91鶹

Абдыжапарова Айназик ЖРТ-2024түн Алтын сертификатынын ээси

Абдыжапарова Айназик ЖРТ-2024түн Алтын сертификатынын ээси

12&Բ;сентября&Բ;2024

Ош шаарынын тургуну, ЖРТ-2024түн Алтын сертификатынын ээси Абдыжапарова Айназик БААУга окууга тапшырууга карай басып өткөн жолу жана эмне себептен “Экономикалык туруктуулук жана климатология” факультетине тапшырганы тууралуу ой бөлүшөт.

– Алгач өзүңүздү таанышытырып, маалымат берип кетсеңиз.

–Менин аты-жөнүм - Абдыжапарова Айназик. Ош шаарында билим берүү мекемесин аяктагам. Быйыл ЖРТдан 229 упай чогултуп, БААУга окууга тапшырдым.

Эмне себептен дал БААУга окууга тапшырдым? Мени баарынан да америкалык билим берүү системасы өзүнө тартты, анткени ал жеке мага туура келет. Анын үстүнө менин экология факультетим дал ушул БААУда өнүгүү жолуна түшкөн.

– Сиздин тандооңузга Алтын сертификат кандай таасирин тийгизди?

–Баарын түп-тамырынан бери өзгөрттү. Менде “эгер алтын сертификатка жетсем, анда ал БААУ үчүн болот” деген ой бар эле.

– Айтсаңыз сиздин Багыт алуу программаңыз кандай өттү жана БААУ жөнүндө кандай жаңы нерселерди биле алдыңыз?

–Багыт алуу программасы - мыкты ойлоп табылган жана жакшы ишке ашырылган саамалык. Университеттин окуу процессине сүңгүп кирүүгө таңуулоо жолу менен жакшы жардам берет. Бул мага кандай жардам берди? Ал жакта атмосфераны жаратууну билишет. Сессиялардын учурунда таанышкан адабияттардын тизмесин өзүнчө белгилеп кетким келет - чыгармалар абдан мыкты тандалган. Болгондо да көп кездешүүчү эмес, ар кандай контексттери менен.

– Эмне себептен дал “Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультетине токтолдуңуз?

–Экология - бул мен өзүмдү келечекте көрө алган тармак, мейли 10 жылдан кийин болсун, мейли 20 жылдан кийин болсун. Бул темада жаңы маалыматтарды алууда чарчабастан, тескерисинче бул жаатта мүмкүн болгон бардык нерселерди иликтегим келет. Экология тармагында көптөгөн кесиптер бар жана колдон келсе мен алардын ар биринде иштемекчимин. Анан да БААУда экологиялык туруктуулук жана анын бөлүмдөрү активдүү өнүгүп, менин тандоомо бул да өз таасирин тийгизбей койгон жок.

– БААУдагы 4 жылдык билим алуудан эмнелерди күтүп жатасыз?

БААУ тартуулаган мүмкүнчүлүктөрдүн баарынан пайдаланмакчымын: clubs, student engagement, exchange programs, internships and two diplomas.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028