91鶹

БААУда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү белгиленди

БААУда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү белгиленди

27&Բ;сентября&Բ;2024

##library

2024-жылдын 24- сентябрь күнү БААУда китепкана жана Жалпы билим берүү программасынын уюштуруусу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү белгиленди. Иш чаранын жүрүшүндө БААУнун Инновациялык колледжинин кыргыз тили боюнча ага окутуучусу Шамбаева Бурул Сыргабековнанын “Кыргыз макалдары” китебинин бет ачары тартууланды. Автор аталган китептин үстүнөн иштөө учурундагы кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү жана катышуучуларга кыргыз тилиндеги макалдардын маанисин оюн аркылуу жеткирип, кызыктуу белектерин тапшырды.

Китептин мазмуну жана сапаты катышуучулар тараптан жогору бааланды.
Китептин бет ачарын улай, АКШнын Кыргзстандагы элчилигинин өкүлү Туйтеева Нургыз “Китеп которуу программасына” катышуунун шарттары, мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди. Аталган долбоорго бир нече жолу катышып, кыргыз тилиндеги китептердин чыгышына салым кошуп келе жаткан котормочу Абдиева Бактынур дагы өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү.


Катышуучулар тараптан кызыктырган суроолор берилип, жаш муунга кыргыз тилиндеги китептердин чыгышына демөөрчү болуп келе жаткан АКШнын Кыргызстандагы Элчилигине терең ыраазычылык билдиришти.
Иш- чаранын сонунда, БААУнун студенттери тарабынан уюштурулган чакан концерт тартууланды. Жана ошондой эле кыргыз тили күнүнө карата социалдык тармакта уюштурулган көркөм окуу боюнча конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө кызыктуу белектер ыйгарылды. Аталган иш- чарага катышкан бардык конокторго ыраазычылык билдиребиз.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028