көрү курган жан
Ээ ата-баба да арбагы уу
Ушу катының эми төрөтүп
Бир ажалы дечи эле
2330 Ажалым жетип кетпесин
Ушу курган жаным өтпөсүн
Чымындай жаны чыркырап
Кайран энең буркурап
Ошо кезде жанагы
2335 Жыйырма-төрт катын жабылып
Как ошондо келиптир
Кол аягын алышып
Эми жардам бериптир
Ээ так ошондо жанагы
2340 Эки күнгө толгондо
Эси кетип байбиче
Үчүнчү күнү болгондо
Үшү кетти байбиче
Төртүнчү күнү болгондо
2345 Төрдөн кетти байбиче
Атаңдын көрү дүнүйө
Көргө жакын жетиптир
Көрөөр күнү бүл болуп
Умай эне, улукман
2350 Уялбай ичин оңдотуп
Кайра-кайра комдотуп
Атаңдын көрү дүнүйө
Ат бериштен ат арбак
Деп ошондо жабылып
2355 Энелердин арбагы
Ээ колдой көрө деп сабылып
Ошо кезде береги
Жан арбактын баарысы
Так ошондо чакырып
2360 Уулу тата бурукка
Эми колдой көргүн деп
Ээ бешиничи күнү болгондо
Ошо кезде береги
Ээ жел кайыптын баарысын
2365 Козгоп турган кези экен
Ээ кайран энең Чыйырды
Боздоп турган кези экен
Алты күнү болгондо
Бул ааламдын баарысын
2370 Оо мына ошондо жанагы
Байлап турган кези экен
Кайран энең Чыйырды
Так ошондо береги
Ээ үнүн баспай ботодой
2375 Сайрап турган кези экен
Ээ жети күнү болгондо
Ээ жер Эне, жел кайып
Жел кайыптын баарысы
Жетип турган кези экен
2380 Атаңдын көрү дүнүйө
Сегиз күнү болгондо
Ээ мына ошондо жанагы
Отуз жүз миң ааламда
Оо кайп пирдин баарысы
2385 Колдоп келип толгондо
Тогуз күнү болгондо
Тогуз кабат асманда
Эми уулу гана күчтөр да толгондо уу
Атаңдын көрү дүнүйө
2390 Ошо кезде береги
Ата кокуй дүнүйө
Он эки катын бир жакта
Он эки катын бир жакта
Оңдой көргүн Теңир деп
2395 Оо чоңдоп бергин эми деп
Ошо кезде сабылып
Кыл арканын тартышып
Ээ мына ошондо жанагы
Билген эми ырымын
2400 Балдырашып айтышып
Бүбү менен бакшысы
Жаман менен жакшысы
Жыйылып келди этине
Жарашып келди бетине
2405 Атаңдын көрү дүнүйө
Билген эми ырымын
Ошол кезде кылышты
Баарысы эми жабылып
Мына минтип турушту
2410 Булар минтип турганда
Атаңдын көрү дүнүйө
Амалы кетип турганда
Ошо кезде Кыргыз сурасаң уу
Эми Жакып кеп айтат
2415 Башка чукак жан элем
Ээ баланын үнү чыкканда
Эстен танып калбайын
Эстен тандың акем деп
Шылдың болуп албайын
2420 Деп ошондо эр Жакып
Айылдан алыс кетейин
Жылкыны көздөй жетейин
Бу жерге туруп нетейин?
Деп ошондо жанагы
2425 Кыл аркан керме шарбаты
Кырк кара боз быштыны
Кыдырата байлатып
Эркек болсо жанагы
Жылкыдан минип алыңар
2430 Талааны көздөй чабыңар
Талаадан мени табыңар
Эртерээк эми барганың
Сүйүнчүнү алыңар
Кыз болсо үйдө калыңар
2435 Эми кыймылдаба баарыңар уу
Атаңдын көрү дүнүйө
Деп ошондо нетиптир
Мына ошондо жанагы
Эми таланы көздөй кетиптир
2440 Азыркысын караса
Тогуз күнү толуптур
Туур күнү болуптур
Туур күнү болгондо
Ай кайын айтып жоюлуп
2445 Мына ошондо байбиче
Тар курсагы чоюлуп
Кара жерди чиренип
Чиреген жери жанагы
Аркан боюу аң болуп
2450 Көргөндөрдүн баарысы
Кадимкидей таң болуп
Колтугунан тарткын деп
Так ошондо жанагы
Эми бутун карма деп
2455 Атаңдын көрү дүнүйө
Азыркысын жанагы
Бар ырымын айткын деп
Баркырашып турушту
Суу челегин чачкын деп
2460 Так ошондо жанагы
Атаңдын көрү дүнүйө
Ырымы бар ырыстуу
Ээ ырымын мындай кылдырып
Атаңдын көрү дүнүйө
2465 Ээ так ошондо турду эле
Мына мындай кылды эле
Ал аңгыча караса
Атаңдын көрү дүнүйө
Ээ толгон кайып толгондо
2470 Толгоосу мынча болгондо
Умай эне, Улукман
Ошо кезде сурасаң
Уруксат болуп Улуктан
Эми жетип келиптир
2475 Оо жеткенде эми баланы
Мына ошондо жанагы
Чыккын деп эми жемелеп
Айтып эми салганы
Баланы эми чапкылап
2480 Так ошондо калганы
Мына ошондо жанагы
Жанбашына кол салды
Мына ошондо жанагы
Улуулукка жол салды
2485 Аны менен сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Ошо кезде береги
Умай эне колу деп
Ошо кезде жанагы
2490 Жанбашта тагы калыптыр
Ошо кезде бул бала
Мына ошондо жанагы
Чыгаарга жакын барыптыр
Барып туруп кеп айтат
2495 Ырысым кайда деп айтат
Анда туруп кеп айтат
Ырысың сенин элде деп
Ырысың эми жерде деп
Так ошондо береги
2500 Элим кайда деп айтат
Элиң эми бир өзү
Ушу Кыргыз деп айтат
Как ошондо сурасаң
Эртерээк эми баргын деп
2505 Энеңди эми кыйнабай
Эми чыгып алгын деп
Так ошондо жанагы
Урунттун колун сүздүрүп
Урунт жакка кеткин деп
2510 Эртерээк эми жеткин деп
Так ошондо неткени
Атаңдын көрү дүнүйө
Чаап айдап кеткеи
Чаап айдап алганда
2515 Как ошондо жанагы
Карынды катуу сүзгөнү
Эки колун толтура
Эми бала кан чеңгелдеп түшкөнү
Эми кан чеңгелдеп түшкөндө
2520 Мына ошондо баланын
Чочогу чыкты чормоюп
Так ошондо жанагы
Ушуну көрүп алганда
Байбиче кулап кетти сороюп
2525 Ал аңгыча караса
Аркасында баланын
Айдай кара жалы бар
Атаңдын көрү дүнүйө
Баркырап чыккан үнү бар
2530 Ажыдаардай сүрү бар
Атаңдын көрү дүнүйө
Оозун ачып карасаң
Эки чыккан азуу бар
Атаңдын көрү дүнүйө
2535 Оң бөлтөктүн астында
Алакан ачып карасаң
Ошондо Манас деген жазуу бар уу
Аш бышымдай туруптур
Манас деген жазуусу
2540 Так ошондо жок болду
Катындардын баарысы
Чуркурашып токтолду
Ал аңгыча караса
Атаңдын көрү дүнүйө
2545 Так ошондо неткени
Жандалбастап баарысы
Байбичеге жеткени
Байбичеге барыптыр
Марту басып кетти деп
2550 Эстен танып кетти деп
Как ошондо жанагы
Эс алдырып алыптыр
Азыркысын караса
Ырымын айтып баарысы
2555 Далбырашып калышты
Ал антишип турганда
Булар мындай кылгында
Ээ так ошондо турганда
Ырымын мындай кылганда
2560 Мына ошондо сурасаң
Атаңдын көрү дүнүйө
Байбиче эсин жыйганы
Эсин жыйып турганы
Кана эми бала деп
2565 Байбиче колун сунганы
Бала менен иши жок
Карап койгон киши жок
Бала жатат бул жерде
Азыркысын караса
2570 Эмгиче балаң албай деп
Как ошондо калганы
Балага жакын барганы
Атаңдын көрү дүнүйө
Алты катын жабылып
2575 Көтөрө албай калганы
Атаңдын көрү дүнүйө
Көзү тийип кетет деп
Мына ошондо береги
Азыр айтып этектеп
2580 Ошол кезде Бакдөөлөт
Этегине салганы
Ата кокуй дүнүйө
Баскан жерден момундай
Жерге буту кириптир
2585 Салмагы эми баланын
Касиетин билиптир
Ошо кезде баланы
Как ошондо караса
Атаңдын көрү дүнүйө
2590 Жан-жанында жайланып
Ажыдаар турат айланып
Мына ошондо жолборс
Атаңдын көрү дүнүйө
Ошо кезде сур жылан
2595 Мына ошондо береги
Азыркысын мар жылан
Ошолордун баарысы
Арыслан, жолборс, шери бар
Тегеректеп курчаган
2600 Мына ошондой жери бар
Аркасында кырк бөрү
Ээрчип жүргөн кези бар
Атаңдын көрү дүнүйө
Алп каракуш, зымырык
2605 Төбөдөн бутун салыптыр
Колдогону кырк чилтен
Кошо колдоп алыптыр
Жигиттин пири Шаймерден
Баланын эми башына
2610 Жакын келип алыптыр
Баталап эми калыптыр
Так ошону көргөндө
Атаңдын көрү дүнүйө
Мына ошондо байбиче
2615 Баланы эми алганы
Майдан алып келгин деп
Ырымын эми кылып жасады
Атаңдын көрү дүнүйө
Үч карындын майынан
2620 Эми үч салгандан ашат уу
Оорунан алыптыр
Оң эмчегин салыптыр
Мына ошондо береги
Үзө жаздап байбиче
2625 Өлө жаздап калыптыр
Адегенде уз чыкты
Андан кийин сүт чыкты
Андан кийин кан чыкты
Чыдай албай энеңден
2630 Так ошондо жан чыкты
Чыгарып алып эмчекти
Атаңдын көрү дүнүйө
Чегелмеш союп ошондо
Элге гана берди да жентектеп
2635 Ошо кезде береги
Ошо кезде баланы
Колдогону кырк-тогуз
Колтугунда чамынат
Жөлөгөнү кырк-тогуз
2640 Жайдай басып камынат
Баркырап бала ыйласа
Оозун тартып жыйнаса
Отуздагы кишидей
Оң бутун тартып алганы
2645 Так кырктагы кишидей
Колун тартып алганы
Атаңдын көрү дүнүйө
Мына ошондо баланын
Бар экенго салмагы
2650 Ата кокуй байбиче
Кете турган дарманы
Ошо кезде береги
Маңдайы жазы, башы кууш
Бар боюнда турат туш
2655 Корт-корт тумшук, кош кирпик
Көркү калча, көзү тик
Дагы аягы, жазы
Ээги узун, көзү курч
Эримин эми көрүнөт
2660 Алакан жазык, колу ачык
Шеримин өзү көрүнөт
Бир мүчөлүү адырек
Аттанып чыкса жол ачык
Алакан жазык, кол тачык
2665 Ошондо бар мүчөсү көрүнөт
Бил мүчөлүү чоң дене
Атаңдын көрү дүнүйө
Ушундай бала зор беле
Аркасында жалы бар
2670 Оң далынын астында
Алакандай калы бар
Эки чыккан азуу бар
Атаңдын көрү дүнүйө
Эми баланын жайын билип ал уу
2675 Жакындап жандар келе албай
Жакын келип көрө албай
Качкандан нары андан
Көп үнү чыкса баркырап
Акылынан аң-таңдап
2680 Эми шашкан жандар андан көп уу
Баланын гана жайы момундай мм
Оң бөлтөктүн астында
Манас деген жазуу бар
Атаңдын көрү дүнүйө
2685 Азыркысын билип ал
Ушуреки береги
Атаңдын көрү дүнүйө
Көргөндөрдүн баарысы
Акыл болду айрандап
2690 Атаңдын көрү таң болду
Мына ошондо топтолгон
Кыйла кыйын жан
Көргөн катын кеп айтат
Мына ошондо береги
2695 Көмүскө сөзүн эми айтат
Өткөндөн өчтү алар деп
Кеткенден кетти алар деп
Атаңдын көрү дүнүйө
Аккан жашын Кыргыздын
2700 Тыяр бала болоор деп
Чачылганда Кыргызды
Жыяр бала болоор деп
Топтолгондо Кыргызды
Толоор бала болоор деп
2705 Атаңдын көрү дүнүйө
Бары жогун билип
Эми болоор бала болоор деп уу
Эрен болоор, эр болоор
Эми телегейи тең болоор
2710 Аман бала чоңойсо
Эми шай колдогон шер болоор
Ааламда мындай жок болоор
Айбаттанып киргенде
Акпай гана дайра аа токтолоор
2715 Деп ошондо жанагы
Эми баарысын айтып турушту

American University of Central Asia
7/6 Aaly Tokombaev Street
Bishkek, Kyrgyz Republic 720060

Tel.: +996 (312) 915000 + Еxt.
Fax: +996 (312) 915 028