91鶹

БААУнун президенти Тимоти О'Коннордун Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

БААУнун президенти Тимоти О'Коннордун Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

4&Բ;октября&Բ;2024

Урматтуу кесиптештер!

Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин атынан жана чын жүрөгүмдөн сиздерди Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Бул өзгөчө күн бизге сиздердин ар бириңиздерге терең ыраазычылык жана сый-урмат билдирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Сиздер талыкпаган эмгегиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр жана энтузиазмыңыздар менен биздин университеттин өнүгүүсүнө жана анын жогорку макамын кармап туруусуна күн сайын салым кошуп келесиздер. Сиздердин эмгек баа жеткис – дал сиздердин иш-аракеттериңиздердин негизинде Борбордук Азиядагы Америкалык университети билим берүү тармагында лидер болуу менен таланттуу, бийик максаттарды көздөгөн жана ой жүгүрткөн адамдардын жаңы муунун даярдап келет.

Биз үчүн бул майрам – сиздердин ар бириңиздер катышкан жамааттык иштин маанилүүлүгүн эске салуу. Биздин окутуучулар дүйнөлүк стандарттарга жооп берип гана тим болбостон, ошондой эле сын көз-карашта ойлонууну жана чыгармачыл жол тутууну өнүктүргөн билим берүү программаларын жаратышат. Сиздердин лекция, семинар жана изилдөөлөрүңүздөр студенттерди жаңы билимдерди, глобалдык жана жергиликтүү чакырыктарды чечүү жолдорун издөөгө шыктандырат. Сиздер келечектин лидерлерин калыптандырасыздар. Алар университеттин уясынан учкан соң үй-бүлөлөрү менен кесипкөйлүк коомчулуктарына гана эмес, жалпы Кыргыз Республикасына пайда алып келишет.

Мен окутуучулук курамдын гана эмес, университеттин жогорку деңгээлде кызмат кылуусун камсыздаган кызматкерлердин да эмгегин белгилеп кетким келет. Сиздердин жумуш – бул биздин билим берүү программалар, долбоорлор жана демилгелердин ийгилиги курулган пайдубал. Сиздердин деталдарга көңүл бурууңуздар, процесстерди колдооңуздар жана университеттин жашоосунун ар бир апсектине болгон камкордугуңуздар биздин коомдун бардык мүчөлөрүнө ыңгайлуу жана жигердүү чөйрөнү түзөт.

Биз үчүн биздин университеттин жогорку класстагы кесипкөйлөрдү тарбиялоо менен чектелбестен, Кыргыз Республикасынын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жаткандыгын аңдап-сезүү өзгөчө маанилүү.

Биздин бүтүрүүчүлөр – биздин гана эмес, ошондой эле бүткүл өлкөнүн сыймыгы. Алар бизнес, мамлекеттик башкаруу, жарандык сектор жана башка көптөгөн тармактарда абройлуу кызматтарды ээлеп, суверенитеттин бекемделиши жана улуттук кызыкчылыктарды алга жылдырууга активдүү түрдө көмөктөшүп келет. Дал сиздердин эмгегиңиздер алардын жоопкерчиликтүү жаран жана лидер болуусу үчүн зарыл болгон ыкмаларды, билимдерди жана баалуулуктарды алуусун камсыздайт.

Мен сиздерге биздин университеттин ийгилигинин негизин түзгөн талыкпаган эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Сиздердин студенттердин өнүгүүсү жана университеттин иштөөсүнүн жогорку стандарттарын кармап туруусуна кошкон салымыңыздар ар бирибиз үчүн маанилүү жана баалуу.

Сиздерге чың ден-соолук, түгөнгүс шыктануу, жаңы кесипкөйлүк жетишкендиктерди жана жеке жакшылыктарды каалайм. Ак эмгегиңиздер сиздерге кубаныч жана сыймык алып келсин, ал эми биздин биргелешкен иш-аракеттерибиз студенттердин, университеттин жана Кыргыз Республикасынын жыргалчылыгы үчүн кызмат кылууну уланта берсин.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028