91鶹

БААУда мектептердин математкиа мугалимдери үчүн методикалык сабактар өткөрүлдү

БААУда мектептердин математкиа мугалимдери үчүн методикалык сабактар өткөрүлдү

19&Բ;сентября&Բ;2024

#китепкана#жаб#mathematics#math#library#CCE#ami

БААУда Бишкек шаарынын орто мектептеринин математика мугалимлери үчүн БААУнун Жарандык активдүүлу борбору, БААУнун Китепканасы жана “Колдонмо математика жана информатика” департаменти тарабынан уюуштурулган методикалык сабактар өткөрүлдү.

БААУнун ЖАБынын директору Нуржамал Карамолдоева маалымдагандай, мындай жолугушууларды окуу жылынын жүрүшүндө ай сайын өткөрүү пландаштырылган. “Бул демилге сиздер жана сиздердин ишиңиздер үчүн абдан пайдалуу болот деген үмүттөбүз. Биз “Колдонмо математика жана информатика” департаментинин жана профессор Сыргак Кыдыралиевдин биздин мектептерди өнүктүрүү боюнча демилгелерин колдоого даярбыз. Биздин окутуучулардын өз тажрыйбасы менен бөлүшүп жатканы кубандырбай койбойт”,- деп бегиледи аталган борбордун директору.

“Колдонмо математика жана информатика” департаментинин директору Сергей Скляр иш-чаранын катышуучулары менен жылуу учурашып, методикалык иштин маанилүүлүгүн белгиледи: “Сиздер окуучуларыңыздарды канчалык мыкты даярдасаңыздар, биз үчүн алар менен студент катары иштөө ошончолук жеңил болот”.

Сабактарды өткөрүү Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин колдоосусуз мүмкүн болмок эмес. Иш-чараны даярдоо жана өткөрүүгө департаменттин алдыңкы адиси Урумкан Тешебаева активдүү катышты.

БААУнун Китепканасынын директору Жылдыз Бекболаева мугалимдерге “Жогорку класстар үчүн БААУнун математикалык олимпиадаларынын маселелер жыйнагы” китебин пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн айтып берди. Китептин электрондук версиясы БААУнун репозитарийинде жеткиликтүү, анда ал ачык лицензия менен жайгаштырылган. Бул аны автордук укукту талап кылбастан туруп эркин пайдаланууга мүмкүн дегенди билдирет. Аны көчүрүү, көчүрмө жасоо, нускалоо жана жада калса жайылтууга мүмкүн. Китепке шилтеме: https://dspace.auca.kg/handle/123456789/2776.

Өткөрүлгөн сабактардын темасы - “Математиканы өнүктүрүү жөнүндө. Кыргызча ыкма”. БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин профессору мугалимдерге математиканын Борбордук Азияда орто кылымдарда өнүгүүсү тууралуу айтып берди.

Сабактардын негизги бөлүгү адатта квадраттык теңдемелердин жардамы менен чечүү мүмкүн болгон маселелерди эффективдүү чечүүгө жол ачкан ыкманы талдоого арналды.

Дал ушул жол ар кандай маселелерди чечүүнүн мисалдарында кенен талданды. Ал окуучуларды бир катар татаал материалды өздөштүрүүгө даярдоого жардам бермекчи. Алсак, квадраттык теңдемелерди чечүүнү.

Методикалык колдонмолорду даярдоодо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Анаркуль Урдалетова жана БААУнун улук окутуучусу Елена Буровалар активдүү катышышты.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028