12&Բ;декабря&Բ;2024
Биз баарыбыз кампуста атайын таякчанын жардамы менен баскан көзү азиз адамдарды жолуктуруп жүрөбүз. Аларга кезигип калган учурда адатта өзүбүздү кандай алып жүрүүнү билбей калабыз: жардам колун сунуу же тескерисинче эч нерсе болбогондой түр көрсөтүү. Ноябрдын башында Кыргызстандын Көзү азиздер федерациясы БААУнун Жарандык активдүүлүк борборунун колдоосу менен университетте иш-чара уюштуруп, анын жүрүшүндө көзү азиз адамдардын жашоо-турмушу, кайдан мотивация алуусу, кандай ийгиликтерге жетишкендиги, күнүмдүк турмуш-тиричиликте кандай кыйынчылыктарга кабылуусу жана аларга башкалардан жардам керектелеби же жокпу, мына ушулар тууралуу билип алуу мүмкүнчүлүгү жаралды.
Кыргыз көзү азиздер федерациясы БААУнун бүтүрүүчүсү, спортчу айым жана активист Гульназ Жузбаева тарабынан түптөлгөн. Аталган федерация көрүүсү бузулган адамдарды бириктирүү менен аларга коомдо көнүшүүгө жана өз алдынча болууга ар тараптан көмөктөшүп келет. Иш-чаранын башында Гульназ катышуучуларды жылуу тосуп алып, “Биз силер менен жасаган иштерибиз тууралуу бөлүшкүбүз жана жашообуз жөнүндө айтып бергибиз келет”,- деп билдирди.
Андан соң ал сөз кезегин паратриатлон боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери Жалалдин Абдувалиевге берди.
Жалалдин өз чыгуусун суроо узатуу менен баштады: “Көзү азиз адамга жолугуп калганда эмне кылуу керек?”. Чогулгандардын баары учурашуу, жардам керекпи деп кызыгуу сыяктуу жоопторду айтканы менен кадимки жашоодо башкача болуп калуусу мүмкүн. Кээде көзү азиз адамдын каалоосу менен эсептешпестен туруп дароо жардам бергибиз келет. Бир чети бул биздин жарандардын жардам колун сунууга дайым даяр экендигинен кабар берсе, экинчи жагынан көзү азиз адамдын колунан эч нерсе келбейт жана ал жардамга муктаж дегенди билдирет. Чынында бул туура эмес. Эгер сиз колунда таягы бар адамды көрүп калсаңыз, анда ал өз алдынча бир нерсе жасай албайт, ага жардам берүү керек деп ойлоо туура эмес. Эгер сиз жардам бергиңиз келсе, анда алгач учурашуу жана андан соң жардам керекпи деп суроо узатуу кажет. “Бул нерсе көзү азиз адамдын өзүн коомдун толук кандуу мүчөсү катары сезүүсүнө өбөлгө болот”,- деп белгиледи Жалалдин мырза. Ошондой эле ал таякты кантип колдонуусу, анын жардамы менен кантип басуусу жана кандай учурларда жардам керектелери жөнүндө айтып берди. Мисалы, аялдамаларда жардам керектелет, анткени көзү азиз адамдар керектүү номурдагы автобусту дайым эле так аныктай алышпайт.
“Жаңыча жашоону башта” бет ачарынын алкагында Гульназ Көзү азиздер федерациясы эмне менен алектенүүсү, көзү азиздердин көнүшүүсү, алардын жашоосу кантип уюштурулгандыгы тууралуу айтып берди. Ал көрүүсү начар адамдардын үй-бүлөлөрү кабылган көйгөйлөр жөнүндө маалымат берди. Өзгөчө өлкөбүздүн аймактарында. Ата-энелер көбүнчө балдарынын курчап турган аалам менен баарлашуусун чектеп коюшат, кээде атайын мектептердин бар экендиги таптакыр билишпейт. Натыйжада мындай балдар бой жеткенде окуганды жана санаганды билбей, үйдөн сыртка чыкканда кыйынчылыктарга кабылышат.
Федерациянын милдеттеринин бири - мына ушундай адамдарга көз карандысыз жашоонун ыкмаларын өздөштүрүүгө, кызыгуу чөйрөсүн кеңейтүүгө жана жаңы досторду табууга жардам берүү.
6 айга созулган курстун алкагында Брайлдын шрифтинин жардамы менен окуу жана жазуу, таякты колдонуу, тамак жасоо, гаджеттерди пайдалануу үйрөтүлөт. Курсту аяктагандан кийин көзү азиздер шаарда өз алдынча жүрүп, активдүү болуу менен коомдун толук кандуу мүчөсү боло алышат. Мындан тышкары федерация жумуш табууга да жардам берет. Көзү азиз адамдар колл-борборлордо, ресторандар менен кафелерде, банктарда иштеп келишет.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда көзү азиз адамдар чет тилдерин үйрөнүшөт, саякатташат, кулинардык сынактарды уюштурушат, спорт менен алектенишет жана Эл аралык мелдештерге катышышп келишет. Өткөн жайда көзү азиз адамдар Кыргызстандын намысын Парижде өткөн Паралимпиадалык оюндарда коргоп келишти.
Иш-чара интерактивдүү бөлүк менен аяктады. Анда катышуучулар тийүү жана кармап көрүү жолу менен Брайлдын шрифти менен жазууну, мөмө-жемиштерди тазалоону, дан азыктарын айырмалоону жасап көрүштү.