91鶹

Чолпонкулов Байэл, ЖРТ-2024түн Алтын сертификатынын ээси

Чолпонкулов Байэл, ЖРТ-2024түн Алтын сертификатынын ээси

25&Բ;сентября&Բ;2024

ЖРТ-2024түн Алтын сертификатынын ээси Чолпонкулов Байэл бизге эмне себептен “Колдонмо математика жана информатика” факультетин тандагандыгы жөнүндө айтып, ошондой эле БААУнун Багыт алуу программасынан алган таасирлери менен бөлүштү.

– Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

– Саламатсыздарбы, менин атым - Байэл. Мен №61 мектептин бүтүрүүчүсү болом. Бош убактымда уктаганды жактырам. Бирок бош убактым дээрлик жок. Кызыгуулардан математика жана программалоону бөлүп көрсөтө алам.

– Эмне себептен дал БААУга окууга тапшырдыңыз?

– 6-классымда БААУда математика боюнча Олимпиада өткөнү эсимде. Мына ошондо мен бул жайды сүйүп калгам. Ошондон бери ушул жакта окууну самап келгем.

– Сиздин тандооңузга Алтын сертификат кандай таасир этти?

Алтын сертификат алуу жана БААУга окууга өтүү менин мурдатан ойлогон планым болчу. Эгер Алтын сертификат албасам, анда бул жакта отурбайт болчумун.

– Багыт алуу программасы кандай өттү жана БААУ тууралуу кандай жаңы маалыматтарга ээ болдуңуз?

– Бул абдан шайыр жана каныккан 2 апта болду. Албетте чакан стресске кабылдык десем аша чапкандык болбос, анткени көп жаңы маалыматтар, жаңы адамдар, тез көнүшүү зарылчылыгы жаралды. Бирок мунун баары алдын-ала күтүлгөн жана табигый көрүнүш болду. Багыт алуу апталыгы алдыда көптөгөн кызыктар күтүп жаткандыгынан кабар берди жана мен аларга даярмын.

– Эмне себептен “Колдонмо математика жана информатика” факультетин тандадыңыз?

– Мен программалык инженерия факультетине токтолдум, себеби ал менин кызыкчылыктарым менен күчтүү жактарыма төп келет. Негизи мага математика жана информатика абдан жагат жана бул тармакта чынында ачылып кетем деп ойлойм.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028