91鶹

“Толгон себет” арт-объектин демонтаждоо

“Толгон себет” арт-объектин демонтаждоо

16&Բ;сентября&Բ;2024

Бир жыл мурда БААУнун кире беришинде “Толгон себет” арт-объекти пайда болгон. Анын сүрөтчүсү Стивен Сигел өз эмгегин тигүү калдыктарын утилизациялоо көйгөйүнө жана аны чечүү жолдорун издөөгө арнаган.

Ачылышында инсталляция бузулуу коркунучусуз ачык мейкиндикте бир жыл сакталып тура алары айтылган. Эми минтип арадан бир жыл убакыт өтүп аны демонтаждоо чечими кабыл алынды. Өткөн аптада Бишкек санитардык полигонунун кызматкерлери арт-объектти талдап, утилизациялоо үчүн алып кетишти.

Белгилүү болгондой, инсталляциянын металл жана пластикалык негизи, тигүү калдыктары жана негизинин бетон плиталары жалпысынан 4 тонна салмакты түзгөн.

Тигүү калдыктары Бишкек санитардык полигонунун инсинираторунда утилизацияланган. Бул тигүү калдыктарын термикалык утилизациялоо үчүн атайын меш болуп, күйүү газдары кошумча тазаланып, абага зыяны тийбейт.

Бишкек санитардык полигону - “Жашыл БААУ” программасынын эски өнөктөшү, университет 2 жылдан бери аларга батарейкаларды тапшырып келет.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028