91鶹

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - БААУнун чет өлкөдө окуу программасы

БААУнун ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ОКУУ ПРОГРАММАСЫ

Борбордук Азиядагы алдыңкы окуу жайлардын бири катарында БААУ АКШда, Европада жана Азияда жайгашкан бир катар престиждүү университеттер менен кызматташтыкты сактайт. Мындай кызматташтык AUCA студенттерине жаңы маданиятка аралашууга, жаңы тил үйрөнүүгө жана башка университеттерде студенттик турмушту тажрыйбалай алууга мүмкүнчүлүк берет.

Бард колледжи менен өнөктөштүгүбүз ар бир семестрде алты студенттин АКШга барып окуусуна шарт түзөт. Мындан тышкары, БААУнун студенттери дүйнө жүзү боюнча өнөктөш университеттерде үзгүлтүксүз билим алышат.

Кабыл алуу:

Академиялык жетишкендиктери жогору болгон экинчи жана үчүнчү курстун студенттери чет өлкөдө окуу программасына катышууга укуктуу. Ар бир семестрде БААУ студенттерди алмашуу программасына катышууга көрсөтөт. Кызыкдар студенттер номинацияга каралышы үчүн Эл аралык студенттер кеңсесине төмөнкү документтерди тапшыруусу керек:

- Максаттары тууралуу билдирүү

- Резюме

- Эки окутуучудан сунуш кат (онлайн түрдө)

- Транскрипт

- Окуу планы

Тапшырылган арыздар каралып бүткөндөн кийин, тандалган студенттер ар бир семестрге белгилүү бир алмашуу программасына көрсөтүлөт. Кээ бир алмашуу программалары ар бир семестрде же жыл сайын бир гана студентти тандашат.

Толук убакытта окуган бардык бакалавр студенттери алмашуу программасына катышууга арыз берүүгө укуктуу, эгерде:

  • БААУда бакалавр даражасын алуу үчүн кеминде бир жыл толук убакытта окуган олушу керек.
  • Төртүнчү курсунда кабыл алуучу окуу жайда окууну баштабашы керек.
  • БААУда "активдүү" студент статусунда болушу керек.
  • Орточо баа көрсөткүчү 2.5тен кем эмес болушу керек (сураныч, эскертмени караңыз).
  • Студент кайсы окуу жайга тапшырып жаткан болсо, ошол өнөктөш окуу жай тарабынан коюлган өзгөчө талаптарды аткаруусу керек.
  • Арыз тапшыруу учурунда БААУ жана анын өнөктөш окуу жайлары тарабынан уюштурулган башка бакалавр алмашуу программасына көрсөтүлгөн эмес болуусу керек.
  • БААУ жана анын өнөктөш окуу жайлары тарабынан уюштурулган Бакалавр студенттик алмашуу программасына буга чейин бир жолудан ашык катышпаган болушу керек.
  • БААУнун өнөктөш окуу жайларынын биринде Бакалавр студенттик алмашуу семестрин өткөрүү боюнча номинацияны буга чейин четке какпаган болушу керек.
  • Финансылык бөлүмгө, Китепканага же башка БААУ офистерине же факультеттик бөлүмдөргө карызы болбошу керек.
  • БААУнун академиялык жана академиялык эмес студенттик жүрүм-турум кодексин бузбаган болушу керек.

Кээ бир БААУнун өнөктөш окуу жайлары жогорку орточо бааны (GPA) талап кылышы мүмкүн. Катышуу укугу ар бир өнөктөш окуу жайдын белгилеген минималдуу орточо баа талаптарына жараша болот. Студенттер алмашуу программасын координациялоочу тиешелүү БААУ кеңсесинен өзгөчө программага болгон минималдуу орточо баа талаптарын текшериши керек.

Толук саясатты караңыз.

Окуу акысы жана төлөмдөр:

Алмашуу программасына катышып жатканда студент өзүнүн окуу жайындагы (БААУдагы) окуу акысын төлөөгө милдеттүү. Студент башка чыгымдар үчүн жооп берет, мисалы: жатакана жана тамак-аш, камсыздандыруу, виза жана жол кире чыгымдары ж.б.

Кредиттерди өткөрүү:

Адатта, чет өлкөдө алынган кредиттер «Жалпы кредиттер» же «Тандалма сабактар» катары өткөрүлөт. Кредиттерди өз адистигиңизге кошуу үчүн адегенде академиялык кеңешчиңиз жана бөлүм башчыңыз менен кеңешүүңүз керек. БААУ сиздин кредиттериңизди "C" же андан жогору баа алганыңызда гана карайт. Чет өлкөдө окуган бааларыңыз БААУдагы орточо баага кошулбайт.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028