91鶹

БААУнун Youth Led Students Program (YLSP) алкагында Кыргызстандын ЖОЖдору жана мектептеринин арасында “Сортто 1.0” экоквести

БААУнун Youth Led Students Program (YLSP) алкагында Кыргызстандын ЖОЖдору жана мектептеринин арасында “Сортто 1.0” экоквести

27&Բ;сентября&Բ;2024

Бүткүл Кыргызстандын мектеп жана студенттик командаларын “Сортто 1.0” ЭКОКВЕСТИНЕ катышууга чакырабыз!

7-октябрь 2024 – 4-ноябрь 2024

Биздин квестке катышкыла - тапшырмаларды аткаргыла - биз менен бирге келечектин эң бир суроо-талапка ээ болгон кесипкөйлүк ыкмаларынын бири болгон экологиялык ой-жүгүртүүнү өнүктүргүлө, өз ЖОЖуңузда же мектебиңизде лидерлердин бири болуп, Кыргызстандын экология тармагында актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүгө жардам бериңиз!

Экоквесттин БАРДЫК катышуучулары:

  • Калдыктарды сабаттуу башкарууну жана ал ыкманы каалаган жайда (мектеп, ЖОЖ, үй, жумуш) колдонуунун үйрөнүшөт;
  • Белекке мини-гайд, эскертмелер, чек-баракчалар, кошумча адабияттарды жана көңүл ачуучу пайдалуу маалыматтарды алышат жана аларды андан-ары колдонуу укугуна ээ болушат;
  • Экоквесттин жүрүшүндө уюштуруучулар жана ыктыярчылардан кеп-кеңеш, жардам жана колдоо табышат;
  • Өз ЖОЖу же мектебинде пайдалуу өзгөрүүлөрдү киргизе алышат - калдыктарды бөлүп чогултуудан тарта экоадаттар менен креативдүү экоивенттерге чейин;
  • Өзүлөрүнүн лидерлик жана чыгармачыл сапаттарын өркүндөтүшөт;

Башка мектептер менен ЖОЖдордон жаңы досторду жана санаалаштарды табышат, командалык ишти өздөштүрүшөт.

Экоквесттин тандалып алынган катышуучуулары чакан окутуудан өтүшөт жана бир айга тапшырма алышат. Квесттин тапшырмаларын эң көп бөлүгүн аткарган, аларды аткарууга сапаттуу жана креативдүү жол тапкан командалар жеңүүчү аталышып, белектерге ээ болушат - долбоорду мектепте же ЖОЖдо өнүктүрүүгө грант, ошондой эле өзүндө “Жашыл клуб” түзүү мүмкүнчүлүгү.

Экоквесттин жеңүүчүлөрү - 3 мыкты команда:

Өз долбоорун мектепте/ЖОЖдо өнүктүрүү үчүн акчалай сыйлык алышат (2024-жылдын ноябрь айынан 2025-жылдын апрель айына чейин)

3-орун – 400 АКШ доллары

2-орун – 600 АКШ доллары

1-орун – 1000 АКШ доллары

Жеңүүчүлөр долбоорлорунун жыйынтыктарынын бет ачарын 2025-жылы апрелде БААУда өтчү 12R Fest жазгы экофестивалында жасашат.

Экоквесттин жыйынтыгында мектептер менен ЖОЖдордун ийгиликтүү кейстери/практикаларынын онлайн-жыйындысы даярдалат (БААУнун сайты жана социалдык түйүндөрүндөгү баракчаларына жайгаштырылат).

“Сорттоо оңой” экоквестинин уюштуруучулары: БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору, БААУнун Жашыл клубунун ыктыярчыларынын катышуусунда “Жашыл БААУ” программасы.

Кошумча маалымат алуу үчүн телефон: +996 555 11 55 40 (чалуулар жана W/A), Маргарита Лазуткина, “Жашыл БААУ” программасынын координатору, экоквесттин координатору

КОМАНДАНЫ КАТТОО бул .

Билдирмелерди тапшыруунун соңку мөөнөтү - 4-октябрь 2024-жыл

Билдирмелерди тандоонун жыйынтыгы 2024-жылдын 7-октябрында билинет.

Командаларга талаптар:

Команда кеминде 7 кишиден туруусу кажет (10дон ашып кетсе эч нерсе болбойт). Команданын лидери же катышуучусу бир мугалим/окутуучу же кызматкер боло алат. Бир мектеп, ЖОЖ же колледжден бир нече билдирме берүүгө тыюу салынбайт.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028