91鶹

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Окуу иштери вице-президент жөнүндө

Чынаркуль Рыскулова

Доктор Чынаркул Рыскулова 2023-жылдын сентябрь айында окуу иштери иштер боюнча вице-президент болуп дайындалган.

Д-р. Рыскулова АКШнын Огайо штатындагы Кент шаарында жайгашкан Кент Мамлекеттик Университетинен Жогорку билим берүүнү башкаруу боюнча PhD даражасын алган жана 1998-жылы БААУга кошулган. Ал БААУда бир катар кызматтарда иштеген: Англис тили боюнча ага окутуучу (1998-2007), Академиялык иштер боюнча вице-президенттин милдетин аткаруучу (2007-2008), Академиялык иштер боюнча декан (2007-2010), Жазуу жана академиялык ресурстар борборунун (ЖАРБ) координатору жана доцент (2010-2011, 2012-2014), Жалпы билим берүү программасынын тең-төрайымы жана доцент (2019-2021), жана 2021-жылдан баштап ушул күнгө чейин Жалпы билим берүү программасынын тең-төрайымы жана профессор болуп иштеп келет. Андан тышкары, ал акыркы окуу жылдары мурдагы президент Джонатан Бекер жана БААУнун окутуучулары жана кызматкерлери менен тыгыз иштешип, БААУда Жайкы Ыкчам Англис тили программасын ишке киргизген. Ал Биринчи жана Экинчи курс семинарларынан тышкаркы программаларга көзөмөл кылат, ошондой эле жалпы билим берүү программасынын окуу планын Мария Бернадетта Конд менен биргеликте пландаштырган, иштеп чыккан жана координациялаган.

Доктор Рыскулованын тажрыйбасы жана билими аны БААУнун академиялык иштерин жетектөө жана университеттин миссиясы менен негизги баалуулуктарын окутуучулар, кызматкерлер жана изилдөөчүлөр менен биргеликте жайылтуу үчүн уникалдуу квалификациянын ээси кылат. Анын академиялык жетишкендиктери, саясатты жүргүзүүдөгү жана окутуу программаларын иштеп чыгуудагы мол тажрыйбасы, Эл аралык белгилүүлүгү, башкаруучулук тажрыйбасы жана илимий билимдерге ээ болуусунун айкалышы анын VPAA кызматына идеалдуу талапкер болуусун камсыздайт. Мен БААУнун окутуучулук курамынын, окутуу программасынын жана академиялык чөйрөсүнүн күчөтүлүүсү үчүн Чынаркуль Рыскулова менен тыгыз кызматташууну чыдамсызыдык менен күтүүдөмүн”

Тимоти О'Коннор
БААУнун Президенти

Байланыш

Борбордук Азиядагы Америка университети
7/6 Аалы Токомбаев Көчөсү

Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Кеңсе: 115
Электрондук дареги: president_office@auca.kg

Тел.: +996 (312) 915000, кошумча: 109
Факс: +996 (312) 915 028

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028