91鶹

Өнөктөш университеттер үчүн “Маалымат базаларында окумуштуунун профилин түзүү” семинары өткөрүлдү

Өнөктөш университеттер үчүн “Маалымат базаларында окумуштуунун профилин түзүү” семинары өткөрүлдү

2&Բ;октября&Բ;2024

#китепкана#библиотека#library

2024-жылдын 27- сентябрында БААУнун китепканасы өлкөнүн бардык аймактарындагы университеттердин 35тен ашык кызматкерлерине “Маалымат базаларында окумуштуунун профилин түзүү” аталышындагы онлайн тренинг өткөрдү. Китепканын директору Бекбалаева Жылдыз автордук профилди түзүү үчүн Google Scholar, ORCID, Scopus, Web of Science сыяктуу куралдарды колдонууну, ошондой эле авторлор илимий иштеринин көрүнүктүүлүгүн жакшыртуунун жолдору тууралуу кеңири айтып берди. Семинардын катышуучулары аталган платформаларды колдонуу жолдорун кызыгуу менен үйрөнүштү. Автордук профилди түзүүнүн жана сактоонун негиздерин түшүнүү, окумуштууларга эл аралык илимий чөйрөдө алардын көрүнүктүүлүгүн жогорулатууга, илимий иштеринин жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жана эмгектерине цитаталарды көбөйтүүгө жардам берет. Семинар университеттер аралык кызматташтыктын алкагында мугалимдер, изилдөөчүлөр жана аспиранттардын илимий маалымат базлары менен иштөөсүн жакшыртуу максатында уюштурулду.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028