91鶹

Лилия Лулакова, ЖРТнын 224 упайынын ардактуу ээси

Лилия Лулакова, ЖРТнын 224 упайынын ардактуу ээси

17&Բ;сентября&Բ;2024

Чүй айылынын тургуну Лилия Лулакова быйыл В.Ф. Марков атындагы №1 орто мектепти аяктап, ЖРТда 224 упай чогулткан. Ага Алтын сенртификатка жетүү үчүн болгону 1 упай жетпей калган. Натыйжада Лилия БААУга окууга документтерин тапшырып, билим алуу үчүн 50% арзандатууга ээ болгон. Ал “Экономика” факультетине тапшырды.

– Алгач өзүңүздү тааныштырып, маалымат берип кетсеңиз.

– Саламатсыздарбы? Менин аты-жөнүм - Лилия Лулакова, 18 жаштамын, Токмоктон алыс эмес жайгашкан Чүй айылынын тургуну болом. Быйыл В.Ф. Марков атындагы №1 орто мектепти аяктап, өзгөчө үлгүдөгү аттестат алгам. Ал эми ЖРТда 224 упай чогулттум. Соңку мезгилде көп убактымды билим алуунун үстүндө өткөрдүм жана бул мага рахат тартуулады. Учурда мен акыл ишмердүүлүгүсүз жашоомду элестетет албайм. Окуудан тышкары мен китеп окууну жактырам, убактымды үй-бүлөм жана досторум менен өткөрөм жана YouTube`да өз блогумду алып барам.

– Эмне себептен дал БААУга окууга тапшырдыңыз?

– БААУ менин арзыгып күткөн кыялым болчу, анткени эс тарткандан бери медициналык окуу жайга тапшырууну ойлончумун. Быйыл жазында курбуларым менен “Brain ring” долбооруна катышып калдык. Анда менин эжем менен курбум байгелүү орундарга илиништи жана мен да бул окуу жайга тапшыруу тууралуу ойлоно баштадым. Бирок параллель түрдө медициналык окуу жайга окууга тапшырууга даярданууну уланттым. ЖРТнын алдында ата-энелерим менен кеңешип, БААУга окууга тапшыруу мен үчүн эң мыкты вариант болорун чечтик. Себеби бул жерде менде көптөгөн мүмкүнчүлүктөр жаралат.

– Сиздин тандооңузга ЖРТ кандай таасир этти?

– Университетте билим алуу кымбат бирок билим берүү сапаты ошол каражатка татыктуу экенин баары билишет. Менин башкы максатым билим алууга арзандатууга ээ болуу эле. Тилекке каршы Алтын сертификат үчүн мага 1 упай жетпей калды. Ошентсе да мен 50% арзандатууга ээ болдум жана бул үчүн абдан ыраазымын.

– Айтсаңыз сиздин Багыт алуу программаңыз кандай өттү жана БААУ жөнүндө кандай жаңы нерселерди биле алдыңыз?

– Багыт алуу апталыгы жана мен барган Accelerated English курсу мага университетте билим алууга даярданууга жардам берди, өзгөчө FYS курсуна. Ар кандай кеңселер менен бөлүмдөрдүн күнүмдүк сессиялары мага университеттин түзүмдөрүн түшүнүүгө жол ачты. Ошондой эле белгилеп кетчү нерсе, мунун баарын түшүнүүгө мага жогорку курстарда окуп жаткан досторум менен тааныштарым да салым кошушту. Албетте Studlife кеңсеси уюштурган иш-чаралар менен командалык мелдештер эсте калды.

– Эмне себептен дал “Экономика” факультетин тандадыңыз?

– Буга чейин айтып өткөндөй, БААУга окууга тапшыруу тууралуу мен жазында гана ойлонуп баштагам. Андыктан болушунча мага жакын багытты тандоого аракет кылдым. “Экономика” факультетине тапшырууну ата-энем кеңеш берди. Себеби бул тармакта билим алуу келечегим үчүн мыкты пайдубал болуп берет десем жаңылышпайм. Окуунун башталганына көп убакыт болбосо да, бул билимдер мага абдан зарыл экенин жана өтө кызыктуу болуп жатканын түшүнүп турам.

– БААУдагы 4 жылдык билим алуудан эмнелерди күтүп жатасыз?

– Университеттик максаттарымдын бири - асыл билимдерге толгон, ар кандай долбоорлор, алмашуу программалары, саякаттоолор, кызыктуу иш-чаралар жана унутулгус эскерүүлөрдөн турган каныккан студенттик жашоону башымдан өткөргүм келет. Мен бул университетте жашоомо пайдасы тие турган билим жана тажрыйбага ээ болорума ишенем. Дал ушундай ой-толгоолор, тагыраагын айтканда, ишенимдүү келечекке ээ болуу тилеги мени дал ушул окуу жайды тандоого жетеледи.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028