91鶹

БААУда “Борбордук Азия+” ректорлор клубунун отуруму

БААУда “Борбордук Азия+” ректорлор клубунун отуруму

30&Բ;сентября&Բ;2024

28-сентябрда Борбордук Азиядагы Америкалык унвиерситетинде “Борбордук Азия+” ректорлор клубунун “Өзгөрүүлөргө карай жол: заманбап академиялык чөйрөдө лидерликтин көйгөйлөрү” темасында отуруму болуп өттү.

Борбордук Азиянын ректорлорунун клубу Алматы Менеджмент Университетинин (AlmaU) президенти жана негиздөөчүсү Асылбек Кожахметовдун демилгеси менен өткөн жылы түзүлгөн. Бул кезеги боюнча төртүнчү отурум болуп, ага Борбордук Азиянын 21 окуу жайынан 50 өкүл катышты.

Клубдун катышуучулары менен БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жылуу учурашып, аталган иш-чаранын алкагында жигердүү кызматташуусу үчүн Алматы Менеджмент Университетиндеги кесиптештерине жана жеке Асылбек Кожахметовго, Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин жогорку билимди өнүктүрүү улуттук борборунун өкүлдөрүнө жана министрликтин өзүнө ыраачызылык билдирди. Өз сөзүндө Тимоти О'Коннор билим берүүдөгү лидерлик таптакыр башкача жол тутууну жана жоопкерчиликти талап кыларын белгиледи. Ушул сыяктуу жолугушуулар - Борбордук Азиядагы жогорку билим берүүнүн, анын ичинде лидерликтин маанилүү өнүгүү маселелерин талкуулоо үчүн мыкты аянт. “Ачык диалог жана кызматташуу аркылуу гана биз заманбап академиялык чөйрө кабылып жаткан жергиликтүү жана глобалдык чакырыктарды басып өтө алабыз”,- деди БААУнун президенти. Мындан тышкары ал өзгөчө көңүл бөлүүнү талап кылган 3 теманы сунуштады: студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн активдештирүү, ЖОЖдордун ортосундагы түйүндүк өз-ара аракеттенишүү жана билим берүүнү санариптештирүүнүн алкагында кызматташууну өнүктүрүү.

Өз сөзүнүн соңунда Тимоти О'Коннор дал ушул күнү туулган күнүн белгилеп жаткан Акерке Аблайханды өздүк майрамы менен кызуу куттуктады.

Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин жогорку жана ЖОЖдон кийинки билим берүү комитетинин төрагасынын орун-басары Акерке Аблайхандын чыгуусу аймактын ЖОЖдорунун интеграциясы жана колоборациясына, анын ичинде борбордук азиялык билим берүү мейкиндигин түзүү үчүн практикалык максаттарга жетүүгө арналды. Мисалы университеттердин альянсын жана студенттик уюмдардын альянсын түзүү.

AlmaU`нун президенти жана негиздөөчүсү Асылбек Кожахметов өз сөзүндө эң негизгиси сын айтуу эмес, а сунуш айтуу экенин жана эгер сунуш айтсаң, анда аны жасоо керек экендигин баса белгиледи. Эгер өзгөрүүлөр тууралуу кеп кылсак, анда алар формасы жагынан эмес, өзөгү жагынан болуусу керек. Алсак, эгер жаңы кампус курулса, анда жаңы мамилелер, жаңы курам жана жаңы атмосфера болуусу зарыл. Аймактын ЖОЖдору үчүн атаандашуудан кооперацияга өтүү маанилүү. Болон системасындагыдай билим берүү системасында көчүрүү ыкмасын карманбай, өз жолуңду тандоо абзел. Балким евразиялык же түрк. Билим берүүдөн жарандык коомду өнүктүрүүгө.

Болон процессинин Байкоочу тобунун (BFUG) төрагасынын орун-басары Энн Кетрин Айзэкстин бет ачары Борбордук Азиянын өлкөлөрүндө Болон системасын ишке ашыруу, маселелелери, жетишкендиктер жана көйгөйлөргө арналды.

Хайфа университетинин (Израиль) билим берүү факультетинин ассоциацияланган профессору Мария Юдкевич чыгып сүйлөп, анын “Академиялык ашып түшүүнүн демилгелери” бет ачары билимдин сапатынын маселелерине, учурдагы тажрыйбадан кандай сабактарды алуу мүмкүн экендигине арналды. Бир катар мамлекеттер - Кытай, Түштүк Корея, Германия жана башкалардын мисалында ал кантип мамлекеттик программалар, ар кандай рейтингдер жалпысынан билим берүү системасына жана анын ичинде ЖОЖдордун өнүгүүсүнө кандай өзгөртүүлөрдү киригзери жөнүндө айтып берди.

Андан соң панелдик талкуулар башталды. Алардын биринчиси “Борбордук Азиянын мамлекеттеринин жогорку билим берүү системаларын интеграциялоо аркылуу жергиликтүү кызматташууну бекемдөө” деп аталды. Ал Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин жогорку билимди өнүктүрүү улуттук борбору менен өнөктөштүктө даярдалды. Анын модератору аталган борбордун директору Алибек Мадибеков болду.

“Өзгөрүүлөр доорундагы жогорку билим берүү: Борбордук Азиянын университеттери үчүн стратегиялар” экинчи панелдик талкуулар ЖОЖдордун кызматташуусу, бизнес, мамлекеттик түзүмдөрдүн маселелерине арналды. Анын модераторлук кызматын БААУнун “Эркин искусстволор жана илимдер” факультетинин деканы Данияр Карабаев аркалады.

Панелдик талкуулардын ар бири кызыктуу пикир алмашууларды жаратып, спикерлерге көп сандаган суроолор узатылды. Клубдун катышуучулары ар кандай маселелерди козгошту.

Күндүн жыйынтыгында Compass College`дин окуу иштери боюнча директорунун орун-басары, Кыргызстандын креативдүү индустриялар паркынын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Айымжан Алмазбекова талкуу тренингин өткөрүүгө жетишти: “Борбордук Азиянын университеттери жана креативдүү индустриялар”.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028